Искра Раимкулова, КРнын эмгек сиңирген артисти: “Күлийпа Кондучалованын бир сөзү баарын өзгөрткөн…”

Кезинде бир топ залкарлар наам-сыйлык алмак турсун, “рахмат!” деген сөздү да укпай кете беришкен. Андай окуялар азыр деле болууда. Тээ баштатан боло келген пендечилик оорудан сакая албай, тескерисинче, жакшыны буттан чалып, улам-улам ныгыра баскандан кадимкидей ырахат алып келебиз.

Элүү жыл бою театрда эмгектенип, берилген ролдордун баарын кыябын келтире аткарган кайталангыс талант ээси Искра Раимкулова менен баарлашкан элек. Искра эженин бүгүнкү күнгө чейин наам-сыйлыктан куру калгандыгы, ошол эле учурда кайдагы бир “сандырактар” салтанат менен сөз кылынгандыгы өкүндүрөт.

– Кыш айынын таза күнүндө жолугушуп отурабыз, эже. Сизге да жакса керек бул мезгил?
– Ооба. Кыш – мен үчүн аруулуктун символу өңдүү сезилет. Аппак карды карап эле тургуң келет, тимеле ажайып көрүнүш. Бубак баскан көркөмдүү бактарды карап, басканды жактырам, бул кадимкидей жан дүйнөмө кубат, дем берет. Чыгармачыл адамдар ар бир көрүнүшкө суктанып, ар бир баскан изинен ырахат алып жашайт эмеспи.

Бирок… Кээде адал эмгек бааланбаса, көмүскөдө калса, сиз айткан ырахаттын изи да калбай, адам көңүлү кирдеп калбайбы?
Туура. Жашоонун ак-кара сызыгы баарыбызга маалым. Кара сызык кээде басымдуулук кылып кетет экен.

Элүү жыл театрда иштөө – бул эрдикке тете иш. Албетте, “Кандай иштедим?” деген суроо туулат, ага эл тараза.

Баамдасам, театрга менден кийинки келгендер же эки ырын элдир-селдир ырдап койгондор “эл артистин” алып жатышат. Күн-түн дебей бүтүндөй өмүрүмдү, жаштыгымды, жакшы-жаман аралашкан күндөрүмдү театрга арнадым. Бирок, ак эмгек, чыныгы таланттар кумга сиңген суудай көмүскөдө калып калууда!..

Билесиңби, көп таланттар наамды сурап алышты. Алсак, Күнболот Досумбаев да наамды өзү айтып жүрүп алган. Болбосо, ал киши кандай ажайып актёр эле. Сураттырбай эле беришсе не! Мен билгенден дагы төрт-беш залкарлар өзүлөрү айтып жатышып, араң алышты наамды.

Алмаз Усупбековду уксаң керек. Бир курдай Алмаз: “Искра, бизди байкашпайт го. Элдин баары эле наамды сурап алышат экен. Биз деле баралычы?” дейт. “Ээ, наамды да сурап алат беле?! Өзүлөрү берээр…” деп барбай койгом. Ана, Алмаз Усупбеков деле көксөгөн мүдөөсүнө жетпей, кете берди. Кайран талант…

“Өзүлөрү билбеген соң…” деп кийинчерээк Султан Раевге бир эмес, төрт жолу бардым. Адаттагыдай эле жооптор кургак, супсак, кайталанма болду. “Наам майрамдарда, маселен, театр күнүндө, же 8-Мартта берилет. Документтериңизди даярдап келиңиз” деди. Төрт жолу документтеримди даярдап бардым. Натыйжа болбоду. Сыйлык-сыймыктарды бөлүштүргөндө, он беш киши комиссияда турат экен. Арасынан мага каршылары чыккан го, айтор… Неге каршы чыгат? Талант го бар… Мен ушуга таңмын.

Театрдын ички-тышкы жашоосу өтө татаал. Көрө албастыктын капшабына кабылган чыгаарсыз?
Көп ирет кабылгам. Бир кызык жери, андай жан дүйнөсү ыплас, ичи тар адамдар ич күйдүлүгүн өзүлөрү билдиришпей, кимдир бирөөлөр аркылуу жасашчу. Бул алардын чоң куралы болоор эле…

Андайда төмөн деңгээлге түшкүм келчү эмес. Эч нерсе дебейт элем. Жараткан ыроологон талантымдын күчү менен ролдорумду ойноп жүрө берчүмүн.Эл жактырса, эч нерсе кыла алышпайт экен.

“Теңелбейин, алардын деңгээлине түшпөйүн…” десең, кээде болбой эле конфликттер күч алып кетет. Улуу-кичүүгө карабай, бетке айткан мүнөзүм бар. Туура эмес нерсени байкап туруп, унчукпай коюу – ары коркоктук, ары кеңкелестик болоор.

Жетекчиликке жагынуу болду беле? Ансыз карьера куруу да кыйын го?
– Айрым Арзыматтар жасакерленүү менен түбөлүксүз “ийгиликке” жетишип, кел-кели келип турганын көрүп, кадимкидей зээним кейичү. Күн карама сымал ары ооп, бери ооп, жетекчиси күлсө, калп ырсайып, жүзүн жасалмалуулуктун желеси каптап, өмүр бою коркуп, кулдук уруп жашоодон өткөн акмакчылык болбосо керек.

Тескерисинче, жылдызыңыз жанып турганда “кошоматчылар ротасынын” катары үзүлбөсө керек?
– Ансыз болбойт да. Маселен, Таттыбүбү жаркып чыга келди эле, аны көрө албагандар: “Сен жакшысың! Сендей талант чыгышы күмөн” деп мактап эле ичире беришчү. Ал бала кыял, ишенчээк, эч кимге зыяны жок жан эле да. Тигилердин мактоосун чын көрүп, жетине албай, кубанчына иче берип, акыры эмне болду. Аттиң…

Кара тумандар мени да бир топко айланчыктап, азгырып, куру мактоолорун агытып, ичирүүгө аракет кылышты. Эгер мен азгырыкка кирип, ичип кеткен болсом, азыркыдай жашка да, ийгиликке да жете албас элем.

Кезинде Кондучалова да сиздин эмгегиңизге жогору баа берген экен. Кызматта дал ушундай адамдар турса, сиздин эмгек да өз убагында бааланат эле?
“Уурдалган өмүр” деген япондордун спектаклинде Кей деген башкы каармандын образын жаратмак болдум. Мен Кейдин 16 жашка чейинки жаш курагын гана ойноп, 80 жашка чейинки карыган чагын башка актрисалар аткарышмак. Бирок, Кондучалованын бир сөзү баарын өзгөрттү. Ал киши: “Кейдин карыган кезин да ушул кыз ойносун! Бул кыздын колунан келет!” деп режиссёрго айтып, муну менен менин эмгегиме карата жылуу оюн билдирген. Мен үчүн бул чоң баа эле.

Анан японканын ролун жаратууда кыйналбадыңызбы?
Биз япон элинин адат-салтын билбейбиз да. Ошондуктан, Москвадан атайын япон продюсерин алдырып келишти. Япон эли өтө сылык, назик келишет эмеспи. Бири-бирине көргөн сайын эле жүгүнө беришет. Ролумда го каалабасам да жүгүнүүгө туура келет. А мындай деле көрүшкөндө жүгүнө бергендери мага жакпады. Бул эми кошоматтын бир түрүндөй сезилди мага. Бир күнү япон продюсер: “Сен эмнеге мага жүгүнүп учурашпайсың?” дейт. “Биринчи келгениңизде жүгүндүм. Репетицияда жүгүндүм. Анан кайра-кайра эле жүгүнө беремби?!” десем артисттердин баары күлүшкөн эле.

Өзүн гений сезген, “билерман” адамдардын орунсуз сынын кандай кабыл аласыз?
Эсимде, бир актриса менен тил табыша албай кеттим. Дароо эле өз чындыгымды айтсам, ал ага макул эмес. Анан алдыбыздан асыл талант Жекшен Арсыгулов чыгып калды. Мен катуу ызалангангабы, айтор ал кишиге: “Агай, агай! Чындык сөздү айтканыма бул киши түшүнбөй жатат” десем: “Ой, азамат! Ушунун сөзүнө да теңелесиңби! Мындайлар сөздүн баркын билбей эле ой-келди сүйлөй беришет! Аларга теңелип, деңгээлиңди түшүрбө!” деп басып кеткен. Мына!

Профессионалдуулукту туу туткан адамдар өзүлөрүнөн төмөн турган, тар түшүнүктөгү адамдарга теңелбейт, алардан бийик турат…

Ашыктык жаатында кандай кызык жагдайлар болгон?
(Күлүп…) Бир агай бар эле. Ал мени көрсө жалдырап эле карай берчү. Ушунчалык жакшы көргөндүктөн көздөрүн жалжылдатып: “Искирчик” деп мени эркелете турган. Бирок, анын үй-бүлөсү бар.

Бир күнү түнкү саат 2-3 төрдө ошол агай мага келиптир. Ачуум келди. “Шашпа! Эртең аялына барып, көргүлүктү көрсөтөм!” дедим. Тилдеп туруп, кетирип жибердим. Эртеси аялына барып айтсам: “Ыя, ошентип жүрөбү? Дагы эмне дейт?” дебеспи. Тиги киши жоош, а аялы тарс-турс жүргөн толук эже эле. Ачууланып, күйөөсүн мага экинчи баргыс кылып, сабап салыптыр.

Театрга бара жатсам, мага ашык болгон агай алдымдан торой чыгып: “Искирчик! (Токмок жесе да эркелеткенин калтырбайт) Эжеңе айтпай эле койсоң болмок. Ал мени урбадыбы” дейт ыйламсырап. “Өзүңүз күнөөлүүсүз” деп басып кеттим. Ошондон кийин жаныма жакын келе албады.

Нурзада ОСМОНОВА, «Пресс.кг» («Кыргыз гезиттер айылы»), 18.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.