Сүймөнкул – улут күзгүсү

Тагдырдын ушунусуна да шүгүрчүлүк! Сүймөнкул Чокморов таланттуу сүрөткер жана улуу аткаруучу менен бир эки эле ирээт жолукпай бир нече сапар бетме-бет отуруп улуу сөздүн учугун улап, сырдашып, өткөн өмүр, жасалган иштер жөнүндө төрт саатка чукул эфирге алып чыкканымды, ал киши менен болгон экинчи маегимдин кагазга түшкөн саптарына көз чаптыра берип. Сүймөнкулдун жаркын элесин дагы бир ирээт көз алдыма келтирем.

Оо ат-тиң дүйнө, ушул сыяктуу асыл адам арабызда азыр жок! Оо дүйнө сапар тартканына эле бир топ болуп кетиптир. Адам баласы аралашып маңдай-тескей отурганыңда анча баалабайт экенсиң? Эми Сүймөнкул жөнүндө айтса, көп-көп эле сөз тизмеги чубалчудай. Муну келечектин иши дейли?! Азырынча жогоруда сиздерге сунуш кылына турган дил маек менен эле чектелели? Мына, сиздер окуй турган маек улуу сапардын, демек чыгармачылыкка түшүүнүн башаты, балапан курагы экен. Демек, сөзүбүздү кайталабай суроого кезек узаталы.

О. Тенти: – Сүкө, биз өткөн жолку маектешүүбүздү балалык курак, искусствого келиш сапарыңыз, анын оош-кыйыштары жөнүндө кеп кылган элек. Чынында эле бардык нерсенин башаты балалыкта экенин эки жерде эки төрт дегендей делилдөөнү талап кылбаган нерсе. Бүгүн маектешүүбүз ошол эле нерсени дагы улансак деген ойдомун.
Ч.Сүймөнкул: Ооба, жакшы болот. Бүгүнкү күндө иштеп жаткандарымдын дээлик бардыгы ошол мен бала кезде айылдан көрүп, өзүм аралашкан темалар десем болот. Алардын ичинде айылдаштарымдын портреттерин бүтүрдүм. Алардын ичинде эмгектин алдыңкылары менен согушка катышкандар негизги орунду ээлейт. Мен не себептен ошол адамдарга кызыгам? Анткени, алардын өң-түсү, баскан-турган турпаты сүрөтчүнү өзүнө тарткан касиеттерге өтө эле бай. Биз бүгүнкү күндүн адамдары, бүгүңкү күндүн темасы деген сөздү көп айтабыз. Ошону менен алардан бир нерсе табууга аракеттенип мүмкүн болушунча издейбиз. Бирок негедир зарыл нерселерди таба албайбыз. Мунун себеби бүгүңкү шаардык да, айылдык да замандаштарыбыз галстук тагынышкан, өңдөрү жылма, кийген кийимдери да таза жаркырап турушат. Ушул себептен мен бүгүңкү замандаштарыма, бүгүңкү темага өтө аз кайрылдым. Көбүнчө айылдын тон, ичик керзи өтүк кийген чабандары, жылкычылары, уйчулары мени көбүрөөк өзүнө тартат. Бирок ошол айыл адамдары да мурдакыдай болушпай бузулуп, кадимки Европалык шляпа, костюм кийишип калышпадыбы! Менимче 50-60- жылдарда кызыга турган, кызык кейипкер адамдар көп болушчу. Өздөрү да, кийген кийимдери да келишкен, буркуйган албеттүү, күчтүү, ички дүйнөсү да бай, бири-бирине анча окшошпогон адамдар көп болгон. Бүгүнкү күндө шаардын тегерегинде да андай адамдар бар. Алар өтө эле азайып калды, болсо Нарын, Ысык-Көл, Оштун Алай , Баткен, Лейлек тараптарында гана болбосо жокко эсе.

Ошондой кызык өзгөчөлөңгөн адамдардын жанында жүрсөң өзүңдүн көрүүң ар түрдүү жана бай болот. Андай адамдардын, каармандардын ар бири сага сүйлөгөн сөзү, кылган иши, ички дүйнөсүнүн кеңдиги менен сага кубат, дем болуп турат. Алар күнгө көбүрөөк күйүшүп, шамаал, жаан-чачкынга өздөрүн көбүрөөк тотуктурушкан чыныгы каармандар. Мына ушундай адамдар менин көңүлүмдү өзгөчө буруп, чыгармачылыгыма мөрүгүстүк жаратат. Бирок, негедир олуттуу бир нерсеге топтой албай келдим. Менин байкашымча кыргыз элинин сырткы көрүнүшү негедир мурдагыдай болбой өзгөрүп бара жатат. Мына экөөбүз бул жерде сүйлөшүп олтурабыз. Кийген кийимдерибиз Франциянын же Бельгиянын костюмдары. Элдин баары эле чет өлкөнүн, чет жакалык буюмдар деп эле тырмышып калдык. Кыргыздын кийимин кийген бирөө да жок. Бул кезде өзүбүздүн улуттук кийимди кийип калсак, ошол эле кыргыздын өздөрү, бир бөлөк-бөтөн нерсе көргөнсүп элейип карап калышат. Бул эмне? Бул туура эмес. Биз тескерисинче улуттук кийимдерибизди кийсек, алар кандай жарашыктуу, кандай кооз!! Кадимкидей тиктирип алып көпчүлүгүбүз кийип жүрсөк сонун гана көрүнөр эле. Келген меймандар да:
– И бул кыргыздын жери экен? Кыргызстан экен, элинин кийимдери да ушундай турбайбы, -деп.

О. Тенти: – Аныңыз чын, баарыбыз тең инкубатордон чыккан балапандардай окшош болуп деген салыштыруу келтиргиңиз келип жатат сыяктуудай?
Ч.Сүймөнкул: – Ооба дал өзү, андан эч кандай деле айырмабыз жок.

Европалык кийимдерди кийип улуттук өзгөчөлүгүбүздү жоготуп бара жатабыз. Бул туура көрүнүш эмес. Биз эч кылчаңдабай коркпой-үркпөй тилибизди, үрп-адатыбызды сактап калууга аракет кылышыбыз керек да. Менин оюма ушундайлар келгенде, көп-көп капа болом. Өтө туура эмес саясат жүргүзүлүп келген, бул күндөрү да ошондон бошоно албай жатабыз. Ушундай эле жол менен жүрүп отурсак өзүбүздүн маданиятыбыздан, өзгөчөлүгүбүздөн таптакыр кол жууп калышыбыз мүмкүн. Кээде ушул маселелерди айтсаң айрым жолдоштор:
– эми аны эмне кылабыз. Дүкөндөргө түшпөсө, аны тигиш керек, антиш керек, минтиш керек, – деген сөздөрдү угасың. Бул абдан өкүнүчтүү. Эң жок дегенде майрамдарда кийип көчөлөргө чыксак болбойбу? Жада калса бул дагы колго алынбай, улуттук кийимдерибизди театр, филармониялардын сахналарынан гана көрүп калдык.

О Тенти: – Мунуңуз жөндүү кеп, буга кантип гана кошулбайсың. Ал да болсо эки, эки жарым саат ойноп кетишет.
Ч.Сүймөнкул: – Мен ушундай нерселер жөнүндө бала кезимде эле ойлоп жаман капа болоор элем. Мен бала кезимде айылдардагы кыргыздарда кандай сонун ат жабдыктар болоор эле. Ошондой эле мүнүшкөрдүк өнөрчү? Бул да өзүнчө кызык, кайталангыс нерселер. Мына бүгүңкү күнү ошол нерселерди киного тарталы деп канча аракеттенсек да табылбай канча убара болуп жүрөбүз? Ошондой эле жерибиздин да кумары кетип жатат. Мен бала кезде миң түркүн гүл сызылып турчу аймактарда бүгүн Коко тикенден башка эч нерсе жок. Мына булар туурасында, жаратылышты коргоо жаатында акыркы жылдарда көп эле сөздөр айтылып жатат. Бирок жыйынтык чыкпай келүүдө. Бул өзүнчө сөз кыла тургна олуттуу тема. Мен буларды эскерип жатканымдын себеби, мен тиги балалык чагымда башталган чыгармачылыгымды эстеп, ошолордун түздөн-түз таасирине ой жүргүтүп отурам. Менин эң алгачкы чыгармаларымдын бирин “Эне” деп атагам. Өзүмдүн апамды негиз кылып алып сүрөт тарткамын. Ал апама окшошкон да, окшошпогон да жагы бар.

О. Тенти: – Аныңыз туура, сиз жалпыланган образ түзүшүңүз керек да! Же өзүңүз айткандай апаңызды болгондой опокшош тартып койсоңуз чыныгы эненин образы болбой калышы да мүмүкүн. Же тескерисинче?!
Ч.Сүймөнкул: – Туура айтасыз, натуралист болбой энелердин дүйнөсүн жалпылап бергим келген. Мен үй-бүлөдөгү он бир баланын эң кичүүсү болгондуктан бир аз эрке өсүп калган жагым да бар. Бирок ал жагына деле анча берилбей эмгекчилдик жагынан көбүрөөк тарбия алдым. Мен Ленинградка сапар тартып кетээр алдында: -Апа, мен 6 жыл окуй турган окууга кетип бара жатам. Мүмкүн окууга өтпөй калсам ошол жерде иштеп калам. Барып эле окууга өтүп калам деп айта албайм. Конкурс деген бар. Аерге бүткүл Советтер Союзунан чогулуп келген балдар барат. Эгер өтө албай калсам спорт машыктыруучу болуп бир жыл иштеп, экинчи жылы өтүүгө аракет кылам, -деп айткам. Чындыгында эле мен көркөм сүрөт академиясына аябай кызыгып, өтсөм, окусам дегенде эки көзүм төрт болоор эле. Ага чейин Усубалиев, Керимбеков,Молдокматовдор бүтүп келишкен эле. Алар андагы бизге кол жеткис улуу сүрөтчүлөрдөй көрүнчү. Ошентип Ленинградка кетээр алдында мен апама жогорудай сөздөрдү айтып буларды кошумчалаганым эсимде:
– Жүрү апа, тиги Фрунзе вокзалынан узап кетем. Мени узатып кой, -десем апам.
– Жок, мен барбаймын, -деди, анда мен:
– Эмне болуп кетти, -десем. Чолпонбай деген эң улуу байкебиз согушта каза болгон. Ал армияга кеткенде 18 жашында мугалим болгон бир топ тың чыккан жигит эле да. Апам:
– Мен ошол Чолпонбайды узатып вокзалга баргам, ал ошол бойдон катпай калды, – дейт.

О.Тенти: – Бир чети ишеним катарында жүрөгүндө калган экен да.
Сүймөнкул: -Кудай деген киши да. Сени да ошол жерге барып узатсам, сен да келбей калышың мүмкүн. Кой өзүмдүн ушундай оюм бар. Уулум сени ушул эле үйдөн жөнөтөйүн -деп үйүбүздүн жанында чоң бак болоор эле. Ошол бактын түбүндө отурган бойдон калган. Биз коңшу айылга чейин жөө барып ал жерден автобуска түшүп кетчүбүз. Мен жөө басып улам, улам артымды карап коюп кетип бараттым. Апам отурган боюнча отурат, ал кишинин чоң жоолугу болоор эле. Ал бир жак ийнине түшүп турат. Ошол көз алдыман кетпейт. Кийин апамдын ошол олтурушу эсимде калыптыр, ошону элестетип тарткан элем. Кийин сүрөт академиясын аяктап келген соң, эненин портретин тартууну ойлонуштура баштадым. Жөнөкөй эле отургузуп тартып койсоң болбойт. Андан эч нерсе чыкпайт. Андыктан кандай кылып эненин кандай учурун эске алыш керек деген толгон токой суроолор турду. Ары ойлоп, бери ойлоп отуруп көзүнүн жашы жаңы эле кургаган эмнегедир бир жагынан капалуу, экинчи жагынан сүрдүү, турмушка түз карап бышкан эненин портретин жараттым. Бул сүрөт азыр музейде сакталып турат.

О. Тенти: – Сүкө бул сиздин биринчи чыгармачылыңыздан экен?
Сүймөнкул: – Ал сүрөтүмдүн жаратылышы ушундай болгон эле.

О. Тенти: – Кыргызыдын жаны катылган
Кыргыздын жолу катылган
Кылымдан келип бу Манас
Кыйла сыр белем ачылган

Өткүндөй учуп бул учур
Нөшөрдөп кайра басылган
Ушундай улуу бир дастан
Укмуштун көбүн бастырган – деп айтылып Манас туурасында акын ырына кошкондой өнөрканаңызга баш бакканда эле маңдайымда айтылуу Сакемдин көөнөргүс элесин көрдүм.
Бул бекеринен турбаса керек деген да ойго кетпей койгонум жок. Деги эле сизге Саякбай темасы кандайча келди? Ошол эле айылдаштарыңыз, апаңыз сыяктуу эле Сакемдин өлбөс-өчпөс сыйкыры эртелеп эле өзүнө тарткан сыяктуудай? Бул айтылгандын канчалык чындыгы бар экенине токтоло кетсеңиз?
Сүймөнкул: – Ошондон кийин Саякбай Каралаевди тартууга кириштим. Ал кишини кандай тартсам деп көп-көп ойлондум, жолун издеп аны тиги жагынан, бул жагынан тартып эскиздерди иштей баштадым. Ленинграддагы сүрөт академиясын бүтүп келип борборубуздагы сүрөт окуу жайында сабак берем. Ошол окуу жайынын бир бурчунда бир бөлмө үйүм болоор эле. Эң алгач мугалим, андан соң окуу бөлүмүнүн башчысы, аягында директор болдум. Ал кезде турмушум бүтүндөй ошол окуу жайынын чөйрөсүндө өтчү. Күндөрдүн биринде көчөгө чыгып турсам эки Болот көчөдө келе жатышыптыр. Шамшиев жана Бейшеналиев Болоттор эле. Ал кезде Шамшиев Болот Чынгыз Айтматовдун “Биринчи мугалимин” тартып республикабызда аты жаңыдан дүркүрөй баштаган кези болчу. Фильмдин айланасында көп сөздөр жүрүп, бир дары жакшы дешсе, экинчи дары жаман дешип жаткан. Аны мен сыртынан таанычумун. Алар:
– Ой, салоому алейкум, – дешти, мен дагы.
– Алейкума салоому, – деп биз токтоп сүйлөшүп калдык. Ошол кезде Болот экинчи киносун тартканы жүрүптүр. Ал мага:
– Сен Мухтар Ауэзовдун “Караш-Караш окуясы” китебин окудуң беле – деди.
– Мен ага:
– Жок окуган эмесмин! – Мухтар Ауэзовдун бир топ чыгармаларын билем, бирок андай повестерин окуган эмесмин, -дедим. Андан соң мени карап, бүткүл турпатыма өйдө-ылдый көз жүгүртүп, улам-улам эле байкоо салгансып калды. Мен муну анча деле оюма албай:
– Караса карай берет да, бир нерсеме кызыгып атабы, -деп да койдум өзүмчө. Көрсө Болоттун жанында Болот Бейшеналиев “Караш-Караштагы” Бактыгулдун образына барып сыналып жүрүптүр. Мен деле жөнөкөй эле кийинип алгам, өзгөчөлөнгөн деле эч нерсем жок, бутумда спорттук бутка салмачан жүргөм. Ал кезде жаш кезибиз, балдар менен топ ойноп, сабак беришип аралашып эле жашап жүрчүбүз.
Ошондо мага көз жүгүртүп турган Болот:
– Ай Сүймөнкул, мен “Караш-Караш окуясы” деген фильм тарткан жатам. Ошондо Бактыгул деген каарман бар. Ошону ойной тургандарды сыноодон өткөзүп жатабыз. Сен да келип көрсөң, – деп калды. Бул сөзгө:
– Мен Ленинградда окуп жүргөндө “Жоро” деген кино тартылып жатканда мени чакырышкан. “Жоронун” ролуна жарабай калгам. Биз атмайданы чабылчу жерге барып аттардын сүрөтүн тартчубуз. Ошентип иштеп отуруп бир чети кызыга аттардын ээсине мындай дедим:
– Атыңды бир үч-беш мүнөткө берип турбайсыңбы? Ат мингенди сагындым, ары бери бастырайынчы – деп сурасам:
– Сен ойлобо, жыгылып калсаң сен үчүн жооп беришим керек. Азоо-деп калды. Анда мен:
– Коркпогун, мен аттын үстүндө чоңойгонмун! Мага ары-бери желдирүүгө улуксат кыл, -дедим. Бул өтүнүчкө:
– Анда болуптур минсең мин деп мага макулдугун берген да. Ошентип жүрсөм “Жоронун” режиссерлорунун бирөө темир тордун сыртынан байкап калып бизге келип киного түшкүн, -деп мени чакырып жатпайбы?
Эртеси айткан жерине барсам, кыргыздардын бир тобу ошол жерде жүрүшөт. Алар менен сүйлөшүп бир топ черимди жазып, бирок сынактан өтпөй кеткен элем. Болотко ушул окуямды айтып бердим да. Мен өтпөйм, Сахаров деген бир еврей режиссёр албай койгон, -дедим. Анда ал:
– Анда, андай болсо болгондур, бирок байкап көрөлү, -деди.
Анда мен.
– Биринчиден убактым жок, бул окуу жайында директормун, сабак беремин, анан сүрөт да тартышым керек, -дедим.

(Уландысы кийинки санда)

Маектешкен Тенти Орокчиев, «Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 04.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.