“Жибек жолдун ак конушу” кыргыз улуттук музыкасынын фестивалы болот

Үстүбүздөгү жылдын 1-2-декабрында Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында “Жибек жолдун ак конушу” аттуу кыргыз улуттук музыкасынын фестивалы болот. Аталган фестиваль Кыргызстандагы кызматташтык боюнча Швейцария бюросунун Искусство жана маданиятты колдоо программасынын “Мүмкүнчүлүктөр үчүн терезе” долбоорунун колдоосунда ишке ашырылып жаткандыгын, аталган бюронун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Турсунай Чодурова билдирди.

Маалыматка ылайык, “Жибек жолдун ак конушу” фестивалы чыгармачылыгынын 10 жылдык жыйынтыгын чыгарып жаткан “Ордо-Сахна” фольклор-этнографиялык театры тарабынан өткөрүлүп жатат. Иш чаранын максаты кыргыз фольклордук музыкасын калыптандыруу, сактоо жана өнүктүрүү болуп саналат. Мындан тышкары фестиваль элдик музыка аркылуу калкка кыргыздардын бай рухий мурастарын жеткирүү максатын көздөйт.

Фестивалдын программасына ылайык, 1-декабрь күнү “Ак конуш” концерттик программасы болот. Концертте “Ордо-Сахна” театрынын репертуарындагы чыгармалар, анын ичинде архаиктен тартып фольк-джазга чейинки музыкалар ойнолуп, кыргыздардын улуттук кийимдерин көрсөтүү менен коштолот. Мындан тышкары “Манас” эпосун сахналаштырылган формада жаңыча трактовкасы көрсөтүлөт.

Ал эми 2-декабрда боло турган “Кайберен” деп аталган концерттик программада байыркы кыргыз музыкалары – күү, дастан, санат ырлар, мурунку каада ырлары жаңырат.

М.Ибраева, “Кабар” МА, 27.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.