Шайлообек

Оо, Шакем жөнөкөй, өтө эле жөнөкөй. Анын Улуулугу жөнөкөйлүгүндө. Элдин баары “Лексус” минип, “Мерседес” минип сызып баратса, Шакем эски арабага олтуруп алып кылдырай барат. Ошол арабада баратып эле миңдеген окурман аарыдай жабалактай жабышып сөз соруп окуган ырларын жазып кете берет, дегеле шашпайт, ким эмне дебатат, оокат-поокаттын баарын башкалар менчиктеп кетибатканы менен деле иши жок. Кез-кези менен “кыргызым аман болсун” деп кобурап коет. Бат эле кыргызынын бүтүндөй баскан жолу көз алдына тартыла түшөт. Түрдүү доорлор келет. Бирине суктанып бети тамылжый түшсө, бирине дале болсо бети чымырап уяла түшкөндөй болот, бирде шаңшып асманга учкусу келсе, бирде жерге кирип кете таштайт…

Эки жагын каранып коет. Чеккен аты да өзүнө окшош, алкынбайт, башын жерге сала кетип барат. Мындай карасаң Чыкебиздин Танабайы Гүлсараты менен кетип бараткандай. Ушундай да окшоштук болот экен э? Бирок, Шакем Танабайчылап тил угуп, турмушунан жеңилип кетип бараткан жок, жеңе жүргөн Жеңишин көздөй кетип баратат.

Эми балээ баспадыбы! Тынч эле кетип баратты эле, ана эмесе, сансыз эл бат эле арабаны тегеректей калып, анын ырдыбанына чейин толгон ыр жазган кагаздарды көз ирмемде тим эле тытып кетишти. Шакем делдейди да калды. Мейли, алса алсын, бирок ал ырлар оңдоло элек болчу. Оңдолбогон ырды да окучу беле, наалатыныкы. “Ой, кое тургула, аз-аз кол тийгизип берейин” дегенин эч ким уккан жок. Жол жээгине экиден, бештен-ондон, жүздөн, эки жүздөн олтура калып окуп жатышат, миңдеген адамдар. Кайра-кайра окуп жатышат. “Булар ыр көргөн немелерби, деги?” деп коет Шакем. Минтээрин билгенде мыкты ырларынан тандап келбейт беле. Көрчү эми… “Мейли өздөрүнөн көрсүн, мен эмне зордоп окутуп жаттым беле, өз убалы өзүнө”.

Бир маалда бирөө катуу бакырды, колунда тутам кагаз: “Жарандар, мобу былжырак ырларды бирөө кошуп жибериптир, бу ырлар Шакемдики эмес!”. Туш-туштан издеп ыр кошуп жиберген немени таппай калышты. Жанагы кошулган ырларды ортого коюп от коюп жиберишти эле, ак барактар алеки саатта кара күлгө айланды. “Жаман ырдын тагдыры ушундай болот!” деди бирөө, көксөөсү суугандай. “Туура, туура” деп көпчүлүк жаалап кетти. Жанагы өзүнүн ырын кошуп жиберген ысык жерде өскөн акын жолдон такси кармап жылт койду, эртең дагы келип кошот, кошо берет…

Беркилер кайра эле топ-топ болуп ыр окуп жатышат.

Ыр окугандар бу жарыкчылыкты унутуп, жалаң гана сезим менен жашап калгандай болот. Оо, ырдын кудурети! Бири баатыр болуп, башкасын коюп түз эле Манас болуп алып Коңурбайды кокуйлатып жатат; анын жанындагысы Кошой болуп Жолойду багалектен алып жерге бир урду эле, көкүрөгү жеңишке толуп кетти; дагы бири көзгө жашты алып сексенден өтүп жарык дүйнө менен коштошкон энесин эстеп буулугат; үчүнчүсүнүн жүрөгү алеп-жалеп, жетпей калган, башка бирөөгө тийе качкан бир кездеги сүйгөнүн сагына кетти; бирөө кыйкырып жиберди “эй, жарандар, көр оокатка кул болбой, эл тагдырына кул бол!”; “көр оокаттын кулу болуп ит болгон экемин э, бечарага жардам берүү оюма келбегенин карасаң…” деп кийинки биринин бети ымыр-чымыр; бир аппак сакал абышка “эми элдин бетин кантип карайм, бала-чакамдын бетин кантип карайм, “дүжүр чал” дегенден кантип кутулам, кудай кулум десең, ошондон кутулт” деп үнү дирилдейт, көздөн чыккан тамчы жаш аппак сакалга жете жок болуп жатат; кечээ эле карыган энесин карылар үйүнө жеткирип келген бир жексур эсине келип жерге кирип кете жаздады; “экинчи орусча кошуп сүйлөсөм, тилим буулуп калсын” дебатат бир галстукчан… ал аңгыча бирөө “кыргызым” деп жар салды эле, миңдеген үн аны коштоп кетти, асман жарылчудай болуп турду… Ыр окугандардын ар бирин бирден сезим туткундап бура бастырбайт, каалаганын кылып жатат, бу шордууларды. Сооп болот, аларды оку деген ким, дегеле чала болот!

Бир маалда милийсанын “обону” жаңырып ОМОНдор келип түштү: “Эмне, митинг болуп жатабы, президентти кет деп жатасыңарбы?! Чараңарды көрүп, чакчалекей салып жиберелиби, кысталактар!”. “Митинг-ситингиси жок эле Шакемдин ырларын окуп жатабыз”. “Топтолушпай окугула” деди эзели ыр окуп көрбөгөн генерал неме Ногойбаев. “Жок, биз топтолушуп окуйбуз” деп эл жаалап жиберди эле, тиги көз кыры менен элди санап жиберип тоскоолдук кыла албай калды. Анткени, элдин саны ОМОН санына караганда жүз эсе көп болчу.

Бу тополоңго күбө болуп турган Шакем атын “чү” деди. Кылдырашты… Барар жери алыс, оголе алыс. “Лексус” менен барыңыз, “Мерседес” менен барыңыз, “Рол-Ройс” менен барыңыз” деп Өкмөт жакшы эле какшады, Шакем көнбөдү, “көнгөн арабам менен эле барам, ата-бабам түшпөгөн “уройсуңа” түшөм деп элге-журтка шылдың боло албайм. Анын үстүнө атка жем-чөп даярдап алгам” деп. “Болуптур, эч болбоду дегенде икра-сикра, колбаса-солбаса, сыр-пыр, банан-санан, апельсин-сапелсин, кофе-софе, сала-пала, үндүк-пүндүк, тоок-поок, коньяк-пониак, ром-суром салып берели” деген Өкмөткө дагы көнбөдү, “жолдо элим бар, алар ичкен жарма-пармасынан, чай-пайынан ичип кете берем, алар сары суу ичсе сары суу ичем, бозосу болсо бирди тартышым бар, кофейиңди, уромуңду өзүңөр ичкиле” деген Шакем кежирленип. Жоош туруп кежирин айт, Өкмөт бирдеме десе эле назайт болот да турат…

Ошентип кетип баратат. Бир шаарга аз калган эле. Дал ошол жерден чет элдин жаркыраган машинелери арабанын алдына токтоп, ар машинадан эки-үчтөн киши түштү. Жылтыр-жултур костюмчан, ак көйнөк, кызыл галстук. Баары бирдей келип Шакеме эңкейе кол берип учурашты. Бири айтты: “Шайлообек Дүйшеевич, мен ушул шаардын мэри болом. Булар “Ак жолдун” мүчөлөрү. Атайын Сизди тосуп чыктык. Эң алды менен саунага алпарабыз”. “Саунаң эмне?” деди Шакем. Келгендер мыйыгынан күлүп алышты. Мэр айтты: “Сауна деген мончонун бир түрү, кургак буусу бар, бассейни бар, пивосу менен кыздары бар”. Шакем так секирди: “Жок, андайга барып көргөн эмесмин, сарайдын алдына кирип эле чайынып алам. Мончого деле баргам былтыры, бирок кыздардын көзүнчө түшүп көргөн эмесмин, кой айланайындар, рахмат, мени жайыма койгула, кечке чейин наркы айылга жете барайын”. Беркилер кетти айласыз, Шакемди алпарып сыйлап анан элди чогултуп, “мына, Шайлообек Дүйшеевич атайын бизди, партиябызды издеп келиптир” деп мактанышмак. Болбоду.

Күн бата Шакем көздөгөн айлына келип түштү. Жаан себелей баштады. “Ии, Түкөм ыр жаза баштаган экен” деди Шакем. Келип түшкөн үй ээси ыйманы куюлган жигит экен, жетине албайт. Шакемди төрдүн төбөсүнө чыгарып, астына түр тамакты жайнатып таштады: айран, жуурат, каймак, сарымай, курут, быжы, куйрук-боор, боорсок, көмкөрмө… дагынкысы дагы бар.

Шакем жай сурады, жигит демиге жооп берип жатат. Быйыл жаан жаабаганын, айдагандарынын баары күйүп баратканын, мына эми, кудай буюрса, жаан көлөктөп төгүп кирди, тынбай жааса экен, эч болбоду дегенде бир эт бышым деди, жаанды сиз ала келген турбайсызбы деп тамашалап да алды. “Ырды бат-баттан жазып турчу деп Түкөмө айтайынчы” деди Шакем ичинен.

Үй ээсинин аялы өзүндөй эле жаркылдаган келин экен. Ичиңиз, жеңиз деп жаналы калбайт.

Аз өтпөй шөмтүрөп суу болгон үй ээсинин он жаштар чамасындагы баласы кирди. Түз эле келип Шакеме салам берди. Шакем алик алып, баланын чекесинен сүйдү: “Бар бол, айланайын”. Бу тирикарак баланын аты Күлчоро экен. Шакем баланы эрмектеди:
– Канчанчы окуйсуң?
– Төрткө көчтүм.
– Жети атаңды билесиңби?
– Билем.
Шакем анын жети атасын санаткан жок:
– Кыргызсыңбы?
Бала чоң эле кишинин минтип жиндидей сураганына таң, кыргыз болбогондо ким болмок эле:
– Кыргызмын.
– Кыргыз кыйын элби?
– Аябай кыйын эл, билбейсизби эмне?! Манас атам баарын талкалаган. Чубак, Сыргак, Күлчоро дагы… Башка баатырлар да бар, Эр Төштүк, Эр Табылды, Курманбек…
– Курманбек Бакиевди билесиңби?
– Билбей койчу белем, ал деген президент.
– Ал да баатырбы?
– Жок.
– Эмнеге?
– Светти кымбаттатып салбадыбы.
– Ии, жөндүү кебиң бар экен уулум. Өмүрүң узун болсун, оомийин!- деп Шакем бата тартты, жылмайып…

Шакем далай айылдан айылга өтүп эл-жерин түрө кыдырды. Сый үстүндө болду, эли ыр үстүндө болду. Ырга тунуп турушту. Деле кай айыл болбосун кетиргиси жок. Кеңешип-кептешпей туруп кой-козусун чалып жибергендери канча дейсиң…

Тээ кеч күздө Шакем борборуна келди. Келери менен эле Американын элчилигинен бирөө келди: “Жакында бир ракетабыз Айга учат. Анан дүйнөдөгү “Ыр королдорунан” бешти тандап айга ала барып келели дедик эле. Сиздин кандидатураңыз да бар, макулсузбу?” “Жок,-деди Шакем, Айга өзүм деле барайын деп жүрөм, бирок мен араба менен эле барам. Силерге рахмат!” Америкалык, айран таң! Араба менен Айга кантип барды?! “Кыргыз деген Улуу эл, акылы арткан эл, андыктан араба менен Айга эмес, Марска да, андан аркы жылдыздарына да кете берет, керек болсо, Жетигенди жети айланат, бешбармакты ойлоп тапкан кыргыз, эмне, араба менен Айга бара албай калыптырбы”-дейт Шакем. Мээкайык болгон америкалык оозунан сөзү түшүп, буту шилтенип-шилтенбей жолго түштү, бу абориген кыргыздарга түшүнүп болбойт, бир биз менен дос болот, бир орус менен дос болот, эми араба менен Айга кеткени жатканын карабайсыңбы деп…

Шакем болсо эмки жазда, кар кетери менен арабасын кылдыратып адамдар шойкомуна булгана элек таза жерден түшүнө кирген “Манасты” жазып бүтүрүп келмекке Айга жөнөмөй болуп жүрөт. Угуп жатасыңбы, Рыскелди, тамак-ашын Сазыкбай камдап берем дептир. Жолдон эрикпейин деп Жолдошбектин ырларын алып алмай болду. Анан да ал жакта кызмат болсо сени сүйлөшө келем деп аккөңүл неме Мелиске сөз берип коюптур. “Оппозиционерлерине менден салам айтып кой, ачкачылык кармашса жетип барам” деп Топчуке эки күндүн биринде телефон чалыбатат дейт. “Шаке, кетээриңде “чыр” дедирип кой, Кимбайкени ээрчитип алып узатып калайын” деп бир ирет Алым телефон чалган экен. Жүздөшүп тарап кетели деген үчөө сөзсүз түрдө жети айланып чапчу эле, кудай сактасын дейли, аларды канча сактабады дейсиң… “Шаке, бош боло калсаңыз “Азаттыкка” шыңгыратып коюп туруңуз” деп Кубат жүрөт бир жагынан… “Атың тартса, Акторпок экөөбүздү да ала бар” деп Кыялбеги бержагында. “Силерден көрө Баратбайды ала кеткеним оң болуп турат” деп коюптур Шакем.

Бирок, “алыскы жолдо алда-кандай болот” деп кыргыз журту Шакемди жибербейбиз деп жатышат деген да сөз кетти… Өкмөт бара берсин дептир…

Шакем менен дос болгонума 35 жыл болот.

Баратбай АРАКЕЕВ, “Эл сөзү” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 24.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.