Накыл кептер

 

Мамбеталынын айткандары

Кеп казына

Карылардан насаат

* * *
Коомдун ар тармагындагы атактуу адамдарга береги накыл кептерди собол иретинде узатып, чечмелеп берүүсү менен ортого таштатып отурабыз. Анүстүнө азыр сөздүн куну жоголуп, жайдак сымал жашоодо калгандайбыз. Бир чети эрмек эмеспи.

“Шыпырынды менен күлдү кошо чыгарба”
Майрамкан Абылкасымова, акын:
-Илгертен кыргыз баласы боз үйдө жашап, ашканасы жана очогу бир жерде болгон. Ошол эле жерде тамактанышкан. Энеси кызына таалим-тарбия берүүдө адал менен арамды ажыратуу маанисинде үйдү кылдат шыпыртып, шыпырындыны бут баспаган жерге төктүргөн. Себеби, ал жерде нандын күкүмү, эт, кесме калдыктары болушу мүмкүн. Андыктан, тамак-аштын калдыктарын бут алдына тебелетпей, канатууларга жем болсун маанисинде. Ал эми очоктон чыккан күлдү болсо обочого төгө берген.

 

“Алдыңа аш келсе атаңдын кунун кеч”
Сүйүнбай Эралиев, акын:
-Кептин нугу акыркы сөздө. Кечиримдүү бол маанисинде жатат. Өлгөн адам кайрылып келбейт. Доолошо бергенден майнап чыкпайт. Андан көрө эл-журттун бүтүндүгүн ойлойлу. Бөтөн жерден бири-бирибизден өч алуу нугуна түшүп, кырылыша бергенибиз тукум курутка алып барат. Андыктан, атаңды өлтүргөн адамдар алдыңа келип, “кундан кеч” ниетин жасаса, кечиримдүү болуп, кепке келип, ымалага баруу керек. Айкөлдүк таризде.

 

“Жер таянып отурба”
Тайтөрө Батыркулов, фольклор таануучу:
-Чала өлүк адамдар болот. Ошолорго ишенбе дегени. Бул каймана мааниси. Кыргызда ушуга окшогон сөздөр көп болгон. Жашоо философиясына тиешелүү айтылган сөз. Чала өлүк адамдар деп чечкиндүү эмес, “өлүү болуп көрдө, тирүү болуп жерде жок” адамдар кирет. Маанилүү иш тапшырсаң, өтөсүнө жеткире аткара албагандарды айткан. Ошондуктан биздин ата-апаларыбыз “жер таянып отурба” дешип, чала өлүк адам болуп калбаса экен деп тиленишкен.

 

“Наристенин кийимин түнкүсүн сыртка калтырба”
Кеңеш Курманалтева, актриса:
-Байыркы кыргыз эли теңирчиликти тутунган эл эмеспи. Жашоо маңызында кээ бир эрежелерди бөркүндөй көрүп, атадан балага, энеден кызга осуяттар өтүп келген. Кечкисин кир жууп, түнгө калтырчу эмес. Ушуга катар “наристенин кийимин түнкүсүн сыртка калтырба, чүрпөлүү болбой каласың, наристең эр жетип чоңойбойт. Эл керегине жарабай калат” маанисинде айтылса керек. Түн деп түнөрбөй, күндөй жаркыраганга не жетсин?

 

“Баланын таманынан өппөйт”
Гүлсүн Мамашева, ырчы:
-Эне катары бул сөздү биздин апалардан уккам. Наристе төрөлгөндө, жакындар үстүнө үйрүлө калып, көрүнгөн жеринен чопулдатып өпкүлөй беришет. Эркелетип, ичтери күйүп-бышып, ошондо апалар: “таманынан өппөгүлө, бала кежир болуп калат. Тилиңди албай, терс аяк чоңоет, жолу ачылбай калат” дешип. Бул ырым-жырымга тиешелүү нерсе го. Негизги себептери ушулар. Баскан жолу байсалдуу болбой, жашоодо өз ордун таппай калбасын деп.

 

“Досуңдун бычагы менен мүйүз кес”
Жамин Акималиев, академик:
-Мен дос дегенге ыйык мамиле кылам. Жөн жерден дос деп айта барбейм. Жашым 70тен өттү. Өмүрүмдө 4 гана адам менен жүрөк тандап дос болдум. Экөөсү мыкты чыкты. Мелис Турдалиев, Өмүрсадык Төлөгөнов. Бирөөсү райондун катчылыгына чейин барды, экинчиси мугалим, ырдап, комуз чертчү. Экөөнүн тең көзү өтүп кетти. Булар өмүрүнүн акырына чейин чыныгы достуктун бийик сересинде болушту. Сатып кетишпеди. Чыккынчылык кылышпады. Буларга 100% ишеним арттым. Үчүнчү дос күттүм. Атын айтпай эле коеюн, азыр тирүү. Жыйырма жылдан ашуун мамилелеш болуп, пайдаларыбыз тийди. Акыры мезгил көрсөттү. Жарма дос экенин. Сапатынан алдырып, азыр байланышпай калдык. Төртүнчү досум совет доорунда мамлекеттик киши эле. Алдыман кыя өтчү эмес. Шайымы кетирип, дос дегенге барганбыз. Өзүм кыйналып турсам дагы, бу кишиге эч нерсе аяган эмесмин. Чоң кызматка келгенден кийин каратып туруп, сатып жиберди. Астына барып, ушундай да кыласыңбы, сени Кудайга койдум деп каргадым. Бирок өкүнүп калдым, себеби, каргышым тийди окшойт. Муну айтканымдын төркүнү – досчулукта болуп атпайбы . Элдин баарын дос деп айта бербеш керек. Мүмкүн жолдош, курдаш, теңтуштур. Ошондуктан этият болуп, абайлаш керек. Дос деп ишенип алып, эртеңки күнү абийириңди аштай төгүп отурса… Чыныгы досту мен турмушта көрдүм, анын бычагы менен мүйүз тургай, тоону омкорсо болот.

 

“Мал короого даарат ушатпа”
Станбек Усупов, профессор:
-Байыртан биздин элибиз малды ыйык тутуп келген. Суу ичкен кудугуңа түкүрбө дегендей кеп. Кыргызда мал-жаның аманбы деп учурашат. Жаның-малың аманбы дегенди уккан эмесмин. Малды биринчи орунга коюп атпайбы. Демек, малыңды канча асырап, барктап алсаң, ал сага жөлөк-тирек болуп берет да. Төрт түлүк малың короодо котурап турса, материалдык жактан көз каранды эмес экениңди айгинелеп турат. Мал-жан киндиктеш келген. Анан короого ушаттың дегенче, өзүңдү-өзүң кадырлабаганың, сыйлабаганың деп эле түшүнүш керек.

 

“Аял киши эркектин алдынан кыя өтпөйт”
Бексултан Жакиев, драматург:
-Дегеле аял кишиге кыргыздар сыпайы, так мамиле жасаган. Аял өзүнүн жүрүм-турумун, адебин, кылык-жоругун билиш керек. Кээ бир мыкчыгерлер аялдарды кемсинтүү дешип, бөйрөктөн шыйрак чыгарып атса жаның кашаят экен. Атасынын башы. Бул сөздүн ыкы-чыкысын билбей туруп, нравалык жакка оодарып ийип атышпайбы. Андай эмес. Маселен, аял киши эркектердин астына түшүп алып, далактап кетип баратканын элестет. Кокустукка айла жок да. Ич көйнөгү чыгып калышы мүмкүн. Уят иш да. Бул бир эле чекеси. Ушунун баары абдан кыраакылык менен ойлонуп чыгарылган тартиптер. Азыр тең укуктуу болобуз деп аялдарды адыраңдатып алдык. Кыйкырып-өкүрөт. Биз бала кезде апалары балдарын үйдөн чыга калып кыйкырып, үнүн ачуу чыгарып чакырчу эмес. Аста гана бирөөнү жиберип, алдыртып алчу. Азыр аялдар балконго чыга калып, эшик алдында шахмат ойноп аткан күйөөсүн, “эй, сволуч, кир үйгө!” деп кыйкырып сала берет. Аны короодогулардын баары угат. Мына азыркы аялдар.

 

“Түшүң жаман болсо сууга жоорут”
Сатылган Осмонов, композитор:
-Кыргыз баласы көргөн түшүнө маани берип келген. Колунда барлары элди жыйып, көргөн түштөрүн жооруткан. Кооптуу түштөргө кан чыгарып, арбактарга куран окулуп дегендей. Ошону менен катар бир аз шарты келбегендер жаман түштөрүн өзөндөгү шар аккан суунун боюна отуруп алып айтышкан. Шар аккан суу, жаман түштү агартып, алып кетсин деген мааниде. Бир жолу мен да жаман түш көрүп, раматылык Жолон Мамытовго айтсам, ал киши “квартирадагы крандын суусун агызып, түшүңдү ошого карап айтып кой” дегени эсимде.

 

“Иттин бажасы көп”
Замир Карымшактегин, кыргыз тайган адиси:
-Канчык күүлөгөн учурда эки же үч ит менен кошулуп алардан тукум алганга үлгүрөт. Байкаган болсоңор, ит тууганда 6-7 күчүк тууп, алар ар башка өң-түстө болушат. Демек, аталары башка экенин тастыктап тургансыйт. Муну илимдин негизинде айгинелеп чыгышкан. Жаныбарлардын ичинен жалгыз уургачы ит гана ушундай мүмкүнчүлүктөргө ээ. Муну баамдаган эл жанакындай айтып келет. “Иттин кудасынан бажасы көп” деп.

Даярдаган Сурат Жылкычиев, «Учур» («Кыргыз гезиттер айылы), 20.11.2009-ж.

 

Сүйүү тууралуу

* * *
“Никелешүүгө чейинки сүйүү жубайлык сүйүү болуп улантылса, ал тоо ылдый күргүштөгөн өзөн суу мелмилдеген терең көлгө айлангандыгы сыяктуу”.
Чехиялык үй-бүлөлүк маселелер адиси М.Плзак

 

Тарбия тууралуу

* * *
“Балдарыбыз – келечегибиз. Туура тарбияласак – бактылуу карылыгыбыз. Жаман тарбияласак – шорубуз, көз жашыбыз, башка адамдар, өлкө алдында кечирилгиз күнөобүз”.
А.С.Макаренко

 

* * *
“Балдардын ачуусуна тийбегиле. Бала чагында урушуп көнсө, чоңойгондо киши өлтүрүүдөн кайтпайт”.
П.Буаст

 

* * *
“Үйрүлүп түшпөй, токтоолук менен тарбияланган балдар адептүү болот”.
Д.Дидро

 

* * *
“Кереметтин керемети – мыкты тарбия алган адам”.
Эпиктет

 

* * *
Тарбия берүү – улуу иш; ошол аркылуу адамдын келечек тагдыры чечилет”.
В.Белинский

 

* * *
“Тартиптин эң мыкты мектеби – үй-бүлө”
С.Смайлс

 

* * *
“Улуттун келечегиэнелердин колунда”
О.Бальзак

 

* * *
“Эркелетип тарбиялай албаган, коркутуп тарбиялай албайт”.
А.Чехов

 

Атуулдук, адамдык тууралуу

* * *
“Элине кызматы өткөн адам гана элине башкөз боло алат”.
В.Кузен

 

* * *
“Мамлекеттик ишмер чындыкты айтышы керек. Унчукпаганы – алдаганы”.
Сен Жан Перс (Алекси Леже)

 

* * *
“Чындык – чыныгы күч, аны митайымдар гана түшүнбөйт”.
Артура Граф

 

* * *
“Эң зыяндуу калп – бурмаланып айтылган чындык”
Георг Лихтенберг

 

* * *
“Жамандарды колдогондук – жакшыларды кордогондук”.
Публиций Сир

 

* * *
“Үч нерсе кайра келбейт: атылган ок, айтылган сөз, өткөн күн”.
Георг Даумер

 

* * *
“Акылын ишке ашыра алган – акылдуу”
Аристотель

 

* * *
“Бирөөлөр акыйкатты издеп жүрсө, дагы бирөөлөр акыйкаттан качып жүрөт”.
Бертольт Брехт

 

* * *
“Алы жок акыйкат – бечара, акыйкатсыз кара күч – зулумдук”.

Блез Паскаль

 

* * *
“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис

 

* * *
“Көп билген акылман эмес, билими элге керектүү адам – акылман”.
Эсхил

* * *
“Элге цивилизациядан акыйкат артык”.
Пьетро Колетта

 

* * *
“Жүздөгөн кой чогулуп, бир карышкырча жок”.
Иоганн Гёте

 

* * *
“Өзүнө өтө ыраазы адам – өтө таарынчаак келет”
Юзеф Крашевский

 

* * *
“Адамдар өмүрүнүн биринчи жарымын экинчи жарымын булдургөндөй жашашат”.
Жан Лабрюйер

 

* * *
“Тирүүлөр өлгөндөрдү үйрөтө албайт, өлгөндөр тирүүлордү үйрөтө алат”.
Франсуа Шатобриан

 

* * *
“Өзүңдөн пас адамга багынбастан,
Өмүр сүр, өзүңдөйгө жалынбастан”.
Омар Хайям

 

* * *
“Бирөөнүн бактысына суктанган адам эч качан бактылуу боло албайт”.
Сенека

 

* * *
“Башкага бакыт көздөгөн, бакытка өзү дуушар болот”.
Платон

 

* * *
“Башыңа бакыт конгондо жүгүнгөн адам, кырсык чалганда сени кыйып кетерин эсиңе ал”.
В.Шекспир

 

* * *
“Башка элди эзген калк, эч качан эркин боло албайт”.
Ф.Энгельс

 

* * *
“Кызыгып иштеген иш оорудан сактайт”.
В.Шекспир

 

* * *
“Өмүрүбүз кыска эмес, кыскарткан өзүбүз”.
Луций Сенека

 

* * *
“Адамды эки нерсе картайтпайт тез: бири – жакшы мүнөз, экинчиси – жакшы сөз”.
Ж.Баласагын

Чогулткан Кенжалы Сарымсаков

 

* * *
Атылган ок күчтүү эмес, таамай айтылган сөз күчтүү.

 

* * *
Чындык – чыныгы күч, аны митайымдар гана түшүнбөйт.

 

* * *
Оорду жеңбей жеңил жок, кыйынды көтөрбөй оңой жок.

 

* * *
Эң зыяндуу калп – бурмаланып айтылган чындык.

 

* * *
Жаманды колдогондук – жакшыны кордогондук.

 

* * *
Өзүңдөн пас адамга багынбастан,
Өмүр сүр, өзүңдөйгө жалынбастан.

 

* * *
Өз күчүнө сыйынган адам гана бактылуу боло алат.

 

* * *
Кайратыңды чыйралткан зыян да – пайдалуу.

 

* * *
Атылган ок, айтылган сөз, өткөн күн – кайрылып кайра келбейт. Эмгектен артык эм жок, кайраттан артык дем жок.

 

* * *
Мамлекеттик ишмер чындыкты айтышы керек. Унчукпаганы – алдаганы.

 

* * *
Тирүүлүктүн кадырын билүү керек. Жакшы карып, акырында өлө билүү да керек.

 

* * *
Жеңиштердин эң татаалы да, эң асылы да – өз кемчилигиңди жеңе билгендик.

 

* * *
Алы жок акыйкат – бечара, акыйкатсыз кара күч – зулумдук.

 

* * *
Бирөөгө жамандык тилегенден көрө, өзүңө амандык тиле.

 

* * *
Дүйнө – улуу жол, заман – соккон жел.

 

* * *
Карыялыкка жетип, анын касиетине жетпеген жаман.

 

* * *
Нускалуу карыя болбой, ыймандуу жаш болбойт.

 

* * *
Адамды эки нерсе картайтпайт тез: бири – жакшы мүнөз, экинчиси – жакшы сөз.

 

* * *
Ынтымак – мүрөк суусундай, чыр-чатак – жылан уусундай.

 

* * *
Жаман дос көлөкө сыяктуу, күн тийип турганда куусаң да кетпейт, күн бүркөктө издеп да таппайсың.

 

* * *
Айтылганга чейин сөз сенин кулуң, айтылган соң сен анын кулусуң.

 

* * *
Башыңа бакыт конгондо жүгүнгөн адам, кырсык чалганда сени кыйып кетерин эсиңе ал.

 

* * *
Манастай сырды жараткан элдин тереңи түпсүз.

 

* * *
Өзүнүн ким экендигин аңдап билбеген эл эртедир-кечтир тарых айдыңынан өчөт, өңү калып өзөгү соолуйт.

 

“Көк Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 23.02.2010-ж.

 

* * *
Даанышман алгы иш жасап жатып да анын ченин билет.
Ювен Ал

 

* * *
Карылыкты өз сын сыпаты менен татыктуу баштан кечирүү да чон эрдик.
М.М.Пришвин

 

* * *
Бакыт – бул дайым эле каалаганыңды ишке ашыруу эмес. Ишке ашырып жаткан нерсени каалап туруу – бактыңдын өзөгү болот.
Л.Н.Толстой

 

* * *
Ач коз адам байлыкка өз менчигиндей кам көрөт. Ошол эле убакта ал байлыкты бирөөнүкү сымал аз пайдаланат.
Бион

 

* * *
Убакыт достукту бекемдеп, сүйүүнү алсыратат.
Ж.Лабрюйер.

 

* * *
Кайгыга мөңкүрөп, жылчык таппай калган адам кубанычты да татыктуу көтөрө албайт.
Деметрий

 

* * *
Өзүнүн кедейлигинен көрө бирөөнүн байлыгынын күйүтүн тарткандар көп…
(Петроний)

 

* * *
Байдын кайрымдуулугун кедей эч качан соопчулук деп эсептебейт…
(Мусулман накылы)

 

* * *
Байлар байлыкты кууса, кедейлер байды кууйт.
(М.Жванецкий)

 

* * *
Кудай жакырларды сүйөт, бирок байларга жардам берет…
(Наполеон)

 

* * *
Кожоюндун көзү колуна караганда көп иш аткарат.
(Руми)

 

* * *
Мен байлардай болгум келбейт, бирок байлардай жашагым келет…
(Козубек Наматов)

 

* * *
Ийгилик демейде аны издегенге убактысы жок адамдарга келет.
(А. Линкольн)

 

* * *
Эгерде ийгиликти көбөйткүң келсе, анда каталарды да көбөйтүүгө туура келет.
(К.Маркс)

 

* * *
Дайыма жолдун эң татаалын тандагыла, анткени анда атаандаштар жок.
(Карл Маркс)

 

* * *
Өзүн башкара албаган адам элди башкарам деп ойлойт.
(Чынгызхан)

 

* * *
Муктаждыктары эң аз адамдан өткөн бай адам жок.
(Н.Бердяев)

 

* * *
Чоң убадалар ишенимди кичирейтет.
(Ф.Кастро)

 

* * *
Бизнесте бир гана шанс эч качан жоголбойт, аны сөзсүз атаандаш таап алат.
(Билл Гейтс)

 

* * *
Акчанын аздыгына наалыгандар бир жолу да акылынын аздыгына наалышпайт.
(Ф.Рузвельт)

 

* * *
Ишке берилип кеткен жиндини акылынан азган жиндиден да токтотуу кыйын.
(У.Черчилл)

 

* * *
Бизнесмендин жаны анын капчыгында же акча каткан сейфинде.
(В.Черномырдин)

 

* * *
Акчанын артынан куубай, алдынан тосуп чыгуу керек.
(Б.Клинтон)

 

* * *
Акча бакыт апкелбейт дешсе да муну ар ким өзү текшерип көргүсү келет.
(Л.Толстой)

 

* * *
Бай адам эл аны жакшы сапаттары үчүн жакшы көрөт деп ойлобой эле койсун.
(А. Навои)

 

* * *
Калпычы байлык таба баштаганда чынчыл чыгаша болот.
(Де Голь)

 

* * *
Байлыктан ач көздүк азайбайт.
(М.Ауэзов)

 

* * *
Жакырчылык менен сиңишип кеткен адамдан өткөн бай жок.
(Абай)

 

* * *
Бирөөнүн муктаждыгы бирөө үчүн бизнес.
(Козубек Наматов)

 

* * *
Акылдуу адамды тапкысы келген адамдын өзү акылдуу болуусу зарыл.

 

* * *
Эки адамдын күчү бирдей болсо, кимисинин оюу чындыкка жакын болсо, ошонусу күчтүү болот.

 

* * *
Билгендер сүйлөбөйт, сүйлөгөндөр билбейт.

 

* * *
Өзүңө каалабаган нерсени башка адамга да жасаба.

 

* * *
Көп сүйлөөчүлөр менен көп айтуучулардын айырмасы бар.

 

* * *
Ар бир адамда күндүн нуру бар, бирок, баары эле башкаларга жылуулук бере албайт.

 

* * *
Эч кимден үмүт кылбаган жана эч кимден коркпогон адам – эркин адам.

 

* * *
Атаңдын көзүнчө балаңды өппө, эркелетпе.

 

* * *
Атаң тирүү кезинде сакал-мурут койбо.

 

* * *
Атаң тирүү кезинде өзүңдү «ата» деп айттырба.

 

* * *
Саламдашпай туруп сөз баштаба.

 

* * *
Өзүңдөн улуу кишиге бөйрөк таянып жооп бербе.

 

* * *
Улууга акаарат айтпа, улуулардан сөз талашпа.

 

* * *
Капталдан качырып сөз сүйлөбө.

 

* * *
Карыптарга күлбө.

 

* * *
Бирөө менен урушсаң, аны «чочко» дебе.

 

* * *
Улуу адамдын жолун кесип өтпө.

 

* * *
Отурган ордуңду, конгон журтуңду тазалап кет.

 

* * *
Жарым жолдон артка кайтпа.

 

* * *
Малды теппе, томаяк болуп каласың («Мал боор эт менен тең»).

 

* * *
Итке суу чачпа, бети-башыңды сөөл басат.

 

* * *
Жакын адамыңа бычак тартуу кылба.

 

* * *
Ээн талаага түнөп калсаң, айланаңды бычак же маки менен чийип кой.

 

* * *
Чоң жолдо жаткан буюмду, жолдун четине коюп койсоң сооп табасың.

 

* * *
Эркек кишинин үстүнөн жана кийимдеринен аттаба.

 

* * *
Адамга бычак кесебе, шерти болот.

 

* * *
Эшикти тээп ачпа.

 

* * *
Эшик түбүнөн жүгүнбө.

 

* * *
Келин алган тарапка баш (малдын) тартпа.

 

* * *
Келинди отко киргизгенде май жедир.

 

* * *
Адамды айланып чуркаба.

 

* * *
Эки кишинин ортосунан өтпө.

«Де-Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 23.08.2012-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Накыл кептер

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.