Бакыт КАРАГУЛОВ, Төлөмүш Океев атындагы “Кыргыз фильм” кино студиясынын деректири, режиссер: “Мен Айтматовдун атын жамынып акча жасаган эмесмин”

Режиссер Бакыт Карагулов жазуучу, журналист Бекен Назаралиевдин аңгемесинин негизинде “Бешик” аттуу тасма тартты. Анда адамдын ачуу-таттуу тагдыры, турмуштун оош-кыйыштары ачык сүрөттөлөт. Жаңы тасманын өзөгү жана жалпы эле кино жаатындагы жаңылыктар тууралуу Бакыт Карагуловду кепке тарттык.

“Бешик” тасмасынын тагдыры кантип атат? Эл аралык кинофестивалдарга катыштырууну көздөп атсаңыз керек…
– “Бешик” тасмасы болгон окуянын негизинде, көркөмдөлүп жазылган сценарий боюнча тартылган. Башкы ролдордо Кыргыз Эл артистти Мукамбет Токтобаев, Рысбек Жумабаев, Акылбек Абдыкалыков, Бакыт Мукул сыяктуу белгилүү жана профессионал актерлор ойношту. 14 сааттык тасма тартылды эле, монтаждап, оңдоп-түздөп олтуруп кырк мүнөттүк кылып кыскарттык. Тасманын бет ачарын өткөргөн соң республикабыздын айрым аймактарын кыдырып, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарына койдук. Эл кыргыздын нукура тасмаларына суусап калган экен. Бардык жерде зал толо эл келип, “тарбиялык мааниси зор экен”-деп абдан ыраазы болушту. Атуулдук намысты козгогон тасмалар көп тартылса деген пикирлер айтылып, эл менен жакшы алакалашууда болуп кайттык. Эми алдыда парламенттин депутаттарына коюп бергени турабыз. Себеби, алар өздөрү суранышкан экен. андан сырткары эки-үч эл аралык кинофестивалдарга катышуунун алдында. Азырынча каттоодон өткөрүп атабыз. Эми бул тасманын келечек тагдыры кандай болорун азыр ачык айтуу кыйын. Фестивалда көптөгөн эмгектер ат салышат эмеспи, анын сыңарындай биздин тасма кандай ат салышат болду экен деген ойдо бир аз толкунданып турган учурубуз.”Бала өссүн десең базар көрсөтпө” деген кеп бар эмеспи. Анын сыңарындай азыр кыргыз киносунун абалы жакшырып келатат. Профессионал режиссерлордун эмгеги көп жерде бааланып, жаштар арасында да мыкты киночулар өсүүдө.

Алдыда дагы жаңы тасма жаратууну пландап атасызбы?
– Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жыйырма жылдыгына карата Баткен окуясы боюнча “Баткен аркылуу өтүүгө жол жок” деген жаңы тасма тартсакпы деп турабыз. Авторлору Баян Сарыгулов менен Марат Сарулу. Толук метраждуу тасма болот. Андан сырткары алты сериадан турган телевизиондук версиясын да жасайбыз. Мисалы, Тажикстан менен Өзбекстанда ички атуулдук согушуу деген бар. Ал эми биз сырттан душмандар кирген биринчи эле өлкө экенбиз. Ошого көкүрөгүбүздү тосуп, республикабызды сактап калдык. Ал майданда бир топ жаш жоокерлерибиз курман болду. Бул тасмада биз Оогандан келгендердин, он гүлүнүн бири ачыла электе оо дүйнө сапар алган жоокерлердин тагдыры, алардын махабат сезимдери жана башка нерселер сүрөттөлөт. Акыркы жыйырма жыл ичинде ушул сыяктуу жаштарды, келечек муундарды атуулдук намыска тарбиялаган бир да тасма жаралган эмес. Алыкул Осмоновдун “Ата Журт” аттуу чыгармасы жазылган бойдон калып калды. Дзотко төшүн тосчу Чолпонбайлар, Дүйшөнкул Шопоковдор бизде азыр жок. Мекенди коргоо деген сезимдер өчүп баратат.

Алгач кино дүйнөсүнө кандайча аралаштыңыз эле? Бала кезде эле киночу болууну эңсеген чыгарсыз…
– Чынында мектепте жүргөндө эле өздүк көркөм чыгармачылыгына активдүү катышып, ошол учурда эле калем шилтеп жазып жүрчүмүн. Бала кезде Чапаев жөнүндөгү тасмалар менен чоңойдук. Ушул сыяктуу тарбиялык мааниси бар тасмалар жан дүйнөмө жакын болуп, кино дүйнөсүнө арбап турчу. Онунчуну аяктагандан кийин театралдык институтка өтпөй калып, райондук газетага иштегем. Кийин, университетке тапшырдым. Экинчи курста окуп жүргөндө жубайым экөөбүздүн стипендиябызды чогултуп алып, Москвага эл аралык кинофестивалга баргам. Ошол жерден биринчи жолу чыныгы кино дүйнөсүн түшүнгөм. Так ошол жерден биринчи ирет Чыңгыз Айтматовго жолугуп, “Куросаваны көрөйүн деп келдим” десем мени карап “бул эмне деген апенди бала. Кыргыз жергесинен ушул жакка Курасованы көргөнү келгенин”-деп таң берип, Куросаванын жанына алып келип “мына, сиздин талантыңызды сыйлаган киши” деп тааныштырган. Ошол көрүнүш менин биротоло кино жаатына калышыма түрткү болгон. Дипломдук ишимди да кыргыз киносунун жаралыш тарыхы жөнүндө жазгам. Диплом жактоо иши аяктаган соң эки жыл теле фильмде кызмат кылгам. Андан кийин кино академиясына тапшырып, билимимди андан ары уланттым. Эң алгачкы тарткан тасмам Чынгыз Айтматовдун “Свидание с сыном” деген аңгемесинин негизинде “Арман” деген аталышта тартылган.

Баш-аягы канча тасма жараттыңыз? Азыр ошол эмгектериңизди көргөндө “ка-ап, ушул жерин мындай кылсам болмок” деген өкүнүч пайда болобу?
– Ушул убакытка чейин кыска метраждуу жана документалдуу тасмалардын баарысын кошкондо жыйырмадай тасма жараттым. Ушул сурооңуздун артында мен Чыңгыз Айтматовдун “эгер адам бардыгына жеттим, бүттү десе анда анын өлгөнү” деген сөзүн эстегим келип турат. Менимче адам өткөн катачылыгын оңдоп, улам жаңы ийгиликтерге аракет кылган сайын өнүгүп, умтулуубуз артылат болуш керек.

“Кыргыз фильм” кино студиясы С. Чокморовдун 70 жылдык мааракесин белгилегенине күбө болгон жокпуз, себеби эмнеде?
– Сүймөнкул Чокморовду кыргыз киносуна чоң из калтырган талант катары билебиз. Бул кишинин 70 жылдыгына карата айылында чакан маараке өткөрүлүп, ошол салтанатка конок катары барып катыштым. Менимче Чокморовдун 70 жылдык мааракеси республикалык, дүйнөлүк деңгээлде өтүшү керек эле. Бирок, тилекке каршы андай деңгээлде өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Болгону талантына баш ийген адамдардын колдоосу, Т. Океев фонду жана уулу Бактыгулдун көмөгү менен “Россия” кинотеатрында кичинекей салтанат өтүп, Москвадан Сүймөнкул менен бирге иштешкен киночулар келишти. Ошо жолугушууларга бардык. Быйыл болбосо башка жылы Чокморовдун талантына таазим кылып, мамлекеттик деңгээлде бир маараке өткөрүү оюубузда бар. Ал үчүн жакшы даярдык талап кылынууда.

Сиз баалап, талантына таазим кылган актерлор барбы?
– Кыргыз киносунда кайталангыс талант Сүймөнкул Чокморовдун багына “Жетинчи ок”, “Ысык – Көлдүн кызгалдактары”, “Караш-караш окуясы” сыяктуу мыкты тасмалар жаралып, Сүймөнкулдун талантын ого бетер ташкындатып кетти. Азыр Советбек, Сүймөнкул сыяктуу зор таланттардын ордун баса турган актерлор жок эмес. Мисалы, Догдурбек Кыдыралиев, Рысбек Жумабаев, Бакыт Мукул чыныгы таланттар. Андан сырткары Кыргыз Эл артисти Мукамбет Токтобаевдин талантын баалайм. Ушул актерлор Шекспирдин деңгээлинде ойной турган таланттар.

Айрым адамдар сизди “Айтматовдун атын жамынып акча табуунун жолу менен сапатсыз тасмаларды жараткан”- деп айтып калышат…
– Адам өзүнүн деңгээли кандай болсо башкаларды да ошондой ойлошот. Мен жөнүндө мындай пикирлерди менин экинчи режиссерум болуп эмгектенген Темир Дүйшекеев менен төшөк темасын козгогон Жаныбек Жанызак айтып, айрым гезит беттерине жазып келатышат. Бир айтып коерум, мен эч убакта Айтматовдун атын жамынып акча жасаган эмесмин. Эгер чынын айта келгенде Москвада өткөн 19-эл аралык кинофестивалда Айтматовдон “Независимая” газетасынан киновед Нея Зоркая “чыгармачылыгыңызда эң мыкты экрандаштырылган тасма кайсы?”-деп сураганда жазуучубуз “Бороондуу бекет” деп жооп берген. Ал жерде Болот Шамшиев, Төлөмүш Океевдер да бар болчу. Ушул суроодон улам бир нерсени айткым келип турат. Бир сүрөтчү менен өтүкчү дос болуптур. Сүрөтчү өзүнүн өнөрканасынан бир адамдын портретин тартат. Анан өтүкчү досун чакырып, сүрөт кандай болгонун сураса досу өтүгүн абдан мыкты айтып келип, андан ары эч нерсе дей албаптыр. Анын сыңарындай өтүкчүнүн деңгээлине түшкүм келбейт. Ар бир адам өз ишин так аткарса дейсиң да. Андыктан мага сын айткандардын деңгээлине түшүүнүн кажети жок деп эсептейм. Мен тарткан тасма авторго жакканы жетишет. Кыргызчылыкка салып бирөөнүн эмгегин көралбагандарга теригип олтургандан эмне майнап чыкмак эле…

Бурул МУСАБЕКОВА, “Эл сөзү” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 27.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.