Кыргыз рухунун туу чокусу

(Уландысы. Башы гезиттин өткөн сандарында)

Калтай Мухамеджанов: – Мен ошондой эле ал жерден өткөн жылы Кыргызстанда болгон Гавана университетинин профессору Браун менен жолуктум. Ал кишинин да көптөгөн жакшы пикирлери бар экен. Ушул сыяктуу мен болгон чет өлкөлөрдүн кай жеринде болбосун, Чынгыз жөнүндө суроолор берилбей калбайт. Алар:-Чынгыз эмне жазып жатат? Кандай чыгарманын үстүндө эмгектенүүдө?- деген суроолорду беришет. Мен Латын Америкасынын төрт мамлекетинде болдум.

Панама, Венесуэла өлкөлөрүнүн кай жеринде болуп, кайсы жеринде адабият жөнүндө сөз кылсам да, Чынгыздын чыгармачылыгы жөнүндө суроо берилбей калган жок. Азыркы орус Совет адабиятында Бондарев, Распутин, Белов, Прокуриндер жөнүндө суроолор берилүү менен бирге улут адабиятына келгенде эл алгач кыргыз уулу Чынгыз жөнүндө сөз болот. Алар Чынгыз Айтматовду көбүрөөк жана тереңирээк билгилери келишет. Чынгыз Айтматовдун чыгармачылык бийиктиги өзүнө гана тиешелүү эмес. Бул күндөрдө Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгына кызыгуулар жер шарынын кайсы жеринде болбосун, арбын. Ал тек гана казак, кыргыз адабиятында эмес , бүткүл дүйнөлүк адабий процесстеги жаркын көрүнүш. Адабиятка кызыгуу бул күндөрдө эле болуп жаткан жери жок. Ал атам замандан бери келе жаткан нерсе. Бир кезекте француз романдарын орус адабиятчылары кызыгуу менен кабыл алышкан. Турмушта бул сыяктуу мисалдарды көп келтирүгө болот. Ошондуктан адабияттагы чоң аска, демек ал жөнүндө көп нерселерди айтууга болот. Мына ушундан улам казак менен кыргыз калкынан учуп чыгышкан мыкты таланттардын көбөйө беришине чын жүрөктөн тилектешмин. Бирок табигат ал сыяктуу адамдарды күн сайын жарата бербейт экен. Чындыгында табигаттын кереметтиги да ошондо. Ал табигат Чынгыз сыяктуу залкар адамды жаратуу үчүн эки, үч жыл эле толготуп бере бербей, ал узак даярданат көрүнөт. Кыргыз калкы “Манастан” кийин кылымдар бою боюна көтөрүп, узак толготуп жатып ааламга Чынгыз Айтматовду алып келди го? Мен Чынгыз Айтматовдун замандашы, калемдеши болуп жүргөн адамдардын биримин, аны көп жылдардан бери жакшы билем. Анын бир катар чыгармаларын казак тилине которгонмун. Ошондой эле бир катар чыгармаларынын сахналык варианттарын иштеп чыкканмын. Мисалы Чынгыздын “Саманчынын жолу”, “Кызыл жоолук жалжалым” сыяктуу повесттерин сахналаштырып “Ак кемесин” казак тилине которгом. Биздин казак жазуучулары Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын которуу ишинде болсун, алардын сахнага алып чыгуу жаатында болсун, алар жөнүндө адабий изилдөөлөрдү жазуу жагдайында болсун, бир катар иштерди иштей алышты. Эң алды менен маркум Нурмуханов “Жамийланы” которду. Андан кийин Абай атындагы казак мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, ири прозачы Шерхан Муртазаев жазуучунун бир катар чыгармаларын казак тилинде сүйлөттү. Ал акыркы “Кылым карытар бир күн” романын которуп басмага тапшырды. Чынгызга деген махабатыбыз казак калкында, казак окуучуларында күн санап өсүүдө. Биз Чынгыз жөнүндө айтып да, жазып да келүүдөбүз. Бирок чегине жетип, айттык жана чегине жете жаздык деп айта да албайбыз. Ал келечекки муундардын келечек замандардын мойнуна коюла турган жүк. Анткени, Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөөнүн, андан жаңы табылгаларды табуунун ага тереңдеп кирүүнүн чеги болбойт. Чынгыздын ойлорунун чегин андай-мындай болот деп эч ким айта да албайт. Ал мүмкүн эмес. Себеби Чынгыз Айтматов бир чыгармасынан экинчи чыгармасы, экинчи чыгармасынан үчүнчү чыгармасы бийиктеп бара жаткан жазуучу. Адатта жазуучулардын чыгармалары ар түрдүү болот эмеспи. Бир эле жазуучу бир эң мыкты чыгарма жазса, экинчи чыгармасы андан төмөнүрөөк болуп калышы мүмкүн. Ал эми Чынгызда мындай көрүнүш байкалбайт. Мен мындай ойго келдим эле: – Эми “Ак кемеден” кийин кандай ойду айтаар экен? Кантип айтаар экен? -деген. Эми жакында казак тилинде жарык көрө турган Чынгыздын “Бороондуу бекетин” салыштырганда “Ак кеме” бүлбүлдөп алыстан гана көрүнөт. Бул чыгармасы аркылуу жазуучу жаңы бир горизонттон көрүнгөн сыяктанды. Ал эмес Айтматовдун “Деңиз жээктей жорткон ала дөбөт” повестинен кийин да бир катар ойлор болгон. Бул чыгармасы аркылуу Чынгыз дагы бир көркөм бийиктигин көрсөтө алган эле. Чынгыз Айтматовдун чыгармалары заман менен убакыттын параметри деп айтаар элем. Биз анын чыгармаларын окуп жана кайрадан дагы окуп олтуруп, сыймыктана да, таңдана да, мактана да алабыз. Бул сыяктуу чоң талант мындай жазуучунун тагдырына бекерден-бекер келе калган жок. Бул тек гана Чынгызга таандык. Бул ага берген табигаттын мол казынасы.

ЖУРНАЛИСТ:Калтай ага, сиз жогоруда Чыңгыз Төрөкулович жөнүндө эң сонун ойлоруңузду ортого салып өттүңүз. Жанатан бери кыргыз журту, кыргыз адабияты, кыргыз жергесинен космостук ылдамдык, космостук күч менен атылып чыккан анын уулу Чынгыз Айтматов жөнүндө бир катар баалуу пикирлериңизди ортого салдыңыз. Сиз Чынгыз Төрөкуловичтин чыгармаларын которуучу, окуучу катарында гана эмес, ал киши менен бирдикте “Фудзиямага чыгуу” деген эң сонун философиялык драманы жазган авторсуз. Ал киши менен сиздин байланыш кандай болду? Кыргыз окуучулары сиздин атыңызды жакшы билишет. Эми жанатан бери бул саптарды окуп отурушкан окуучуларыбызга экөөңүздөрдүн байланышыңыздар туурасында айтып өтсөңүз?
МУХАМЕДЖАНОВ: – Ал чыгарманын жазылышына биринчи ирет себепкер болгон Чынгыздын өзү. Бул туурасында мындан бир нече жыл илгери немец журналына берген интервьюсунда толук айтып өткөн. Ошондо эле мындан бир топ жыл мурун жарык көргөн публицистикалык сын-макалаларында да толук айтылган. Ал туурасында менин китебиме жазган баш сөзүндө да кеп болот. Мен Чынгыздын чыгармаларын казакча которгонумду жогоруда айтып өтпөдүмбү. Күндөрдүн биринде мен Чынгызга кездешип калдым. Бул чыгарма тууралуу ал: – Мына ушундай темада бир повестти жазгым келип жүрөт. Ошол күндөрү Алма-Атанын түндөрүнүн биринде мына ушул чыгарма жөнүндө таң атканча сүйлөшүп жүрдүк. Мен ага: – Бул жөнүндө драма жазса абдан туура болчудай экен? – дедим. Анда ал: – Мен драманы өз бетимче жаза албайм. Экөөлөп жазалы деп калды. Маселе мына ошондон башталып кетти. Мен башында макул болуп коюп, кийин жазуу убактысында өкүнүп жүрдүм. Анымдын себеби Чынгыз деген чоң талант. Ал эми менин болсо ага мүмкүнчүлүгүм жетеби? Жетсе канчалык жетет деген суроо тынчымды кетирди. Иштөө убагында мен бул иштен кол үзсөмбү деген да ойлор болбой койгон жок. Бирок, айрым жагдайлар менен чыгарма чыгып кетти. Мен казакча вариантын Чынгызга алып барып бердим. Чыгарманын бир жылда канча вариантын иштедим. Мен дагы өзүмө жаккан вариант Чынгызга да жагып калаар деген ой менен бердим. Ал киши окуп чыгып: – Бул жакшы чыгып калган экен, – деп жактырып кабыл алды. Ал казакчадан орусчага которду. Которуу учурунда чыгарманы дагы тереңдете иштеди. Анын көп жерлерин алып салып, бир катар жерине жаңыларды кошту. Мен драматург катары драманын жол-жобосун жакшы билгеним менен Чынгыздын дагы көмөгү мага абдан чоң болду. Мен чоң жазуучунун ойлорунан чыгуу үчүн көп иштеп, көп окууга аракет кылдым. Ал эми Чынгыз болсо: – Калтай, сиздин бул ишиңиз мен үчүн өзүнчө мектеп болду – деди. Ал киши үчүн мен кандай мектеп болгонумду өзү билсин, бирок мен үчүн Айтматовдун жардамы теңдешсиз болгонун гана кайталагым келет. Кийинчерээк бул чыгарма Москвада коюлган мезгилде ал киши менен эки айга жакын бирге болдум. Дагы көп талкуулар, көп сөздөр айтылды. Эми бул чыгарманын тагдырын сиздер жакшы билесиздер. Кайсы жерде кандай коюлуп жаткандыктары, миңдеген көрүүчүлөр тарабынан кандай кабыл алынып жаткандыгы сиздерге көптөн маалым. Мен алардын ар бирине токтолуп отургум келбейт. Алып айтсак чыгарма Европанын 19 мамлекетинде жана Американын бир катар өлкөлөрүндө коюлду. Бул чыгарма убакыт өткөн сайын көп тилдерге которулуп, көптөгөн театрларга коюлуп келүүдө. Мына ушунун баары Чынгыз Айтматовдун зор талантынын руханий бийиктигин,чыгармачылык эргүүсүнүн бышыктыгын натыйжасы деп билем. Бул чыгарманын үстүндө иштөөдө бир катар талаш-тартыштар болбой койгон жок. Ансыз да мүмкүн эмес эле. Ошентип чыгарма өзүнүн бийиктигине, өзүнүн чегине жетип чыккан сыяктуу. Чынгыз Айтматов экөөбүздүн иштөөбүздөн улам анын мындай деп айтканы эсимде: – Бул драма жазуу балекет жумуш экен. Түркүн – түркүн жолу оңдоолор болбой койбойт экен, – деген эле. Ал киши драманын спецификалык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу айткан болушу керек. Биздин негизги чыгармачылык карым-катнашыбыз, ынтымагыбыз мына ушундай башталган. Бул күндөрдө да экөөбүздүн байланышыбыз жаман эмес, анын ар бир макаласын көңүл коюп караймын. Ал киши мейли радио аркылуу же телевидение аркылуу сөз сүйлөйбү, анын ар бирин иликтеп, ар сөзүнө маани бере кызыгуу менен угамын. Бул жалгыз мен эмес, Чынгыздын Казакстанда күйөрмандары өтө көп. Кат тааныган казакстандыктардын дээрлик бардыгы бул адамды жакшы билишет. Алардын дагы бир даарылары Чынгыз туурасында сурап, ал гана эмес, мага да кат жазышат. Өзгөчө жаштар Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгына бөтөнчө кызыгышат. Ошондой эле өз учурунда Чынгыз Айтматов дагы биздин чыгармачыл жаштарыбыздын сапарына ак жол каалап келет. Чоң-чоң адабий талкуулоолордо биздин чыгармачыл адамдарыбызга жол көрсөтүп, колтугунан сүйөп, агалык камкордук жасап жүргөн жакын тулганын бири, баятан сөз кылып жаткан Чынгыз Төрөкулович. Биздин жаштар Чынгыз Айтматовду ири устаты, чоң окутуучусу, ири саяпкери катары билишет.

ЖУРНАЛИСТ: – Калтай ага, жанатан сиз жакшынакай маек куруп келдиңиз. Сиз жогоруда өзүңүз айтып өткөндөй Чыңгыз ага тууралуу айтып олтурса күн батаарда таң атаар. Мен ушундан улам Чынгыз Төрөкуловичке байланыштуу дагы бир маселеге токтолуп, оюңузду кеңейтким келип жатат. Дагы эле сиздин сөзүңүзгө сереп салсак, айтылуу Манастын кыргыз рухунун биринчи жанар тоосу болсо, экинчиси Чынгыз Айтматов дедиңиз. Бул туура жана эң сонун берилген баа. Мына Чынгыз аркылуу кыргыз жазуучуларынан дагы кимдердин аттарын атап, кимдердин талантына таазим этээр элеңиз?
МУХАМЕДЖАНОВ: – Кыргызда таланттуу жигиттер көп. Ал жалгыз гана адабият тармагында эмес, ал көркөм өнөрдүн көп тармагында кезигет. Мага кээде мындай ойлор келет: – Мына ушунун бардыгы Чынгыздын талантынын натыйжасы го деген. Чынгыз кыргыз элинин руханий силкинүүсүнөн чыккан адам. Бул сөздү түшүнүп жаткан чыгарсыз. Руханий силкинүү дегенди эгер чечмелесе руханий жактан атып чыгуу деп чечмелээр элем. Ошонун тегерегинде, ошонун саябанында ошол чөйрөдө кыргыздын улуттук өнөрүнүн бардык тармагында чоң силкинүүлөр болуп жатат. Бул сөздү музыка жагынан да, сүрөт искусствосу жагынан да, албетте, биринчи кезекте адабият жагынан алып айтсак болот. Мисалга, кыргыздын жакшы прозачысы жана драматургу Мар Байжиевди алсам болот. Аны окуп олтуруп мен Марды да Чыкеңдин руханий сөөлөтүнөн сабак алган деп түшүнөм. Драматург Жакиев дагы бир топ таланттуу жигиттердин бири. Ошол сыяктуу поэзияда да бир топ таланттуу жаштар өсүп келе жатат. Мына ошолордун бардыгы Чынгызды туу тутуп анын бийиктигине, анын кадамынын залкарлыгына умтулушкан сыяктуу. Албетте, сиздердин аксакал жазуучуларыңыздын жолу болсо өзүнчө Аалы Токомбаев болсун, Түгөлбай Сыдыкбеков болсун, булардын жолу өзүнчө. Алар өздөрүнүн тарыхый вазипасын орундаткан адамдар. Алар өз мезгилинде өздөрүнүн тарыхый жүгүн көтөрүп келишти. Эми эстафетаны алар жаштарга беришкен учуру. Жаштар дагы тигил аксакалдар берген жүктү төмөн таштабай улам жогорулатып, улам бийиктетип алып бара жаткан учуру. Ошол бара жаткан руханий ири көчтүн алдында, көч баштоочу Чынгыз. Мисалы үчүн кыргыз өнөрүнүн ушунчалык бийиктешине себепкер болгон Чынгыздын чыгармалары экенин бул күндөрдө кимдер жокко чыгара алышат. Кыргыз киносунун дүйнөгө таанылышына дагы өзүнүн таасирин тийгизгендиги тууралуу айта берүдөн танбайбыз. Ал бул тармактын дагы ири көч баштоочусу, жетекчиси. Мен бул жерде Чынгыз Айтматовду Кыргызстан киноматографисттер Союзунун төрагасы катарында жетекчи деп айтып жаткан жерим жок. Ал бул тармактын да руханий жетекчиси, насаатчысы экендигин баса белгилеп отурам. Ошондуктан жыйынтыктап айтканда Чынгыздын бүткүл руханий дүйнөсү кыргыз адабиятына, кыргыз маданиятына гана өзүнүн таасирин тийгизип жаткан жок. Анын чеги кыргыз Ала-Тоосу менен казактын мелмилдеген талаасынан далай жылдар болгонунун биз жандуу күбөсүбүз. Ал дүйнөлүк адабий процесске, көркөм руханий жаңыланууга өзүнүн таасирин тийгизүүдө. Чынгыз Айтматов биздин кылымыбыздын эң ири сүрөткери болуп көркөм дүйнөсүнүн бийиктиги аркылуу келди. Ошондуктан ага карата кызыгуунун көбүрөөк болуп жатканы табигый көрүнүш. Чынгыздын чыгармаларында философиядагы үч биримдик эң сонун ишке ашырылган. Анын каармандарынын өткөнүн тереңдиги десек, кеңдигин бүгүнкү кези десек, болочогун бийиктиги десек ушунун бардыгы Чынгыздын чыгармаларынан кезиктиребиз. Бул күндөгү көптөгөн сынчылар али да болсо Чынгыздын көркөм дүйнөсүндөгү кат-кабат сырларын ачып бере элек. Булардын көпчүлүгү жазуучунун пропагандалоочу катарында гана келе жатат. Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын ички жана тышкы тереңдигин, көркөм маңызын дагы тереңирээк, дагы айкын-ачык ачуу иши келечек муундарга көбүн эсе тиешелүү. Биз болгону анын чыгармачылык кудуретине тамшануу, таң калуу менен келе жатабыз. Ал таң калуу кандайча болду, тамшанууну эмнелер жаратты? Бул суроонун тереңи алиге чейин сыр түйүнү болуп калууда. Ал үчүн Чынгыз Айтматовдун деңгээлиндеги акыл-жөндөмдү да, философиялык тереңдиги бийик сынчылардан болушу керек. Бул табылат. Бүгүн болбосо сөзсүз эртең горизонттон чыккан күндөй балбылдап жанып келээрине айныксыз ишенем. Мен бул сөздү айтуу менен Чынгыздын чыгармалары жөнүндө начар сын-макалалар жазылып жатат деген ойду айтуудан алысмын. Баардыгы жазылып жатат. Анын ичинде жакшылары да жазылып жатат. Мен бул жерде сынчы катары эмес окуучу катарында абдан жеткелең айтып жатышкандар өтө чамалуу го деп ойлойм. Чынгыздын бул күндөгү дүйнөлүк диапазону мына ушул ойлорду айтууга мени аргасыздантып жатат.
ЖУРНАЛИСТ: – Калтай ага, сиз жогоруда кыргыз адабияты менен маданияты туурасында, анын ичинде биздин замандын чоң калем кайраткери Чынгыз Төрөкулович Айтматов туурасында, ал киши менен жеке өзүңүздүн калемдештик карым-катнашыңыз, байланышыңыз жагдайында элестүү аңгеме салдыңыз. Элибизде мындай сөз бар. “Биринчи байлык ден-соолук” деген, анын сыңарындай сиздин ден-соолугуңуз чың, дениңиз сак, өмүрүңүз узун, көңүлүңүз ар дайым ачык болсун. Сиз жогоруда кыргыз адабияты аркылуу дүйнөлүк адабияттагы бийиктиктерди сөз кылдыңыз. Сиздин чыгармачылыгыңыз дагы ошондой бийиктиктердин биринен болушуна чыныгы тилегимди билдирем.

Маектешкен Тенти Орокчиев, “Назар” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 01.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.