«Кыргыз Эл» коому Мургабдык кыргыздарга окуу жана көркөм адабият китептерин белек кылды

2009-жылдын 22-октябрында Тажикстандагы Тоолуу Бадахшан автономиялык облусунун Мургаб районунун раиси Майрамбек Тойчиевге «Кыргыз Эл» коомдук фондунун демилгеси менен алып барылган 20 миңден ашуун 36 түрдөгү жалпы баасы 1 млн. сомду түзгөн кыргыз тилиндеги окуу жана көркөм китептер тапшырылды.

«Кыргыз Эл» коомдук уюмунун өкүлү Эркин Абдыкадыровдун айтымында, Мургабдык кыргыздар бул жардамды көптөн бери күтүп жаткандарын айтышып, өз ыраазычылыктарын билдиришкен. Белекке тапшырылган китептер Мургаб районундагы 13 кыргыз мектептерине жана китепканаларга таркатылмакчы.

Белгилей кетсек, Тажикстанда 81 миңге жакын кыргыз бар. Алар негизинен Жергетал жана Мургаб райондорунда жашап келет.

«Кыргыз Эл» коомдук уюму патриоттук сезимди жана улуттук аң-сезимди өстүрүүнү, улуттук салт, үрп-адатты сактап калуу, улуттук чыгармачылыкты өнүктүрүү боюнча иштерди алып барат.

Э.Мурас

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.