“Чексиздикке эрте учаарын ким билди Салып коюп сансыз журтту арманга?”

Ак куу
Мындан жыйырма жети жыл мурун – декабрдын жыйырма экисинде Жер эне Таттыбүбү аттуу перзентин койнуна алыптыр. Болгону отуз жети жыл гана өмүр ыроолонгон кыргыздын Чолпон жылдызынын сапары армандуу соңуна чыкканын анда кайдан билиптирмин. Баарын кийин билдим, айтылуу Соң-Көл сулуусунун кайгылуу баянын кийин уктум…

Жолон акын сөз кылган ажал, талант, убакыт кармашында Таттыбүбү жеңүүчү болалбаптыр. Балким, жеңип чыгуу бактысы анын маңдайына жазылбаган чыгар. А бирок… Бирок, таланты ташып жаркып чыга келгенде шоруна “өргө сүйрөгөнүнөн” да “көргө сүйрөгөндөргө” көп кезигиптир. Анын көрөр күнүн, ичер суусун талашкан ошол адамдар мүмкүн азыр да бардыр. Ал эми ушул күнү жоготтук эле деп эске алып турган Таттыбүбүнүн “эл артисти” деген наамы жок үчүн Ала-Арчадан жай берилбей, Бишкектин тээ түштүк-батышындагы Орок айлындагы бейиттен жай тапканына жыйырма жети жылга аяк басыптыр. “… Ал биздин сахнага кокусунан учуп келип калган кереметтүү ак куу болчу. Анын баркына жетип баалай албагандан соң, арабыздан көздөн кайым болуп учуп кетти. Биз болсок, анын талантын дале баалабай келатабыз”. Бул сөздөр Таттыбүбүнү убагында ар кыл сөздөн, “атак-даңк” талашып, жаштайында жайлагандардан коргоп калгысы келген, кийин өзү коргоочуга зар болгон, тепкиде, тепсендиде калтырылган Бакен Кыдыкеева эжебизге таандык экен. Бул алп талант да Таттыбүбүдөй ажал, талант, убакыт кармашында сынып бериптир.

***
Таттыбүбүдө кимдир бирөөнүн түнү уйкусун, күндүзү тынчын алгыдай жан талашуу деле болбоптур. Болот Шамшиев Таттыбүбү тууралуу бир эскерүүсүндө анда табигый талант жана сулуулук гана болуп, карьера – жогорулоо деген түшүнүк анын жандүйнөсүндө жашабаганын сөз кылыптыр. Кинодо эпизоддук, экинчи пландагы дегендерин кошпогондо, көрүнүктүү эки гана ролду – Ак Мөөр менен Уркуяны ойногонун, ал ойнобой калган каармандар деп Жамийла жана “Саманчынын жолундагы” Алиманды айтыптыр. Анын элеси калган тасмалар деп санап көрдүм: “Кызыл алма”, “Арман”, “Аккуулар конгон айдың көл”, “Солдатенок”, “Сүйүү жаңырыгы”… – ондой тасма, сахнада жараткандары жүзгө чамалап барат экен. Анын аткаруусунда бир жагынан күчтүү, экинчи жагынан назик образдар жаралыптыр. Эч биринен тартынчаак мүнөздү байкабадым. Анын өсүшүнө жагынбастыгы, анан жулунбастыгы кедерги болсо керек деп койдум.

***
Өнөр шыбагасы ченемсиз берилген үйбүлөдө өсүп-чоңойгон кызда башкача адамдык табият болмок эмес. Үч уулдан кийин төрөлүп, артынан ини ээрчите келип, жалгыз кыз – таттуу кыз болуп, чоң атасынан Таттыбүбү атын алган наристе боюна жакшы сапаттарды гана сиңирип бой жеткенинен шек саноо да мүмкүн эмес. Көз ачып көргөн адамдары – чоң атасы Турсунбай, атасы Мырзалы, апасы Калыйбүбү да өнөр адамдарынан болушканы, алардын үйү кудайдын куттуу күнү сөз баккан, өнөр сыйлаган адамдардан куру болбогону эле көп нерседен кабар берип жатпайбы. Анын жашоосу башкалардын көралбастыгынан гана талкаланыптыр. Өнөргө байланган он беш жыл ичинде не деген гана жоруктардан жабыркап азап чекпеген. Алдап-соолап “сен жана сен” деп калп алкап ичиркендери аз келгенсип, кээде анын бөлмөсүнө эртелеп келип арактан чачып, кийимдерине куюп сиңирип, анан ары өтүп, бери өтүп, “дагы ичип келиптир” деп сөздү айтып ызалантышчу тура. Агасы Нуркан карындашынын бир жолу телефон чалып үйүнө чакырган окуяны айтыптыр. “…Столдун үстүнө тамак-ашын, шампанын коюп коюптур. Ошондо кургурум минтип айтты: “Нукен, мен театрда иштеген он беш жылдын ичинде биринчи жолу (!) женсоветтен быйыл түштүм. Ошону белгилеп коёлу деп чакырдым” деп. Он беш жылда биринчи жолу! Айдай кызды акыры бирди эмес, миңди куруткан ошол көралбастык алып тыныптыр. Ушул экен армандуу Аккуу баяны, ушул экен Жолон акындын айтканы:

Жаш тагдырга биз кайдыгер караппыз,
Сулуулукту туш-тушунан талаппыз,
Сыймыгыбыз колдон учуп кеткенче
Сыйыбызды, сөзүбүздү аяппыз.

“Назар”, (Кыргыз гезиттер айылы), 25.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.