Жылдын акыны

Эл арасында акындар көп. Акынмын деп өзүн-өзү атап жүргөндөр андан көп. Бирок, жашоонун күрөө тамырын, коомдун карайлаган чындыгын, ак менен караны таамай айырмалап айта билген, кара кылды как жарган акындарыбыз саналуу. Алардын бири – Тургунбек Бекболотов.

Ушул акыныбыздын ырларына үңүлсөң булактай тунук, тоонун абасындай таза, чаң басып калган көөдөнгө намыс тамчылаткан саптар – курч саптар.

Ушундай ойлорду айтып жатып, Дагы бир алп акын Ш.Дүйшеевдин бир айтканы эске келет. Анда Шакем: “акындар эч качан поэзияны алдаган эмес, алдабайт дагы. Саясатчылар да саясатка ошондой мамиле кылса, заманыбыз башкача болмок” дейт. Чын сөз, калыс сөз!

Айталы дегенибиз, бу өтүп бараткан уй жылында “Назар” гезити жана үн кошкон окурмандар тобу Т.Бекболотовду “Жылдын мыкты акыны” деп атады. Аман бол, бар бол, акын!

“Назар”, (Кыргыз гезиттер айылы), 25.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.