Атай комузчу, ырчы гана эмес, куйкум сөздүү куудул эле

Өлбөс-өчпөс эстелигин калтырып, чыгармалары бүгүнкү күнгө чейин жүрөктүн түпкүрүндө орун калтыргандар саналуу. Ошолордун бири комузда кол ойноткон, атактуу ырчы, обончу, КР эл артисти Атай ОГОМБАЕВ 1949-жылы 20-декабрда жарык дүйнө менен 49 жашында оорунун азабынан коштошкон. Улуу залкарыбыздын дүйнөдөн кайтканына 20-декабрда 60 жыл болот, Атай Огомбаев туурасында туңгуч музыка изилдөөчү, ардактуу профессор, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Балбай АЛАГУШЕВ менен бирге эскерип, бир канча сүрөттөрүн көрсөтүп, кеңири маалымат берди.

Чыгармачылыктын чыйыр жолу
Атай Огомбаев 1900-жылы Талас областынын Көк-Кашат айылында туулуп, өскөн. Атайдын атасы Огомбай ата укмуш балбан адам экен, 7-8 киши жыга албаган жылкыны жалгыз көтөрүп чапкан, көчүп-конуу убагында жыгылган төөлөрдү жалгыз тургузуп эл алкышына татыган балбанчылык өнөрү болуптур. Атай 6 жашында ата-энесинен ажырап, жетим калып, Султанаалы аттуу агасынын колунда өсөт. Бала кезинен ыр-күүгө ынак болуп, боз улан кезинен эл арасына ырчы, комузчу, обончу катары таанылат. Өзгөчө 1923-жылы Токтогул Сатылгановго жолугуп, комузда кол ойнотуунун сырларын үйрөнүп, таалим-тарбия алган. 1935-жылы филармонияга артист болуп кабыл алынат. Атай менен Токтогул көпчүлүктөн айырмаланып, комузда кол ойнотуп, араларында ыр, сөз коштоп, айтым күүлөрдүн алпы болгон. Бүгүнкү күнгө чейин ырларын ырдап, өзгөчө “Ой, булбул”, “Күйдүмчок”, “Жаштар”, “Гүл” аттуу ырлары 1939-жылы декадада тасмага жазылып калыптыр, андан башка бир да күүсү, бир да ыры жазылган эмес. Ошол чыгармалар ушул күнгө чейин жаштардын жан дүйнөсүн эргитип, ырахат тартуулап келүүдө. Огомбаевдин ырларын жөнөкөй ырчыдан тартып, опера ырчыларына чейин ырдабаган ырчы калган жок.

Караңгыда көз тапкан, чукугандай сөз тапкан куудул эле
Атай жарык маанай, шайыр болгондуктан, кандай адам болбосун тилин тапкан, шайдоот, тамашакөй, калемпир-мурчун аралаштыра сүйлөгөн куудул да болгон. Муратаалы, Карамолдо, Ыбрай, Шекербек, Алымкул, Осмонкул, Калык ж.б менен ата-баладай бирге жүргөн. Атай толгон чыгармаларынын ичинен “Ой, булбул”, “Күйдүмчок”, “Жаштар”, “Гүл” аттуу төрт гана чыгармасын өзү аткарган. Калган ыр-күүлөрүн Шекербек, Асылбек, Мейилкан Козубекова, Бейшенаалы Кулболдиевдердин аткаруусунда бизге келип жетти.

Атайдын тубаса таланттуулугу
1939-жылы Москвада кыргыз адабиятынын искусствосунун алгачкы декадасы болуп, Атай Огомбаев өз демилгеси менен 1-жолу “Комузчулар” ансамблин уюштурган. “Маш ботой” күүсүн шакирттери Сексенбай Айманбетов менен Бейшенаалы Күнболдиевдер менен кол ойното чертип, Москвалыктарды таң калтырган. Атайдын эмгеги менен түзүлгөн “Комузчулар” ансамблине быйыл 70 жыл толду. Ошондо таң калтырганы туурасында эл артисти Ашыраалы Боталиев мындайча эскерет:
“Бир нече номерден кийин кезек Атай Огомбаевге келди. Мен сахнага чыгып кезектеги номерди кулактандырып, бир отургуч, бир табуретка койдум. Атай сахнага чыгып, отургучка отурду да комузун толгоп “Ак тамак, Көк тамак” деген күүсүн колун эбелектетип черте баштады. Бир маалда табуреткада турган бычакты ала коюп, чертип кирди дейсиң, электрдин жарыгына бычак чагылышып, ого бетер кереметтүү кооздукка бөлөндү. Ложада отурган Сталин кылчая калган эле. Климент Ворошилов аны акырын ийинге түртүп, сөөмөйү менен Атайды көрсөттү. Сталин көрө калып, кол чаап жиберди. Залда отургандар дүркүрөтө кол чаап, коштоп кетишти. Сталин Атайдын колун кармап көрүп “Сөөк жок экен десем бар тура” деп таңданган экен. Атайдын аткаруучулук чеберчилиги үчүн Сталин Атайга эки куту күмүш кашык, 50 миң сом, өмүр бою Сталин атындагы стипендия дайындап берген”.

Кайталангыс касиетине көпчүлүк таңданчу
Өзгөчө кереметтүү касиети музыка угуусу мыкты өнүккөн. Анткени, орустун музыкасы болобу, татар, өзбек ыры болобу кулагына шак илип, эсине жазып койгондой сактап кайра ыр болсо ырдап, музыка болсо комузда ойноп берчү. Муну табигатта сейрек кездешүүчү талант экенин эл артисти, композитор, дирижер, Петр Федорович Шубин мындайча эскерет: “Атай нотаны билбейт, оркестрде музыканы угуу менен ойнойт, аны менен көнүгүү өткөрүү өтө жеңил. Мен Атайга өмүрүндө тааныш эмес, жаңы күүнү же ырдын обонун роялда ойноп берсем, ошол замат комузда кадимкидей аткарып берчү”.

Талас эли талантын унуткан жок
Заманыбыздын залкары, кайталангыс талантыбыз, классик обончубуз Атай Огомбаевди буга чейин эч ким эскерген эмес эле, 100 жылдыгына карата демилге көтөрүп, ноталарын, күүлөрүн жыйнап, китеп чыгардым. Китебине, талантына таазим кылгандар Кеңеш Карачев, Искендер Айдаралиев, Жайнаков, Мамбетов, Субанов, Кадыралиев, Назаралиев, Досалиев, Курманбаев, сыяктуу жигиттер жана Талас элинин атка минерлери каржылады, ошентип Атайдын 100 жылдыгын өткөргөнбүз. 2001-жылдын 27-28-29-июлунда жамгыр тынбай төксө да, эл кыймылдабай Огомбаевдин чыгармаларын угушту. “Талас таңшыйт” аттуу фестивальда төкмө акындар, манасчылар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ошондо Атай кайрадан тирилип келгендей таасир калтырып, элдер моокуму кана майрамдашты. Бирок, эмне үчүн филармонияда эскербейбиз? Улуу залкарларды эскерип, өлгөндөрдү эмнеге урматтабайбыз? Булардын чыгармасы жашаган соң, демек тирүү, ысымы айтылууда. Мындай нерселерге көз жумуп, өлгөн улуу инсандарыбызды сыйлай албаганыбызга ичим ачышат.

1935-1947-жылга чейин филармонияда иштеп, 1947-жылы ден соолугуна байланыштуу айылга көчүп кеткен. Көк-Кашат айылында ага-тууганы там салып бергенче боз үйдө күн кечирген. Алгачкы зайыбы Жумагүлдөн Саадат, Саадакан аттуу кыздары болгон. Жумагүлдүн көзү өтүп, Шайымканга баш кошуп Саясат аттуу кыздуу болгон. Үчүнчү зайыбы Орунбүбүдөн Нуржигит аттуу уулдуу болуптур. Дагы бир маалыматтарда декададан келгенде Декадабек аттуу уулдуу болуп, анысы чарчап калыптыр деп айтылат. Кызынын айтуусунда декададан келгенден кийин ден соолугу начарлап, ооруганы көбөйгөн, менимче көз тийсе керек.

Кызы Саадаттын эскерүүсү: “Атам 1949-жылдын 20-декабрында көз жумду. Мен 19 жашта элем. Атам эшиктен үйгө кирген кишини көргөндө кабагы “жарк” дей түшчү. Ооруп жатса да күлдүрүп, куудулданып, тамашаларын айтчу. Көз алдымда ал комузун ийнине, башына, далысына, тизесине коюп, ар кыл көрүнүштө колун комузда ойнотуп черткени көргөндөрдү дуу түшүргөн, кайталангыс өнөрү менен өмүр бою жүрөгүмө сакталып калды”.

Венера НАРКЕЕВА, «Эл сөзү» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 18.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.