“Нурборбор” курборбор эмес

23-ноябрда жаштардын республикалык “Нурборбор” чыгармачылык бирикмеси өзүнүн он жылдык мааракесин белгиледи. Бул бирикмени түзүү демилгеси 1999-2000-жылдары эч ким тарабынан көңүл бурулбай калган жаш жазмакерлер тарабынан көтөрүлүп, ошол кезде Кыргызстан Жазуучулар союзунда төраганын орун басары милдетин аткарып турган Абдымамбет Сариевдин аракети менен жолго салынган. Бирикменин негизги максаты – чыгармачыл жаштардын башын кошуп, алардын такшалуусуна шарт түзүү.

Бул жылдар аралыгында аталган бирикме Жазуучулар союзу жасагандай эле иштерди жасап (жаш жазмакерлердин китебин талкуулап басмага сунуштап чыгармачылык талкууларды, поэзия кечелерин өткөрүп), бирок өкмөттөн бир тыйын да албай жашап келди. Чындап келгенде, Кыргызстан Жазуучулар союзу да, жаштардын республикалык “Нурборбор” чыгармачылык бирикмеси да бирдей статуска ээ. Башкача айтканда, бул эки бирикме тең коомдук уюм. Бул жагынан алып караганда өкмөт, президент мурдагы Жазуучулар союзуна берип келген миллиондорун “Нурборборго” деле берсе болмок. Албетте, бул бирикме жаш жана жасаган иши жагынан Жазуучулар союзунан кичүү. Экинчиден, жалындуу жаштар кимдир бирөөнүн акчасын алып, анан ага саясый инструмент болгулары келбейт.

“Нурборбордун” тарыхы да кызык. “Көрүнгөндүн колунда” келатышса да жогоруда айткандай, кимдир бирөөгө саясый курал болбоо принцибинен жазышкан эмес. Алгач жаштар Жазуучулар союзунун алдыдагы ийрим катары уюшуп, бирок 2000-жылы “топурап келе беришип килемди булгап жиберишти” деген шылтоого таянган ошол кездеги жетекчиликтин (төрага Н.Алымбеков) күчү менен Кыргызстан Жазуучулар союзунун имаратынан көчөгө чыгарылып ташталган. Андан кийин бирикме “Асаба” партиясынын офисине (ошол кездеги төрага Дөөлөт Нусуповдун жардамы менен) убактылуу баш калкалаган. Бирок, партиянын бир дагы ишине кийлигишпөө талабы менен. Офисте ар жуманын ишембисинде жалаң чыгармачылык жолугушуулар, талкуулар өтүп турган. 2003-жылы “Бийиктик” басмасынын директору Жумадин Кадыров “Нурборбор” бирикмесинин биртоп жаштарын жумушка орноштуруп, кабинет менен камсыз кылып камкордукка алган. Деги эле “Нурборбордо” иштеп келген төрага, ийрим жетекчилери, катчы эч кимден эч кандай айлык сураган эмес. Азыр деле ошондой. 2002-жылы бирикмеге коомдук жана мамлекеттик ишмер Малабек Токтоболотовду ардактуу төрага кылып шайлап, ал жаштардын биртоп маселелерин чечип, конкурс, конференция, адабий жолугушууларды, кечелерди өткөрүүгө чоң салымын кошту.

“Нурборбор” бирикмеси 10 жылдан бери 300дөн ашык жаш таланттардын башын кошуп, чоң “мектептен” өткөрдү. Жазуучулар союзу ыдырап, улуу муун, орто муундагы акын-жазуучулар чачырап, ынтымагы, биримдиги кетип, жаштар эмес өзүлөрүнүн айлаларын таппай турганда “Нурборбор” бирикмеси өзүнчө бир муунду өстүрүп, чоң күчкө айландырды. Калемдери жаңы төшөлгөн жаштар мындан он жыл мурун он жети-жыйырманын тегерегинде болуп, адабият майданына жаңы кирген жаш түлөктөр болсо, азыр алды отуздан ашып, окууларын бүтүрүп, үй-бүлө куруп, ар кайсы тармактарда иштеп, эс-акылдарын жыя турган куракка келди. Жаштар “Нурборбор” аркылуу чыгармачылык кечелерде гана эмес, жамандык менен жакшылыктарда бирге болуп, бир туугандык сезимдери өсүп, чакан “армияга” айланды.

Эң кызыгы, “Нурборбор” жалаң эле акын, жазуучулардын бирикмеси эмес. Бул топко негизи кыргыз деп күйгөн, жүрөгүндө мекенчилдик сезими бар ар бир жаш жаран кошула алат. Учурда бул бирикменин астында уюштурулган сүрөтчүлөрдүн да, музыканттардын да ийримдери бар. Он жылдык мааракесинде аталган бирикме жети сыйлык уюштуруп, 2008-2009-жылдары китептери чыккан, элге жакшы чыгармаларды тартуулаган жаштарга өз төш белгисин жана 5000 сомдон акчалай сыйлык берди. Белгилей кетсек, төкмө акын Амантай Кутманалиев Молдобагыш Сарыбай уулу атындагы, жаш прозаик Кубанычбек Аркабаев Жунай Мавлянов атындагы, “Бийиктик” басмаканасынын директору Жумадин Кадыров Ашым Жакыпбеков атындагы, манасчы Дөөлөт Нусупов Шапак Рысмендиев атындагы, жаш акын Акылбек Мамадалиев Тургунбай Эргешов атындагы, аткаруучу Жылдыз Мырзабекова Калмурат Рыскулов атындагы, жаш акын Эркинбек Шейшембек уулу Жоомарт Бөкөнбаев атындагы сыйлыктарга татыктуу болушкан.

2008-жылдан бери “Нурборбордун” жетекчиси жаш акын, Кыргызстан жаштар сыйлыгынын, Жолон Мамытов атындагы республикалык адабий сыйлыктын жана Казакстандын Мукагали Макатаев, Габит Мусрепов атындагы сыйлыктарынын ээси, теолог-философ Нурланбек Калыбеков.

2009-жылы Кыргыз Республикасынын Китеп палатасынын жетекчилиги жаштардын республикалык “Нурборбор” чыгармачылык бирикмесине өз имаратынан бир бөлмө берди.

2009-жылы Кыргызпатенттин каржылоосу менен аталган бирикменин жети жаш акын, жазуучусунун китепчелери жарыкка чыкты.

УТРКнын концерттик залынан башталып, аягында Ала-Көлдөй чык, Ала-Тоодой эт тартылган бул он жылдык мааракени жана берилген сыйлыктарга кеткен чыгымдарды ЖК депутаттары Аскар Салымбеков менен Арапбай Төлөнов, УТРК экс-вице төрайымы Анаш Кадырова жана Кара-Балта шаар башчысы Оомат Казакбаев көтөргөн.

Чындыгында эле бул он жылдык мааракесинде “Нурборбор” курборбор эмес экенин көрсөттү.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, 38-67-73, sairajimatov-76@mail.ru,
“Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 27.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.