“Манас” боюнча мамлекет башчысына кайрылуу жөнөтүлдү

Кытайдын атынан ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген “Манас” эпосун, Кыргызстандын атынан кайра каттатуу үчүн дипломатиялык, саясий жолдор аркылуу таасир этүү өтүнүчү менен “Манас” эпосун коргоо комитети президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жөнөттү. Мындай кайрылуу кечээ талкууланып, кабыл алынгандыгын “Азаттык” билдирген.

Белгилей кетсек, 2009-жылдын 2-октябрында Бириккен Араб Эмиратынын Абу-Даби шаарында 24 өлкөнүн катышуусу менен ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 4-сессиясы болуп өткөн. Анда Материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине танго бийинен тартып кытай каллиграфиясына чейин жалпысынан 76 пункт киргизилген. Дал ушул тизмени кыргыздын эпосу – «Манас» Кытай Эл Республикасынын атынан толуктаган. Ушундан улам алгач Кыргызстандын «Айтыш» жана «Манас-Мурас» коомдук фонддору эпос КЭРдин эмес, Кыргызстандын атынан көрсөтүлүшү керектигин коомчулукка айтып чыккан болчу.

МА “Кабар”, 07.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.