Сейит ЖЕТИМИШОВ, жазуучу: “Өлүп-тирилгендер гана чыдайт”

Бизде жазуучу, акындар жетишерлик. Анда ЭМНЕ ҮЧҮН дүйнөлүк деңгээлдеги чыгармалар жаралбайт?
Чыгарма жазуу – табияттын өтө чоң сыры. Мындай “шыралга” кимге канчалык берилгенин билүү кыйын. Ошол сырды ар кимдин жазган чыгармасы гана көрсөтөт. Жазуучу же акындын кандай чыгарма жаратканын окурман өзү көрүп, баалайт. Демек, акын, жазуучулар көп болуп, бирок, жакшы чыгарма жок болуп жатса, бул дагы табияттын мыйзам ченемдүү көрүнүшү.

Сурооңо турмуштук позициядан жооп бере турган болсок, ар ким өзүнүн жөндөмдүүлүгү канчалык экендигине сын көз менен караш керек. Өзүнүн адабияттагы, искусстводогу ордун кандайдыр бир деңгээлде баалай билиши абзел. Ошондо акын, жазуучулардын саны салыштырмалуу азаят.

Чыныгы чыгарма жазуу – өлүп-тирилгенге тете. Мындай “азапка” табият чыдатса чыдайт, чыдатпаса чыдай албайт. Андай “азаптын” бирин тартпай, “жазуучумун” деп төш кагып жүргөндөр кездеше берет. “Ооз жүзүндө ар ким Лев Толстоймун дей берет. А иш жүзүндө элдин оокатын алдап-соолап жей берет” деген лакап бар. Мына ушундайлар бизде көп. Турмуш муну да акыры чектейт.

“Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 08.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.