Жазуучу Мелис Абакировдун чыгармаларынын эки томдугу

Жазуучу Мелис Абакировдун тандалган прозалык чыгармаларынын эки томдугу басылып чыкты. Ага аңгемелери, повесттери жана тарыхый-эпикалык кеңдиктеги “Көкөй кести”, “О, опаасыз дүйнө” романдары кирди.

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу Мелис Абакировдун эки томдугу боюнча жакында Баласагын атындагы Улуттук университеттин филология факультетинде студенттер жана факультет жамааты менен акын-жазуучулардын жолугушуусу болду. Аталган факультеттин кафедра башчысы Калыбек Байжигитов Мелис Абакировдун жаңы басылып чыккан эки томдугунан улам, “бүгүнкү күндө Улуттук адабиятка татырлык чыгармалар жаралып жатабы” деген суроого токтолду:

– “Бүгүн улуттук адабият барбы?” деген суроо бар… Албетте, бүгүнкү күндө көп эле китептер басылып чыгып жатат. Бирок алардын көбү улуттук адабият боло албайт. Алар коммерциялык максатта чыгып жаткан – акчага, товарга гана айланган китептер болуп жатат.  Бизде көбүнчө кийинки учурда чоң аталарын, өз уруусун, өз кызыкчылыгындагы адамдарды мактаган китептер көп чыгып кетти. Мындайлар албетте улуттук адабият боло албайт. Ал эми Мелис Абакировдун кыргыз жандүйнөсүн ачкан, улуттук руханий байлыктарын чагылдырган, абалкы тарыхына кайрылган бул чыгармаларын тартынбай эле улуттук адабиятыбызды түзө турган чыгармалардан десек болот.

Андан кийин сөз алган белгилүү акын, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Исабек Исаков – Мелис Абакировдун чыгармаларынын өзгөчө карапайым элге жакындыгын, андагы айыл элинин образын ачуудагы чебердигин белгилеп, “О, опаасыз, опаасыз дүйнө” романынын өзгөчөлүгүнө токтолду:

Романдагы башкы каарман Бекташтын образында – кыргыз карыясына тиешелүү нарктуулук, байымдуулук, дагы башка мыкты сапаттар турат. Ал өз үйбүлөсүнүн гана эртеңин ойлобой, жалпы эл-журттун эртеңине санаа жейт.

Белгилүү сынчы-адабиятчы Омор Соороновдун пикиринде – чыныгы акындык поэзияда гана көрүнбөй, ал прозада да чагылып турат:

Мен жолдош катары сүйлөсөм, Мелис чыгармага да, достукка да ак мамиле жасап, ак кызмат кылган инсан. Аны мен жазуучу эмес, акын дээр элем. Ооба, анын акындыгы поэзиядан көрүнбөгөнү менен, прозада жатат.

Мелис Абакировдун жаңы жарыкка чыккан эки томдугу боюнча өткөн жолугушууда чыгып сүйлөгөндөр жазуучунун жетекчи катары “Мектеп”, “Кыргызстан”, “Адабият” мамлекеттик басмаларында аткарган ишмердиктерин да белгилеп өтүштү.  Жолугушуунун аягында сөз алган жазуучу Мелис Абакиров – аталган эки томдуктун басылып чыгышына көп атуулдар жардам көрсөткөнүн белгиледи:

– Чыгармаларымды эми мен жазып эле койдум да. Анын китеп болуп басылып чыгышында канча адамдын эмгеги бар. Китеп болуп чыкканча кол жазма бержагы жүз колдон өтөт. Мына ошондой жардамдарын көрсөткөн адамдарга ыраазымын. Өзгөчө Кыргызстандын гезит-журналдарын кагаз менен камсыздап турган Бишкектеги “Полиграфия ресурсу” жеке басмасынын ээси Көчкөнбай Төрөкуловдун атуулдук демөөрчүлүгүн айткым келет. Ал менин эле эмес, башка акын-жазуучулардын да китептерин чыгарып берип жатат. Мисалы акын Төлөгөн Мамеевдин.

Фатима Абдалова, “Азаттык”, 29.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.