Турганбүбү Бообекова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “Галстуксуз” өткөрүлгөн иш-чараны сагынамын…”

2008-жылы Екатеринбургда “Коляда PLAYS” учурдун эл аралык драматургиясын камтыган театралдык фестиваль өткөрүлгөн. Таланттуу режиссёр Шамил Дыйканбаевдин аракети менен Кыргызстандан да чакан театр өнөрпоздор тобу аталган фестивалга катышууга жолдомо алышкан.

Шамил Дыйканбаев учурдун мыкты драматургу – Николай Коляданын “Машерочка менен Шерочка” аттуу пьесасын сахналаштырып, “Кымбатым” деген аталыш менен моноспектакль коюп, фестивалдан чоң кубаныч менен кайтып келген эле. Ошондо “Кымбатым” моноспектаклиндеги башкы кейипкер – Ада Сергеевнанын образын жеткилең жараткандыгы үчүн театр сүйүүчүлөрү өзгөчө баалап, жакшы көргөн актрисабыз Турганбүбү Бообекова “Аялдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн” номинациясына ээ болуп кайткан.

Турганбүбү эже, жакында Екатеринбургга чыгармачылык сапар менен барып кайттыңыз. Екатеринбургдун абасын жутуп, кең көчөлөрүндө сейилдеп, жан дүйнөңүз чыгармачылык эргүүгө толуп кайткандыр?..
Так эле ошондой болду. Екатеринбургга Кудайдын буйругу менен экинчи ирет барып келдим. Биринчи жолу театралдык фестивалга катышуу үчүн барганбыз.

Екатеринбург тарыхый, кооз шаар эмеспи. Өзүң айтмакчы, бул жолу да шаардын көркөмдүү көчөлөрүн аралап, кооз жерлерин көрүп, ырахат алып кайттым. Баргандагы максатым тил боюнча өткөрүлгөн конференцияга катышуу эле.

Бир катар мамлекеттерден жана Россиянын чоң-чоң шаарларынан театр ишмерлери конференцияга келип катышып, ортодо тажрыйба алмашуулар болду. Конференция Екатеринбургдагы театралдык институтунун сахнадагы тил кафедрасынын жетекчилигинин астында өткөрүлдү.

Анда театралдык институттардын окутуучуларынын тилди өнүктүрүү боюнча меттоддору жана актёрдун сахнада сүйлөө чеберчилиги, башкача айтканда, сахнадагы тил маселеси каралды.

Актриса жана окутуучу катары конференцияда каралган темалар сизге жакын болгон тура?
Ооба. Екатеринбургда жыл сайын жок эле дегенде эки жолу тил боюнча конференция өткөрүлө тургандыгын айтышты. Иш-чаранын уюштуруучулары: “Сахнадагы тил сабагы орус элинин эне тилин туура сүйлөөнүн, өнүктүрүүнүн, туура багытта алып кетүүнүн бирден-бир жүгүн көтөргөн тармак” деп эсептешет экен. Алардын театр кызматкерлери эне тилин сактоого өзүлөрүн милдеткер сезишкенин бааладым. Тилдин аралашып кеткенине тынчсызданышып: “Орус тилин таза сактап кала алабызбы?” деген суроону козгоп жатышса, биз тил маселеси туурасында эки эселеп ойлонушубуз керектигин билип, аябай тынчсыздандым.

Айтмакчы, театр сферасындагы чыгаан инсан Николай Коляда менен кездеше алдыңызбы?
Екатеринбургга бараарым менен жатаканадан орун алып, кийимдеримди алмаштырдым да, Николай Колядага жолугууга камындым. Ал киши театралдык институтта сабак берээрин билчүмүн. Институтка жеткенимде, кечки саат 8.00 болуптур. Студенттерден сураштырып, Коляданы тез эле таап алдым. Бүтүндөй жашоосун театрга арнап койгон бул адам кеч киргенине карабай, студенттерге лекция окуп олтуруптур. Ал адегенде мени тааныган жок. “Саламатсызбы, Николай Владимирович?!” деп күлүмсүрөп, карап калдым. Ошондо гана: “Оо!” деп кубанычтан кыйкырып жиберди да, жетине албай, мени студенттерине тааныштырып кирди. Көңүлүмдү көтөргөн кездешүү болду. Чыгармачылыгыма кубат болчу баалуу сөздөрүн айтып олтурду орус эли суктанган таланттуу инсан.

Андан соң, бир күнү конференциянын катышуучулары Николай Владимировичтин театрына барып, спектакль көрүп кайттык. Ал жерден мени: “Такая великолепная, привосходная актриса! Союз убагы болгондо, Турганбүбү менин театрымда спектаклде ойномок. Бир гана өкүнүчүм, азыр ага мүмкүн эмес”” деп ошончо элдин алдында жылуу пикирлерин айтып жатты.

2008-жылы сиздер “Коляда PLAYS” театралдык фестивалына катышып, ийгилик менен кайткансыздар. Ошондогу ийгиликтин сыры эмнеде деп ойлойсуз? Дөө-шаа мамлекеттен барган театр өнөрпоздорун кантип багындыра алдыңыздар?
Ийгилик биздин чыгармачыл топтун туура топтолгондугунан улам жаралды деп ойлойм. Чакан топтун эмгеги эч кандай эсептешүү менен чектелбей, ар бири эңсеген, чыгармачылык ырахат алыш үчүн жасалган аракет болду. Биз бири-бирибизге ак ниет каалап, жакшылыгыбызды арттырдык десем жаңылбайм. Бир ой, бир максат бизди бириктирип турду. Таза тилек, таза ой бизди жеңишке жеткирди. Кызык жери, барган жерибиз да биздин ой-мүдөөбүзгө үндөшүп калды. Фестивалдын уюштуруучусу Николай Владимирович Коляда да акча менен дем албаган, чыгармачылык менен гана жашаган апенди чалыш, керемет адам экен. Ошондуктан, баардыгы адилет өттү. Биз ошондой калыстык болот, чыныгы чыгармачылык бааланат деп ойлогон эмеспиз.

Сиздерге ошондо Коляда өзү, театр сынчылары жана белгилүү акын Евгений Евтушенко да жылуу пикирде болгондугун уккан элек. Поэзиянын кайраткери сизге кандай таасир калтырды?
Евгений Евтушенко чыгаан жазуучубуз Чыңгыз Айтматов менен чыгармачылык деңгээлдери бирдей салмактагы инсандардан. Прозада Айтматов багынткан чокуну поэзияда Евтушенко багынтты десек жарашат. Булар өтө жакшы мамиледе экен. Чыңгыз Төрөкулович дүйнө салганда: “Мен өзүмдүн жарымымды жоготтум!” деп катуу мүңкүрөгөн эле уулу акын. Мындай сөз эң эле жакын делген адамга айтылат го. Бул бизге да эң күчтүү таасир берген сөз болду. Анан да Евгений Евтушенко биздин спектаклди тандап көргөндүгү биз үчүн сөз менен жеткире алгыс сыймык эле. Чыгармачыл адамдар ушундай көз ирмемдик бакыт үчүн жашайт эмеспизби.

Кайсы бир жолу “Николай Коляданын “галстуксуз” өткөргөн фестивалы” деп айткансыз. Ошол жөнүндө билгим келди эле?
(Күлүп…) Николай Владимирович уюштурган театралдык фестивалдын жабылышына карата маданият министринин орун басары келет. Баарыбыз майрамдык маанайдабыз. Н. Коляда өтө жөнөкөй адам болгондуктан, салтанаттуу кечени жасалгаланган, шөкөттөлүп, кооздолгон залга өткөргүсү келбей, ачык эле көчөгө уюштурган экен. Театр сүйүүчүлөрү үчүн эшик ачык эле. Ким көрүүчү, ким артист, билинбейт. Баары жөнөкөй, көңүлдүү… Өзүнчө жайыл дасторкон. Бир убакта микрофон жакка чыкыя кийинген, галстук тагынган баягы министрдин орун басары басып келди. Николай Коляда анын жанына барып, экөө сүйлөшүп калышты. Биз: “Фестивалды ушул киши сөз сүйлөп жабат экен” деп жарданып карап калдык. Бизде салтанатты баштаган да, аягына чыгарып, жыйынтыктаган да “галтукчандар” экенине көнгөнбүз го. Спектакль койсок да, фестиваль уюштурсак да биздики чоңдор үчүн болуп калат эмеспи.

Байкасак, орун басардан дайын жок. Анан эле Коляда чыгып айтып калды: “Сиздер мени кечирип коюңуздар. Атайын “ардактуу шаан-шөкөт” кылууну каалаган жокпуз. Министрдин орун басарын кетирип жибердим. Мен ага: “Эл катары жөнөкөй эле кийинип келиңиз” деп өтүнсөм, аны укпай, аземдүү кийинип келиптир. Андай “көркөмдүү көрүнүшү” менен ал биздин майрамдын көркүн бузуп жатат. Менин фестивалымда “галстукчандардын” кереги жок, алар артыкбаштык кылат. Галстук тагынган жерде сөзсүз жасалмалуулук орун алат. А сиздер үчүн баардыгы жөнөкөй, кайталангыс, ырахаттуу болушун каалаймын. Майрам сиздер менен башталып, сиздер менен соңуна чыгышы керек” дегенде олтургандар аябай ыраазы болгонбуз.

Сиздер койгон “Кымбатым” спектакли чындап эле кымбат болуп калды театр казынасы үчүн. Сиздердин профессионалдык ишмердүүлүгүңүздөр баалангандыгына кубанамын. Кейиштүүсү, башка элде бааланган эмгек өзүбүздө көмүскөдө калган эле…
Биздин чыгармачыл топ Екатеринбургдан эргип, жетине албай кайткан элек. Көп өтпөй Ысык-Көлдө театралдык фестиваль өткөрүлүп калды. Маданият министрлигинин сунушу менен биз да фестивалга катышып, Екатеринбургда ийгилик менен коюлган “Кымбатым” моноспектаклин коймой болдук.

Бизде чыгармачылыкка устукан бөлүштүргөндөй мамиле жасалаарын байкап эле жүрөбүз. Ошондуктан, анык таланттар дайым көмүскөдө калышат. Мында да баары тааныш-билиштери менен алдын-ала сүйлөшүп алгандай сезим калтырды… Биздин чыгармачылык топко жарыгы жок маданият үйү бөлүштүрүлүп калды. “Моноспектакль экен, бир киши ойногонго жарайт” деп коюшту. Бул кандай түшүнбөстүк?! Ошентип, туура эмес бөлүнгөн, шарты жок залда спектакль коё албадык. Аларга таарынып, кызыл чеке болгон да жокпуз. Биз өзүбүздү сыйлап, этиканы сактадык.

Ооба, убагында анча-мынча ызалануу болгондур… “Мындай кайдыгерликтин, баалабастыктын күбөсү болом” деп ойлобосом керек. Ойлосоң, мен 41 жыл театрда эмгектенип жүрүп, өз жеримден бааланбай, башка жерден бир эле жолу барып, болуп көрбөгөндөй бийиктикке чыктым. “Эгер мен аларда 41 жыл иштеген болсом кандай болот эле?” деген ойго келдим…

Кандай ой сизди алагды кылат?
Мен азыр бир гана нерсени ойлоп, сагынамын. Ал – Николай Владимирович Коляданын “галстуксуз” өткөргөн иш-чарасы. Бизде андай чыныгы чыгармачылык менен таза өткөрүлгөн иш-чаралардын жоктугуна кейиймин…

Нурзада ОСМОНОВА, «Пресс.kg» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 20.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.