“Ордо Сахна” Америкага барат

“Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык тобу учурда Америкага чыгармачылык сапар алдында даярдыктарды көрүүдө. Программа декабрь айынын башында Бишкекте бет ачары өткөн “Жибек жолдун Ак конушу” театралдык композициясынын негизинде даярдалып жатат.

Программанын алгачкы бөлүгү “Кайберен” деп аталып, анда Кыргыз улуттук көркөм руханий дөөлөттөрү – байыркы ыр-күүлөр, бийлер аркылуу чагылат. Театралдык оюндун “Жибек жолдун Ак конушу” деп аталышынын өзүнчө терең мааниси жана максаты бар. Аны “Ордо Сахнанын” жетекчиси Шамил Жапаров төмөнкүчө түшүндүрдү:

“Жибек жолдун Ак конушу” деп аталган театралдык композициябыз аркылуу биз элге алыста калган “Ак Конуш” түшүнүгүн кайтаралы дедик. Бекерден “Ак конуш” деп аталган жок. Ак деген тазалык, ыйыктык эмеспи. Байыркы бабаларыбыз конуш жайын ошондой ыйык санаган. Демек “мен кыргызмын” деген ар бир Кыргыз атуулу ата-бабаларыбыз улантып келген  көчмөн маданиятын, ата-баба жерин ошондой сыйлап урматташы керек. Аталган композициябыз өзгөчө жаштарда мына ушундай улуттук сезимдерди ойготот деген ойдобуз.

Шамил Жапаровдун айтымында кыргыздар канча бир миң жылдар табиятты, кайберенди ыйык тутуп, табиятка, кайберенге сыйынып келген. Бүгүнкү күндө кыргыз элине канча бир диндер таасирин көрсөтүүгө аракеттенбесин, табиятка, кайберенге болгон кыргыз элинин өзгөчө мамилеси ыйык бойдон калат. Ошентип “Жибек жолдун ак конушунун” эң эле башкы максаты Шамил Жапаровдун  “Азаттыкка” билдиргенине караганда,  байыркы кыргыз философиясы аркылуу жаштарга терең инсандык тарбия берүү.

“Ордо-Сахна” фольклордук-этнографиялык тобу 12 таланттан турат. Алардын ар бири 5-6 аспапта ойной алышат. “Ордо Сахнанын” ырчысы Дамира Ниязбекова топ тууралу “Азаттыкка” төмөнкүчө ой бөлүштү:

– Программабыз нукура элдик аспаптар менен аткарылчу ыр-күүлөрдөн түзүлгөн. Анын ичинде кыргыз обондору, күүлөрү, “Манас”, кошоктор бар. Ошентип 2010-жаңы жылдын башы менен Америкага жол тартып жатабыз. Ал жакта “Кайберен” деп аталган жаңы 4-дискибизди ал жактык адистер менен биргеликте жазып, америкалык кесиптештер менен жакшы иштешип келебиз го.

Ошентип “Ордо Сахна” жакын арада Америкага чыгармачылык сапар алат. Дамира Ниязбекованын айтымында “Ордо Сахна” Америкада даярдалган программа боюнча оюн коюу менен эле чектелбей, Америкадагы тийиштүү чыгармачыл топтор менен иштешип да келмекчи.

Дамира Ниязбекова даярдык жүрүп жаткан залдан “Азаттыктын” угармандарына Арстанбек Буйлаш уулунун санат ырларынан үзүндү аткарып берди:

-Киши акысын жегендик,

Арамдыктын белгиси.

Мээнет менен жан багыш,

Адалдыктын белгиси,

Ата-журтун ардакташ,

Азаматтын белгиси,

Айткан сөзүн аткарган,

Ар-намыстуу эр киши.

Фатима Абдалова, “Азаттык”, 21.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.