Тилим-дилим: Сөз куну

Кыргыз тилиндеги кургак эрежелерди жаттата берүүнүн кесепети кыргыз балдарын кыргызча сүйлөөдөн “үркүтүп” жактанын тилчи адистер өздөрү да танбайт.

Бир карасаң, кезинде жээгине батпай, ашып-ташып аккан дайра тартылгандай, муун алмашкан сайын кыргыздын кулак кумарын кандыра сүйлөгөн мурунку мууну улам кийинкиси менен алмашып, сөздүн куну кетип баратканын байкоого болорун айтышат.

Кыргыз эл артисти, театрдын жана кинонун белгилүү актеру Дүйшөн Байтөбөтов азыркы жаштардын тили “ата-апа” деп чыкпайле, “папа-мама” деп чыгып калганына жаны кейийт. Анын айтымында, ар бир улуттун улут катары кармана турган салт-санаасы, нарк-насили болот. Тилекке каршы биз бүгүн ушулардан ажырап калдык. Бул айрыкча тилибизден байкалууда. Кыргыз жаштары бүгүн ата тарбиясынан, эне сүтүнөн кечип: “папа, мама, дядя, братишка, сестренка. “ деп буруу тилдеги аталыштар менен сүйлөп калды. Учурда акыл-эс менен намыс нускалуу тарбия бере албаган карылардан да, алардын айтканына кол шилтеп турган жаштардан да бирдей кетүүдө.

Эл артистинин мына ушундай ой-пикиринен кийин мен жашы 18деги, өзү элет жеринде өскөн уланды сөзгө тартып, айрым сөздөрдүн маанисин сурадым. Султан Бишкектеги бир окуу жайынын студенти.

“Кабагын карыш салды” деген сөздү кандай түшүнөсүң?

– Кабагын карыш салды… дегендиби? Түшүнбөйт экемин.

– “Какаганга муштаган” дегендичи?

-Муну да түшүнбөйм.

А, “кайырын чайыр кылды”, “казаны оттон түштү?” дегендердичи?

– Жок, буларды да түшүнбөйт экемин.

– Деги ушул сөздөрдү уктуң беле? Мисалы: “Биз кирип барсак, кабагын карыш салып олтурган экен” деп коет го?

– Билбейм, уксам керек, бирок маанисин түшүндүрө албайм.

Мектепти бүткөнүңө бир эле жыл болуптур, мындай сөздөрдүн маанисин мектепте үйрөткөн жок беле?

– Жок, үйрөтчү эмес. Ат атооч, этиш, чакчыл, барыш, табыш, чыгыш деген эрежелерди эле жаттата берчү.

Кыргыз тилиндеги кургак эрежелерди жаттата берүүнүн кесепети кыргыз балдарын кыргызча сүйлөөдөн “үркүтүп”, өз тилин билбеген “маңкуртка” айлантып келатканын тилчи адистер өздөрү да танбайт, бирок ага каршы эч кандай аракеттер байкалбайт.

Мен 18 жаштагы Султандан кийин ага берилген ошол эле сөздөрдүн маанисин кандай түшүнөрүн сурап 48 жаштагы Жапар Өмүрзаков аттуу адамга кайрылганымда негизинен туура түшүндүрүп берди. Таңгалыштуусу, советтик мектептен окуган “окуучу” алда немедей түшүндүргөн сөздөрдүн маанисин эгемендик алгандан кийинки мектеп окуучусу такыр эле түшүнбөй калган “деңгээлге” чейин жетипбиз.

Түрмөктүн экинчи бөлүгү жер-суу аталыштарына арналды. Өз кабарчыбыз Жазгүл Жамангулова бул жолу Чүй аймагындагы айыл-кыштактардын аттарына байкоо салган. Аралап баратып Полтавка, Гавриловка, Ново-Павловка, Покровка, Петровка ж.б.д.у.с. падышалык Орусиянын үстөмдүгү менен кирген аталыштардын эмдигиче өзгөртүлбөй келатканына көңүл бурган. Чүйдүн айыл-кыштактарында жашаган калктын 99 пайызы кыргыз болуп туруп, мындай аталыштардын бүгүн 70 пайызы орус тилинде. Бул боюнча айрым жарандар менен пикир алышканда алар жергиликтүү айыл аксакалдарынан айыл аттарын кыргызча атайлы деп демилге көтөрүлгөнүн, бирок жергиликтүү бийликтин кайдыгерлигинен өзгөрүүсүз кала берип келатканын белгилешкен.

Ал тургай “Кочкорбаев атындагы айыл округу” деген жазуунун боегу өчүп отуруп окулбай калган, ошол эле учурда андан берээктеги “Дмитриевка”, “Красная речка” деген жазуулар улам сырдалып, боелуп турат. Жергиликтүү тургундардын айтымында, “Красная речкада” жалаң дунгандар жашайт, бу калк айылдын атын кыргызча “Кызыл-Суу” деп атагысы келбейт.

Ал эми облус губернаторунун мамлекеттик тил боюнча орунбасары Самарбек Күчүковдун пикиринде, бул маселени бир эле буйрук менен же токуй салган токтом менен чечип салуу мүмкүн эмес. Муну президенттин деңгээлинде чечүү керек. Анткени кыргыз тилинин душманы кыргыздардын өзү болууда. Орунбасар губернатордун оюнча тилге мамилени өзгөртүүдөн мурун ар бир кыргыз баласы ниетин, дилин агартышы керек.

Түрмөгүбүздүн аягын мындан 20 жыл мурда жазган:

“Кыргыз жери кыргызча эмес,
Ново-Российка, Орловка, Павловка,
Кыргыз жери кыргызча эмес,
Сосновка, Покровка,
Таласта да Покровка,
Чүйдө дагы Покровка,
Көлдө дагы Покровка,
Покровка, Покровка, Покровка –
Кыргыздын жериндеги татиуровка!…
деген ырым менен аяктайын.

Шайлообек Дүйшеев, «Азаттык», 30.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.