Калем: Чыгармачылыкты курбу кылган кыз

KalemЖаркын Жаныбек кызы Бишкектеги Б. Алымов атындагы №39 орто мектептин 11- классынын окуучусу.

Чыгармачылык – бул менин эң жакын досума окшош. Алгач ыр жазуу туурасында анчейин ойлонгон эмесмин. Кийин атамдын каза болушу мага кандайдыр бир саптарды курап, поэзияга кызыгууну шарттады. Анан ыр жаздым азыр обон да жаратып ырдап калам.

Ал эми окуучулар арасында чыгармачылыкка, өзгөчө ыр жазууга кызыгуу арткандар дээрлик жок. Мүмкүн азыр анын баркын анчалык түшүнбөйбүз.

Мугалим

Мугалимдер эне-атадай баарына,
Айтат акыл баарыбызга жалына.
Сенин берген зор билимиң алдында,
Атактуулар, атактуудур жалпыга.

“Жакшы бол” деп айтып сөздү кайталап,
Сенин берген билимиңди аркалап.
Келет дайым күбө болуп чар тарап.
сиздер берген кооз билим алдында,
биздин мектеп гүлдөйт дайым салтанат.

Энеке

Энеке эркелетип бакканыңа,
Үшүсөм жылуу төшөк жапкаңа.
Карызмын кутула алгыс өмүр бою,
Тогуз ай тоголотуп бакканыңа.

Энекемдин пейили кенен ай ааламдай,
Пейилине суктанамын,
Мен таңгалбай.
Кара чачын буру басты аппак кардай.

Кудайым энекемден ажыратпа,
Олтурсунчу ал төрүмдө ажарлана.

Ысык-Көл

Тоо койнуна жарашкан,
Ысык-Көл кыргыз деңизи.
Суктанып ар ким карашат,
Көркөмү сонун жеримди.
Айтууга такыр сөз жетпейт,
Акактай тунук көлүмдү.

Соң-Көл

Күзгүдөй болуп жылтылдап,
Соң-Көлүм жатат чокуда.
Жээгинде жүрөт жайылып,
Малдары жүрөт коктуда.

Туптунук сонун Соң-Көлүм,
Жайгашат жайлоо чокуда.
Балыктар сүзсө кошулуп,
Жылкылар үркөт кошкуруп.

Жазгүл Жамангулова, “Азаттык”, 08.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.