«Ырдын пири –Рысбай-2009» кароо-сынагы өткөрүлдү

Барпы атындагы кыргыз драма театрында залкар обончу-композитор, маркум Рысбай Абдыкадыровдун эскерип «Ырдын пири-Рысбай-2009» кароо-сынагы өткөрүлдү. Мыкты аткаруучуларга демөөрчүлөр тарабынан сыйлыктар ыйгарылды. Кароо-сынак адегенде район шаарларда өткөрүлүп, андан кийин областта жыйынтыкталды. Сынакка Рысбай Абдыкадыровдун ырларын мыкты аткаргандар катышты.

Р.Абдыкадыров клубунун негиздөөчүсү Султан Борошевдин айтымында, быйыл клубдун түзүлгөндүгүнө 15 жыл толгон. Мына ушул мезгилдин аралыгында клубдун мүчөлөрү тарабынан обнчунун баалуу мурастарын жыйноо жана жайылтуу, аны элдин калын катмарына, айрыкча жаш муундарга жеткирүү боюнча такай иш алынып барууда.

Клубдун республикада жана жакынкы, алыскы чет өлкөлөрдө 120 дан ашуун мүчөсү бар. Алардын арасында көрүнүктүү коомдук саясий ишмерлер, академиктер, обончу композиторлор, акын-жазуучулар жана таланттуу сүрөтчү-скульпторлор бар.

2003-жылы Р.Абдыкадыровдун чыгармалары боюнча 50дон ашык картинадан турган «Сүрөт галлареясы» уюштурулган.

Учурда клуб АКШ менен байланыш түзүп, Принстень жана Нью-Йоркто жашаган клубдун мүчөсү, америкалык скрипач композитор Винни Пааш Р.Абдыкадыровдун чыгармаларын үйрөнүп жатат. Ал эми чет элдик жаран

Антонио-Пааш обончунун «Сагынуу» чыгармасынын негизинде 4 бөлүктүү симфония жазып клубка тартуулаган.

А.Алимова, “Кабар” МА, 26.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.