“Тазабек Саманчин адабият үчүн шейит кеткен”

Улуттук китепканада адабиятчы Тазабек Саманчиндин 100 жылдыгына арналган кечеде акын Асан Жакшылыков дал ушинтип айтты. Акын айткандай Саманчин адабияттын азабын тартты, кордук өмүр аны өмүр бою унчукпас кылып койду. Кыргыз маданиятынын өткөнүн келечек муундарга айтып беремин деп бир өмүр кайгыны башына үйдү.

Тазабек Саманчин – жыйырманчы жүз жылдыктагы кыргыздын эң билимдүү, интеллекти бийик инсандарынын бири болгон. Ал 1909-жылы Кемин районундагы Жаңы-Жол кыштагында туулуп, 1934-жылы Москвадагы В.И.Ленин атындагы мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн. Бул окуу жайы педагогикалык адистиктерди даярдоочу дүйнөдөгү эң атактуу билим уясы катары тарыхта өз орду бар мекемелердин бири. Аталган окуу жайын бүтүрүп келген соң Тазабек Саманчин агартуу тармактарында, “Ала-Тоо” журналында, “Кызыл Кыргызстан” газетасында жетекчилик кызматтарда иштеген. Ал Молдо Кылыч Шамыркан уулунун казалдарын жыйнап, иретке салып, 1946-жылы өзү баш сөз жазып элге таратат, ушул эле акындын чыгармачылыгын иликтеп кыргыздардын ичинен эң биринчи жолу филология илимдеринин кандидаты деген окумуштуулук даражага ээ болот жана Молдо Кылычтын чыгармачылыгы боюнча ошол эмгеги азыркы күнгө чейин адабий талдоонун, адабий мураска баа берүүнүн эталону катары жогору бааланып келет. Бирок дал ошол диссертациясы анын кийинки тагдырына балта чабат, себеби Молдо Кылычка “байдын укум-тукуму”, “эскини эңсеген”, “замана агымынын өкүлү”, “орустарга каршы ойлорду айткан” дегендей жарлыктар тагылып, китептери жыйналып алынып, казалдары “кара сандыкка” салынат. Муну менен Тазабек Саманчиндин да жолу буулуп, анын “Молдо Кылыч – жазуучу акын” деген китеби колдонуудан биротоло чыгарылат. Ошол эле кезде “Манас” эпосуна да асылуулар жүрүп, Т.Саманчинди 1949-жылы 19-ноябрда пединститутта дарс окуп жаткан жеринен камакка алат да, үйүндөгү кол жазмаларын, китептерин тинтип, баарынын чакчелекейин чыгарат. Тоталитардык-буйрукчул системанын желдеттери адабият үчүн жан күйгүзүп иштеп жаткан кишини айдоо менен башкалардын да үшүн алат. “Байчыл болсо”, “эскини эңсесе”, “заманачыл” болсо Молдо Кылыч болгондур да, аны элге ачып берген Тазабек Саманчинде эмне айып деп эл адабиятчыны коргоп кала алган жок. Казакстандын Жезказган шаарына түрмөгө отургузат. Он жылга эркинен ажыратса да, ал киши кайра-кайра арызданып отуруп, 1955-жылы акталып чыгат. Бирок дагы эле андан чочулап, жетекчилер “кыргызчылык” кылып, жумушка албай кууратат, Кыргыз ССР Илимдер Академиясындагы илимий кызматкерликти ыраа көрбөйт. Эптеп Кыргыз педагогика илим изилдөө институтуна жумушка орношуп, окуу китептерин жазуусун улантат. Ошол жылдары ал дагы башка талантын – котормочулугун өнүктүргөн. Мисалы, орус сынчысы В.Г.Белинскийдин чыгармаларын которуу өтө татаал болсо да ал киши ошол макалаларды кыргыздар да окуп калсын деп которууга киришет. Же болбосо дүйнөлүк прозанын эң бийик чокусу болгон Лев Тостойдун “Анна Каренина” романын которуу дегени эле эмне деген эрдик, улуу сүрөткердин дүйнөсүнө даап киришүү ар кимдин эле колунан келе берген эмес. Ушуларды ишке ашырган Тазабек Саманчин – кыргыз котормо өнөрүндө өз орду бар таланттуу инсан. Балдызы Кутпа Бакировна Даниярова-Орозбаеванын айтуусуна караганда ал дагы бир жолу көңүлү чөгүп, аябай ачууланганда көптөгөн котормолорун өрттөп таштаптыр.

Тазабек Саманчин билим берүү тармагында, өзгөчө кыргыз адабиятын окутуу багытында омоктуу орду бар окумуштуу методист болгон. Анын “Чоңдор үчүн алиппе” деп аталган китеби үч жолу басылып, элдин сабатсыздыгын жоюуда өзгөчө мааниге ээ болгон. Ал 8-класстар үчүн адабият окуу китебинин авторлорунун бири болуп ал окуулугу кечээ 80-жылдарга чейин колдонулуп келди жана кыргыз балдарынын бир нече муунун тарбиялоого ак кызмат кылды. Тазабек Саманчин кыргыз адабияты китептерин эмприкалык формадан орус совет адабиятынын салттарына жеткирүүгө аракет кылган адис эле, ал көп чыгармаларды окуу китебине киргизүү үчүн өзү кайра которуп чыккан, керектүү жерлерин балдарга ылайык адаптациялаган, методикалык аппарат менен жабдыган. Натыйжада анын А.Мамбеталиев, Б.Алымов менен биргеликте жазылган китептери кыргыз педагогикасында өз орду бар китептер болуп саналат.

Улуттук китепканадагы “Илимпоз жана жазуучу Тазабек Саманчинге 100 жыл” аттуу китеп сүрөт көргөзмөсүндө жазуучулар М.Абакиров, Ө.Даникеев, А.Жакшылыков, илимпоздор М.Мурзаев, А.Муратов адабиятчы, котормочу, методист Тазабек Саманчиндин өмүрү жана чыгармачылыгы, ал жашаган доор тууралуу ойлорун айтуу менен “Лакаптан баштап романга чейин” деген китебин, котормолорун кайра чыгаруу, бул кишинин атындагы стипендия, сыйлыктарды уюштуруу маселелерин көтөрүштү.

Абдыкерим Муратов, “Zaman-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 18.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.