Кыргыздын сол канатынын, кытай уруусунун санжыра тарыхы

(Башталышы өткөн санда)
“Ляо бийлиги 960-жылы кытайдын түштүгүндө пайда болгон жергиликтүү Сун дөөлөтүнө каршы туралды да, андан ары өмүр сүрдү” (В.В. Бартольд, V т.). Ошентип, X кылымда кидандар күчөп, Кытайдын түндүк-чыгышын (Пекин аймагын) ээлеп өз бийлигин орноткон.

Ошондон кийин Ляо дөөлөтү Орто Азияны каратууга көп күч-аракет жумшаган жери бар. Бу туурасында араб-перс авторлору мына буларды кабарлайт:
“Кийин Кидань мамлекетинин башчысы Амбаган 924-жылы мурдагы уйгур борбору Ордо-Балыкка келип, Уйгурдун Билге каганынын эстелигиндеги жазууларды өчүрүүнү жана ал таш бетине өз эрдиктерин жазууну буюрган экен. Ошол эле жылы Кидань аскери Гобиден өтүп, бир катар чыгыш Түркстан шаарларын басып алган. Уйгурлар да аларга багынган” (В.В.Бартольд, V т.).

“1010-жылы Кидань аскери Ганчжоудагы уйгурларга кол салды. Андан соң алар Жети-Суунун түндүк-батышына басып кирди. Абул-Фарадждын кабарына караганда 1014-жылы Чинден чыккан көчмөндөрдүн өтө чоң ордосу “Хунн” (кара кыргыз – О.А.) мамлекетинин чегине кирди. Бухара башкаруучусу Ахмат ибн-Али (1019-жылы өлгөн Кара кандын уулу) алардын алдын тосо аскер менен жүрдү. Кан суудай аккан согушта ал (Акмат) душмандарды талкалады да, чоң олжого ээ болду”. (Материалы по истории киргизов и Киргизии. М., Наука,1973,155-6.).

Экинчи кабарда бул жортуул 1017-жылы болгон. Кидандардын алдыңкы аскерлери Баласагундун четтеринде пайда болгондугу жайында берегидей кабарлар бар: “Чинден, – деп жазат тарыхчы Утби, – Ислам өлкөсүн (Сарттарды – О.А.), Түрк өлкөсүн (кара кыргыздарды – О.А.) жана калган Мавераннахрды ээлөө үчүн Туган ханга каршы (кидань) аскери жүрдү. Алар 100000 түтүн болучу да, мындай шумдукту мусулмандар мурда эч качан көргөн эмес эле”. Ибн ал-Асир ушул эле окуя жагдайында айтып келип: “408//1017-18-жылы Түрк урууларынан түзүлгөн 300000 түтүн үй-бүлө (туурасы 300000 адам – О.А.) алардын арасында хатаи да бар, Син (Чин-Кытай) жеринен чыкты да Мавреннахрга конуштады” (ошондо, 58-6.) деп жазат.

“408//1017-18-жылы Синден келген Түрктөр Баласагундан сегиз күндүк алыс жолдо турган. Ошондо ооруп төшөктө жаткан Туган кан жардам сурап мусулмандар турган аймактарга кайрылган. Натыйжада, өз ыктыяры менен 120000 жоокер чогулган. Туган кан ал аскер менен Синден чыккан Түрктөргө каршы аттанган да, 200000ин өлтүрүп, 100000 дейин туткундап, эбегейсиз мал-мүлк, алтын-күмүш олжолоп, Баласагунга кайткан” (ошондо, 58-6.).

Ляо бийлиги Тибеттик кыргыздарды да өз бийлигине баш ийдирүү үчүн көп аракет кылган, антсе да, тигилер ага баш ийген эмес.

“438//1046-47-жылы Тибеттен эсепсиз Түрк бүлөлөрү келди да, алар элге жакшы карарына карап Баласагун каны Арслан канга (бизди кабыл алыңыз деген өтүнүч менен) кайрылды. Келгиндер мунун мамлекетине эч тийиштик кылган жок, анын ордуна тигилер ошол жерге туруп калды. Ошондо (кан) аларга киши жиберип, берегилердин ислам динине киришин өтүндү эле, тигилер макул болгон жок, бирок, аерден кетип да калбады” (ошондо, 61-6.). “Ошо кезде Чыгыш Түркстанда чыгыштан келген кыйла көп кытайлар (Сол) болгон, кийин алар Елюй Дашиге (кривой-чалыр) кошулган” (ошондо, 65-6.). “Арслан кан Мухаммед ибн Сулайман 16 миң түтүн үй-бүлөнү Самаркан жакка кондурган. Максат – ушул кытайлар Каракан мамлекетинин батыш жагында калкан болуп туруш керек болгон” (ошондо, 65-6.). Тибеттен келген бул “түрк бүлөлөрү” VI кылымда батыш Вэй дөөлөтүнөн жеңилип, Ганьсу аймагындагы чек ара жерлерине жайгаштырылган кытай уругу эле.

Кидань мамлекети IX-X кылымдарда Ыраакы Чыгыштын, Борбордук жана Орто Азиянын, Кытайдын (Ханцзунун) тарыхында зор роль ойногон. Ал мамлекеттин башында Йолуй Абаоцзы (мурдагы Европа тарыхчылары кытай жазма санжырасындагы А-бао-цзы деген киши атын Амбагян деп туура эмес транскрипция кылган, а бирок да, береги сөздү бүт эрежеси боюнча биздин тилге тамгалай транскрипция кылганда А-бай-ке деген сөздү алабыз, бул Байтике деген ат – О.А.) турган. Ал 872-жылы туулган.Байтике кыргыздын кытай уруусунун экинчи баласы(жогору тамга).Байтикеден эки бала Төңтөгөр,Кыйра.

Ушу кытайлар да адегенде өздөрүнүн жол башчыларын байыркы кыргыздарды туурап, Чоң бий деп атаган. Ал береги кабардан даана байкалат: “1055-жылы Кидандарга барган Сун элчиси Би Чжун-ю өз ырында: “Жаңы жылдын күнүндө Шаньюйдун сарайында болдум” деп толкундана жазат. Ал бу жерде Шаньюй (Чоң бий – О.А.) деп Кидань императорун айтып атат” (МИС, 1968,128-6.). Демек, Байтике адегенде Чоң бий деген наамды алып жүрсө, кийин ал император деген атакты кабыл алган.

Жаңы империя башка өлкөлөрдүн көңүлүн өзүнө бурган. Алар менен Корея, Кытай (Ханцзу), Чыгыш Түркстандагы Бугу, андан соң катаган мамлекети, Япония, Персия, Арап халифаты өңдүү Азиядагы көптөгөн мамлекеттер соода байланыштарын, дипломатиялык мамилелерди, “тынчтык жана туушкандык” ынтымакташтыктарын түзгөн. Самарканддын чыгыш дарбазасы ошо заманда “Кытай дарбаза” аталган. Кара кандардын сарайында кызмат кылган Жусуп Баласагундун өзүнүн “Кут табуу билиминдеги” (1069) “Жаздын сүрөттөлүшү” жана “Соодагерлер жөнүндө” деген бөлүмдөрүндө: “Жаз келип, дарактар жашыл жамынып, жер кызыл-тазыл түргө келип, жашыл жибектей жайкалган кезде кытай кербенчилери табгач кездемелерин таратты” деп жазат!

Кидандар Асманга (Тэңирге), Жерге, Күнгө жана башка бардык арбактарга көк (серый) буканы жана ак жылкыны (ак боз бээни) курмандыкка чалган. Алар Айга гана курмандык чалган эмес.

Азия тарыхында Түндүк Кытайда өз бийлигин орноткон түндүктөгү көчмөндөрдүн ичинен эң биринчи болуп, так ушул кытай уруусу өз жазмасын (тамгасын) түзгөн!

“Кытай(кидань) жазуусун жараткандар кытай уруусунун бийлик башындагы ( Төңтөгөр – О.А.) менен императордун жээни Елюй Лубугу ( Кыйра – О.А.) болгон. Елюй Абаоцзынын ( Байтикенин – О.А.) уулу Елюй Тела (Тулуй Төрө – О.А.) ошол жазуунун экинчи түрүн – “кичи кытай жазуусун” түзгөн. “Чоң кытай жазуусу” кытай (ханцзу – О.А.) иероглифтери (сызыктары менен чекиттери) сыяктуу эле алиги эле элементтерден түзүлгөн, ошентсе да, башкача топтоштурулган” (Стариков B.C., Наделяев В.М., Предварительное сообшение о дешифровке киданского письма, М., 1964). Антсе да, ал жазууну B.C. Стариков да, В.М. Наделяев да окуй алган эмес. Кидандардын өз жазуусу гана болбостон, өз адабияты, анын ичинде тарыхый китептери да бар эле. Бүгүнкү күнгө тигилердин жазмаларынын азы гана жетти, бирок булар да ушу күнгө дейре окула элек, себеби, алар кыргыз тили аркылуу гана окулушу керек…

Ушу жерден эң башкы нерсеге токтололу. Ал Куу уул тукумдарына жатчу эзелки Кытай уруусунун илгерки тамгасы. Тан санжырасында береги уруунун эгелери алиги император сарайына бир нече жолу келгени жазылып калган да, алар Тан падышасына өз элиндеги күлүктөрдөн белек кылган жери бар. Өзүңөр билесиңер, биздин элде мейманга же кадырлуу адамдарга чыгаан куш, алгыр тайган же аргымак тартуулоо элдик салт болгон. Ал эми башка өлкөлөргө барганда береги өлкөнүн падышасына мындай тартуулар эки же үч эселеп берилген. Андайда, “колунда талканы бар бала сүйгүнчүктүү” дегендей, көчмөндөр тигил өлкөнүн чоңдору тарабынан абдан жакшы кабыл алынып, чоң сый-урмат көрүп, кайра тартканда алиги өзүлөрү тартуулаган нерселерден алда-канча көп белектерди алып кайткан. Албетте, буерде биз үчүн эң башкысы бул эмес, жанагы күлүктөргө басылган кытай уруусунун байыркы тамгасы! “Таньхуйяо” жылнаамасында береги көчмөндөрдүн ошол жылкыларга басылган Т тамгасы чийилип калган. Бул, акыйкатта, алиги кытай уруусунун жанагы Түндүк Кытайды басып алып, өз дөөлөтүн орнотконго чейинки эң эзелки тамгасы эле.
Иш жүзүндө, ар бир уруунун тамгасы тээ байыркы замандарда эл башылар менен карыялардын жалпы жыйыны тарабынан кабыл алынган да, ал өзүлөрүнө тектеш башка уруулардын эч биринин тамгасына окшош болууга тийиш эмес экен. Не дегенде, ал тамга береги уруунун жылкыларына басылган да, тигил уруулардын малдары аралашып кеткенде көчмөндөр ошол тамгалар боюнча өз малын ажыратып алган. Алиги кытай уруусунун тамгасы кыргыз урууларынын ичинен ушуларда гана бар.

Не дегенде, бүгүн бизде туруп аткан кытай уруктарынын көпчүлүгү алиги император дөөлөтүнөн тарайт. Алар X кылымда “Түндүк Кытайга өз бийлигин орноткон даңазалуу тукумдан, түбү келип евроазиянын чаңын асманга чыгарган байыркы кыргыздардан келип чыккан.

Акыйкатта, 1017-1018-жылдардагы батышка жасаган чапкынында Кара кандар дөөлөтүнөн катуу жеңилиш тапкан Кытай кандыгы алсырай баштаган.

“Ошондон баштап кытай кандыгына таандык болгон кытай уруулары жана бул кандыкка багынган башка тайпалар үзгүлтүксүз көтөрүлүштөрдү чыгарат. Бул көтөрүлүштөрдө анын карамагындагы ханзулардын күрөшү чоң маңызга ээ болгон. Анткени, Кытай Кандыгында алар сан жагынан көп салмакты ээлеген. Коомдук жактан кытайлар башка багынды тайпаларга өтө зор таасир берип турган. Ханзулардын көтөрүлүштөрү башка тайпалардын кытай бийлигинен кутулуусуна пайдалуу шарттарды жараткан.

(Уландысы кийинки санда)

Анарбек Усупбаев, “Манас Ордо” коомунун төрагасы, техника илимдеринин кандидаты,
“Эл сөзү” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 01.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.