Кыргыздын сол канатынын, кытай уруусунун санжыра тарыхы

Кыргыз улуту кайсыл тарабынан, кайсыл өңүтүнөн алып карабайлы миң сырдуу, миң кырдуу келип, табиятынын дал ушундай керемет өзгөчөлүктөрүнөн улам бар тарабы келишкен, байыркы улуттардын катарын толуктап келе жаткан болсо керек деген ойго батасың. Ушул күнгө чейин уучу бөксөрбөй улуу тоолорго чыгып, улар үнүн угуп, адамзатында сейрек кездешчү не бир акактай асыл сапаттары менен жок болуп кетпестен, тирүүчүлүктө из калтыруу менен алек болгон кыргыз улутунун таржымалы тууралуу изилдеп-иликтөө иштери күнү бүгүн дагы улантылууда.

Албетте, “бирөө билип айтат, бирөө билбей айтат” демекчи, калпыс же болбосо туура эмес далилденген фактылардын, үстүртөн иликтенген илимий эмгектердин кыргыз уруулары туурасындагы натыйжасында, байыртадан бери топтолгон санжыраларыбыздын ар кандай маани маңыздары бар.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында “Эл сөзү” аттуу коомдук-саясий гезитине тарых таануучу, кытай уруусунун ногой уругунун кулуну Аскарбек Мамбеталиевдин “Ногой баяны” аттуу көлөмдүү макаласы жарык көрдү. Албетте, биз жогоруда сөз кылып айта кеткендей ар кандай объективдүү же калпыс иликтенген маалыматтарга таянган ар бир инсандын ар кандай пикири, түшүнүгү бар. Бирок, Аскарбек мырзанын ушул макаласы жарык көргөндөн кийин, менде ар кандай кыжаалат ойлор менен кошо таң калуу болгондугун дагы жашыра албайм. Ошондуктан, бир аз кечигип болсо дагы, Аскарбек Мамбеталиевдин ошол макаласына ары жооп иретинде, ары тактоо иретинде ушул макаламды жазып отурам.

Аскарбек иним тарыхта ташка тамга баскандай ачык, даана орду бар кытай уруусунан ногой уругун бөлүп кароого аракет жасаптыр. Аскарбек иним, сиз С.М.Абрамзондун “Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер” деген эмгеги менен тааныш эмес көрүнөсүз. Бул улуу окумуштуу кыргыз үүчүн аябай зор эмгек жасагандыгын убагында улуу жазуучубуз Ч.Айтматов жогору баалаган экен.

Мына ушул китептин 708 – бетинде, бадырайып эле жазылып турат ногой уругу, кытай уруусунун, Буудайдын (төмөн тамга) баласы экендигин. Окурманга түшүнүктүү болуш үчүн кытай атабыздын үч уулу болгон: Биринчи баласы Байтике (жогору тамга), экинчи баласы Буудай (төмөн тамга), үчүнчү баласы Бөгөжү.

Мен дагы сөзүм куру болбосун үчүн тарых барактарына кайрылып, кыргыздын кытай уруусу тууралуу жазылган көп тарыхтын чындыктарын мисалга келтирип кетсем дедим. Белгилүү тарых изилдөөчү аалымдарыбыздын бири Дастан Сарыгулов 2007-жылы жарык көргөн “Кемтилген китеп-кемиген кыргыз” аттуу китебин келечек муундарга “кыргыздын карт тарыхын биле жүр, анын асылдыгын көңүлүңө түйө жүр” деген таризде арнады. Бүгүнкү күнү Дастан Сарыгулов агабыздай кыргыздын тарыхын изилдеген инсандардын бар экендигине менин көзүм жетпейт, себеби акыркы кыргыздын тарыхына арналган көп жыйындарда бир да мен тарыхчымын деген инсандар, Дастан Сарыгуловко каршы сөз сүйлөй албай эле калышты. Ушул китепте биздин доорго чейинки 3000 жыл мурунку доордогу кыргыз урууларынын таржымалы камтылган. Афанасьев доору деп аталган, ошол жылдарда мүрзөлөргө коюлган адам сөөктөрүнүн жанынан, көп сандагы кыргыздын эн тамгасы салынган чүкө менен томпойлор табылган. Ошол күнкү тарыхтан ушул күнгө чейин күнү бүгүнкүдөй сакталып келе жаткан бул сүрөттөрдөгү эн тамгалар, кыргыз улутунун урууларына таандык экендигин эч ким талаша албайт.

Ушул сүрөттөрдөгү чүкөлөрдүн 9 катардагы чүкөгө кыргыздын кытай уруусунун ун “Т” эн тамгасы коюлган. Демек, кыргыздын кытай уруусу биздин заманга чейин 3000,же биздин заманды кошкондо 5000 жылдар мурун эле пайда болгон жана тарыхтан татыктуу ордун таап калган эл экендиги көрүнүп турат.

Биз айтып жаткан доордун Манас бабабыздын доору менен дал келе тургандыгы дагы талашсыз. Себеби, Манас эпосунда кытай дөөлөрү керик (тумшугунда мүйүзү бар,териси калың айбан-носорог) минип согушкан деп айтылат. Америкалык изилдөөчүлөрдүн изилдөөсүнүн негизинде, акыркы Алтайда жашаган носорогдун жашагандыгы, биздин заманга чейин 3000 жыл мурун экендиги далилденген. Бул жерден айтып кеткенибиз туура болот го дейм, “Манас” эпосунда чагылдырылган окуялар жалаң эле бир убактагы окуялар эмес экендигинде. Бул көп катмарлуу кыргыз элинин тарыхы. Эми дагы тарых барактарынан бир мисал келтирип кетейин, кыргыз элинин чыгаан тарыхчысы, адабиятчысы Белек Солтоноевдин “Кызыл кыргыз тарыхы” китебинин 2 томунун 143-бетинде мындай деп жазылып турат “Не да болсо ырчылардын (манасчылардын) айтканына караганда Манастын бабалары Алтай, түрк бабаларына, караханилерге жана Жолойго караганда кытайга байланат”. Кытай тууралуу кийинирээк баяндалат.

Менин бул макаламды окуган замандаштарымдын арасынан балким кимдир бирөөлөр кынтык издеп, а-бу деп өз пикирлерин жазып чыгышаар. Бирок, мен тарыхта далилденген чындыкты гана айтып жатам. Аскарбек иниме айтып коюуну ушул жерден эп көрдүм, кытай уруусунун ногой уругу жалаң эле Чаткал районунда эмес, азыркы убакта Кара-Буура, Кара-Суу, Ала-Бука ж.б райондорунда жашагандыгын.

2007-жылы Бишкек шаарындагы “Бийиктик” басмаканасынан кыргыз улутунун санжырасын иликтеп-жиликтеген эл жазуучусу, Орозбек Айтымбет уулунун “Кара кыргыз” аттуу 5 томдон турган китеби жарык көрдү. Кыргыз тарыхынын 8 миң жылдык таржымалын тактоого из салган 5 томдук бул чыгарма Кыргыз Республикасынын Президенти К. Бакиевдин өздүк фондунун колдоосу менен жарык көргөн бул китептин 3 томунун “Улуу Түрк”- деп аталган төртүнчү бөлүмүндө кытай уруусу менен ага-ини сыяктуу алакалаш, тагдырлаш болуп кылымдарды карытып келген уруулар туурасында айтылат. Андагы каректерди жырта изилденген санжыралардын бүтүм-корутундулары дагы биздин жогорудагы айтылган оюбузду бекемдөөгө негиз түзүп, ушул кезге чейин кытай уруусу менен бир бүтүндүктү түзгөн уруулар туурасындагы жакшы ойлорубузга жарык шооласын чачты. (Орозбек Айтымбет “Кара кыргыз” 3 том, Бишкек.)

“Манастагы” биздин элдин эң негизги душмандары кара кытай (табгач), таңгыт (тангут), маңгыт, дөбөт (тибет), калмак-манжуу (туурасы маңкул-маңжоо), чүрчүт (Чжуржут шаары), кызыл баш (парсы), ооган (авган), маймун (инди) жана башкалар. Булардын көпчүлүгү тарыхый Манастын доорундагы же биздин заманга чейинки элдер. Шибэй дагы тээ тарыхый Манастын заманындагы уруу, ал кадимки Татар кандын тукумдары. А тыргоот (торгаут), дөрбөн, олок (өлөт), долы жана башкалар Түрк заманынан кийинки уруулар. А Ойрот деген саясий ат болсо маңкул доорунда пайда болгон. “Ойрот деген сөз Чыңгыз кандын убагында “токой эли” дегенди билдирген”. Бу жердеги “кытай” менен “кара кытайды” бир эл катары түшүндүргөндөр да жок эмес.

Алар береги “кытай” кадимки “кытай” (ханцзу), ал эми “каракытай” Түркстанга XII кылымда келген “кидандар” деп эсептейт. Жок! Андай эмес! “Кара кытай” деген сөз ошол эле “кытайдын” (xaнцзунун) биздин элдеги байыркы экинчи баа аты, ал “улуу кытай” же “чоң кытай” деген түшүнүктү билдирет. Бул, албетте, эң байыркы замандарда Хунну, анын көздөй тукумдары Тугю көчмөн империялары менен теңтайлашкан, Азиядагы биринчилик үчүн күрөшкөн Улуу Кытай (Ханцзу) эли! Аларды биз тээ эң байыркы доорлордо “канты” же “канту” (ханзу), IX кылымга дейре Табгач (Тамгачы) же Каратабгач деп атасак, X кылымдан же алиги элдин үстүнөн кыргыздын Кытай (Сол) уруусунун бийлиги орногон замандан тартып тигилер Кытай атка конгон. Аларды кийин биздин эл ошон үчүн Кара кытай (Улуу Кытай) эли деп атаган. Эпостогу “кара кытай” деген ат кийин “кытай” атка конгон береги Табгачтарга (Ханцзуларга) арналган.

Ал эми кытай санжыраларына “кидань” деген ат менен түшкөн элге келе турган болсок, 93-жылкы чапкында маңкул колуна түшүп кеткен кыргыздын кытай уруусунун бир бөлүгү, арадан он кылым өткөн соң гана кайра кайтып, өзүлөрүнүн түпкү теги – байыркы кыргыздарга кошулган тайпа болуп эсептелет. Ошо “кидань” деген элдин өз аты “кытат”, а “кытай” анын эркелеткен аты, тээ улуу Манастын заманында Сол канат кыргыздарынын эң ири жана кубаттуу урууларынын катарына кирген. Ошо Кытай, Тебей (юйвын, Кумохи), Найман, Нойгут (онгут), Коңурат, Катаган, өңдүү урууларыбыздын айрым топтору 93-жылдагы азалуу чапкында маңкулдарга туткун болуп кетип, узак жылдар бою Сяньби менен Кыдыркан тоосун мекендеген. X кылымда алиги Кытай уруусу Түндүк Кытайдын азыркы Пекин өңүрүн согушсуз ээлеп алып, Ляо бийлигин орноткон да, ал дөөлөт манжуулардан (чжурчжендерден) кулаган кезде (1125) береги уруунун эң негизги бөлүгү (правящий род) кайрадан өзүбүзгө келип кошулган. Аларды биз “кидань” дебестен, өзүнүн түпкү аты менен Кытай деп гана атайбыз. Кидань деген Кытат деген сөздүн кытайча транскрипциясы. Акыйкатта, бул элдин түп аты “кыт” – кадимки сакага куюлчу кыт (кыт+ ат – эски тилибизде “кыт куй” деген сөз). А “кыт”, “сака” деген сөздөр өзүбүздүн төл сөздөр. Береги Сакай уруусу тээ б.з.ч. VI кылымда бүтүндөй Сол кары аскерлерин парсыларга каршы баштап келген так ошол Сак Сакай баатырдын тукумдары!

“Кидань” деген ат тарыхта (“Бэйши”) алгач ирет 405-жылы аталат (кытай – gudai/gutan). Палладий менен Пэрлээ “Манчжуриядагы даурлар Кидандардын көздөй тукумдары болсо керек” деп эсептейт. Ошол урууну алар генетикалык жактан кидандардын “йолуй” (тулуй) уруусунан мурдагы башкаруучу уруусу “дахэ”-менен байланыштырат, мунун да жөнү бар, албетте, “дахэ” деген атты өз тилибизге транскрипция кылганда биз “теке” деген гана уруу атын алабыз, а даур же дагур кытай тилине өткөндө “дау” же “даку” болушу мүмкүн. Мындай жагдайда, “Дахэ” менен “даху” үндөшөт да, ал экөө тең эле түпкү тегинде бир эле уруу атынын кытай тилиндеги эки башка түрү болуп калат.

Маңкулдардын колуна түшүп кеткен кытай уруусунун бир бөлүгү Сяньби жеринде ар дайым төбөйлөр (экөө тең Сол карыга кирет) менен бирдикте, ынтымакта күн көргөн. Алардын жашоо-тиричилиги дагы Хунндардыкына окшош болгон. Кидандар да Хунндар сыңары эле боз үйдө турган, арабалар менен көчкөн, кымыз ичип, эт жеген. Ушул эле кидандар Х-ХII кылымдардагы бардык кытай сүрөттөрүндө оң жагынан сол жагына топчуланган чепкендерди кийип отурат. Алиги кытай сүрөттөрүндө Чыңгыз кандын кийгени да так ошондой чепкен!

“Хунндар душман өлкөгө чабуул коёрдун алдында өзүлөрүнүн алдыдагы күнөөлөрүн жууш үчүн ата-бабалардын арбагына кайсы бир күнөөкөрдү же аскер туткунун курмандыкка чалган да, аны баары биригип миң жебе менен аткан”. Ал эми “согушту ийгиликтүү аяктаган соң ата-бабалардын арбагына “ыраазы болгондукту” билдирүү максатында колго түшкөн душмандын бирин курмандыкка чалган” (Б., 1., 76-6.). “Мындан көрүнүп тургандай, курмандык согуш кудайы Ильбирске эмес, ата-бабалардын apбагына чалынган. Көчмөндөр: Асман-ата-ырыс же жакшылык. Жер-эне-өлүм деп эсептеген” (Хунну, М., 1960).
Так ушул эле жоокердик салттын өзү маңкул колуна түшүп кеткен кытайларыбызда да болгон. “Кидандарда жортуулга аттанаар алдында “жол шыдыр болсун үчүн” ата-баба арбагына арнап садага чабуу максатында кайсы бир күнөөкөрдү миң жебе менен аткан. А согуш ийгиликтүү аяктаган соң ата-баба арбагына ыраазы болгондуктун белгиси катары бир душманды курмандыкка чалган. Ушундай эле салт байыркы Хуннуларда да болгон” (Гумилев Л.Н. Хунну, 33-бет.).

Ушул эле бир даректин өзү кытай уруусунун түбү байыркы кыргыз экенин далилдеп турат! Алиги 93-жылкы азада Сяньби тоосуна көчүрүлгөн кыргыз урууларынан кийин III кылымда эки ири топ бөлүнүп чыккан. Анын бири Муюнь (Моют) уруусунун тегерегине топтолгон “ляодундук сяньбилер” (сухи, Дуань, муван), экинчиси “ляосилик сянбилер” (юйвын, кидань) эле. Ошо заманда Моюттар береги эки топту тең бириктирген, ошентсе да, кийин кытай (кидань) менен төбөй (юйвань) уруулары алардан бөлүнүп, өз алдынча өнүгө баштаган. Антсе да IV кылымда булар кайрадан Моюттар тарабынан талкаланып, ошо заманда Сунгари (Солкары – О .А.) суусунун баш ченинде тиричилик кылган мохе (тунгус-манчжур уруусу) турган жерге ооп кетүүгө аргасыз болгон. О, кийин, кытай менен төбөйлөрдүн көпчүлүгү Шара-Мурен дарыясынын айланасындагы конуштарына кайтып келсе, айрымдары Кыдыркан (Хинган) тоолорунун түштүк этектеринен батыш тарапта жаткан Иньшаньга отурукташкан. Береги жерде алар кумохи (Ку уул – Сол же төбөй) уругу менен бирге өзүнчө уруулар тобун түзгөн. Кидань деген ат ошо чакта Шара-Мурень суусунун чыгыш тарабында турган элде гана сакталган. 386-жылы Тоба. Вэй падышалыгы курулганда кытайлар “ак ат”, “сары өгүз” деген ат менен аталган эки гана уруудан турган да, булар береги бийликке баш ийген. А VI кылымда кидандар Батыш Вэй мамлекети менен согушкан да, ал урушта тигилер өлгөнү, туткундалганы болуп отуруп 100000 адамынан ажырап, оор жеңилиш тапкан. Ал туткундар а кезде ляодун сяньбилеринин тукумдары тогондор (туюйхун) турган Ганьсу провинциясындагы чек ара отуруктарына жайгаштылырган. “IV-V кылымдарында кидань башчысы Дахенин (Текенин же Чоң эрдин – О.А.) сегиз аймакта бөлүнгөн 40000 аскери болгон” (Б., I., 362-6).

Жанагы ляоси кытайлары VI кылымда улуу Түрк мамлекетинин кол алдына өткөн да, буларга салык төлөгөн. Кидандар менен аларга туушкан Хи уруусу VIII-VIII кылымдарда Тан санжырачылары тарабынан көп эскерилген.

“Хинган тоо кыркасынын түштүк жактарында жана Шара-Мурэнь дарыясынын чөлкөмүндө кидандар телчигип, баралына келди да, күч алды. IX кылымдын биринчи жарымында алар башында каган (кара кан -О.А.) турган уруулардын ири союзуна бириккен” (В.В.Бартольд, V т.).

Береги X кылым Азиянын тарыхындагы эң ири саясий өзгөрүштөрдүн кезеңи болуп калды. Кыргыз каганатынын алсырашы (940-жыл), Тан дөөлөтүнүн кулашы (901-жыл) жана ошо кезде кидандардын күчөшү, саясий аренада тангуттардын пайда болушу Азиядагы жаңы доордун башталышынан кабар берип аткан.

“901-жылы Элли (Йолуй – Тулуй, буерде “Элли” деп туура эмес транскрипцияланган – О.А.) Абожи деген адам кытайлардын ынанчыны болуп шайланат. Экинчи жылы Элли Абожи 400 миң аскер баштап Садди Чын сепилинен өтүп, азыркы Хебей, Шэнси өлкөлөрүнө чабуул жасап 95 миң ханзу букарасын жана алардын сансыз чарба малын булап кетет. 916-жылы Элли Абожи өзүн “каган” деп жарыялайт. “Кытай кандыпы”деген мамлекетти курат. Кытай мамлекетинин борбору Батыш коргон (азыркы Ички Монгул Жавуда аймагынын Оң Барын ооданы) деген шаар болгон. Кытайларга караштуу жерлер болсо чыгышта азыркы Чавшийан (Корея), батышта Тянь-Шандын түштүк тараптары, түндүктө Монгул жайлоолору, түштүктө азыркы Хебей, Шенси өлкөлөрүнүн түндүк тараптарына жеткен. Кээ бир замандарда кытайлар Хуанхэ өзөнүнүн түндүк тараптарындагы ханзу райондорун да басып алган.

Кытай кандыгы бир канча он тайпа элдерге үстөмдүк кылган. Алардын бийлигинде кытай урууларынан башка да ханзу, монгул, уйгур, жур-жит (чжурчжев – О.А.), кыргыз (Сол – О.А.) өңдүү элдер болгон. Кытай кандыгы ханзуларга ханзу салты боюнча, кытай жана башка элдерге ошол элдердин өз салты менен үстөмдүк кылган. Кытайлардын саясы түзүмдөрү негизинен ханзулардын түзүмдөрүн өрнөк кылган, ошондуктан алар 947-жылы “Кытай кандыгы” деген мамлекет наамын “Ляо кандыгы” деп өзгөртүп атоо менен бирге ханзуча жылнаама колдонгон.

Бул доордо кытайлардын коомдук өнүгүшү менен маданияты өтө өнүккөн. Ошондуктан кыргыздар менен кытайлардын ортосунда коомдук өндүрүш жана коомдук маданият байланыштары абдан тыгыз болгон. Кыргыздар жылкы баштаган төрт түлүк мал жана мал чарбачылык түшүмдөрүн, алтын, күмүштөн иштелген буюмдарын кытай кандыгынын ички райондоруна алып келип, бул жердеги элдин, айрыкча ханзулардын жерлик өндүрүштүк жана турмуштук буюмдарына алмаштырып алып кетип турган” (А.Байтур, Кара кытайлар тушундагы кыргыздар).

(Уландысы кийинки санда)

Анарбек Усупбаев, “Манас Ордо” коомунун төрагасы, техника илимдеринин кандидаты
“Эл сөзү” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 24,27.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.