Кыргыз акыны «Templar poetry» коомчулугуна чакырылды

Белгилүү кыргыз акыны, прозаиги жана котормочусу Турусбек Мадылбай кѳрүнүктүү редактор Александр Макмиллен (Alexander McMillen) тарабынан «Templar poetry» коомчулугуна чакырылды. Улуу Британиянын Дербишир аймагында жайгашкан «Templar poetry» — азыркы замандын эң мыкты поэзиясын китеп кылып бастырып, аларды дүйнѳгѳ таанылтууда. «Templar poetry» жылыга Дербент поэзия фестивалын ѳткѳрүп, ал жерде дүйнѳнүн азыркы кезде англис тилинде жазган акындарына сыйлык тапшырып турат.

Ар кайсы жылдары бул конкурстун жеңүүчүлѳрү катары азыр поэзия дүйнѳсүндѳ белгилүү акындар Жейн Вейр (Jane Weir), Майк Барлоу (Mike Barlow), Пол Маддем (Paul Maddern), Дэвид Морли (David Morley) ж. б. болгон.

Турусбек Мадылбай чыгармаларын жалаң кыргыз жана орус тилдеринде эмес, англис тилинде да жазгандыктан ѳткѳн жылы ал конкурста ѳзүнүн «Desert» («Биябан») аттуу жыйнагы менен катышкан. Мурун жазуучу Эл аралык «Русская премия» жана «Добрая лира» сыйлыктарын утуп, ѳзүн орус тилде жазган автор катары кѳрсѳткѳн. Эми минтип «Templar poetry» коомчулугуна чакыруу – бул кыргыз жазуучусун англис тилинде жазган автор катары дагы тааныгандыгы болуп эсептелет.

«Кыргызстандын жаңы адабияты», 02.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.