“Талант тагдыры”: академик, уста, комузчу Кубат Осмонбетов

Геология-минерология илимдеринин доктору, профессор, Эл аралык инженердик академиянын академиги, геология жана кен-чалгындоо иштерине эмгеги сиңген ишмер, 75 жаштагы Кубат Осмонбетовдун, “жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дегендей, комуз чапкан устачылык да, обон-күүлөрдү черте билген чебер комузчулук да жайы бар.

Жаш кезинен белден- белди, белестен- белести, ашуудан-ашууну ашып, ак элечекчен Ала-Тоонун аска-зоокаларын аралап, кайберендер менен жарышып, бүтүндөй өмүрүн Кыргызстандын түркүн-түстүү асыл кендерин иликтеп ачууга арнаган, “XX  кылымдын залкар инженери” деген ардактуу наамы бар, геология-минерология илимдеринин доктору, профессор, Республиканын геология жана кен чалгындоо иштерине эмгеги сиңген ишмер, илимдин жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку ээси, И.К.Ахунбаев атындагы сыйлыктын лауреаты, Эл аралык инженердик академиясынын академиги Кубат Осмонбетовду жумурай журт жакшы билет.

Адистиги боюнча тоо инженер, геолог. Ал 400дөн ашык илимий техникалык багыттагы эмгектердин автору. Алардын ичинен он үчү монография, төртөө окуу китеби. Булардын баардыгы басмаканалардан басылып, окурмандарга тартууланган. Айтылуу геолог, залкар окумуштуу үстүбүздөгү жылдын 3-мартында 75 жашка чыгат. Ал илимдин туу чокусуна чыгыш үчүн турмуштун ачуу да, таттуу да татаал жолдорун басып өттү. Кадырлуу геолог канчалаган атак-даңкка жетсе да, бүгүнкү күндө да колунан калемин түшүрбөй илимий эмгектерди жазып, окурмандарга тартуулап келүүдө.

Бир эле мезгилде ал колунан балта баштаган араа, ийги, бычак өңдүү аспаптарды колунан түшүрбөй кыргыз деген ат менен төрөлүп элинин көргөн күнүн, өтөгөн өмүрүн, ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, ырын ырдап, күүгө салып келе жаткан комузду чаап, эртели – кеч обон күүлөрдү чертип, эрикпей күү менен күн көрүп, күү менен жашап жатканы кимди болбосун кубанычтын кучагына бөлөбөй койбойт. Ырас, ар кандай курактагы ар кыл кесиптеги окумуштуулардын арасында комуздун коштоосунда ырдагандарды, күү черткендерди көрүп да, угуп да жүрөбүз.

Бирок алардын ичинен Кубат мырзадай комуз чапкан усталар жокко эсе. Осмонбетов комузду булбулдай таңшыта чапкан залкар усталардан, улуу шайыр Карамолдо, Атайдай кара, айтым күүлөрдү кылга жан киргизе черткен комузчудан болбосо да обон күүлөрдү “Алымбек алына жараша” дегендей өзүнүн шыгына, аткаруучулук деңгээлине жараша чертет.

Ал эми Кубаттын чапкан комуздарынын добушу бойдон кирип, жүрөктү асылданткандай мукамдуу, Кубат мырзага жайы-кышы дебей жерден- жерди кесип, тоо, ташты аралап тоо инженери геолог болуп жүрүп, миңдеген кыргыздардын бир-экөө гана чапкан комузду кандайча чаап калдыңыз эле деген собол менен кайрылганымда, ал айылдшы Тогуз-Булак, Курткадагы Күшүкү менен Аалыкеден комуз үйрөнгөнүн, өздүк көркөм чыгармачылыгына катышып жүргөнүн айтып келип, кандайча комуз чаап калганы жөнүндө Кубат мырза мындай деп эскерет:

“1960-жылы институтту бүткөндөн кийин Баткен менен Лейлекке экспедицияга барып калдым. Жетимиштей орус геологдордун арасындагы жалгыз кыргызмын. Баткендик Алдаберген Кудайбергенов деген казак милиционер аттарыбызды багат. Орусча жакшы билбейм, эригем. Бир күнү Сибирдин карагайларынан тилинген тактайларды кылмышкерлер алып келип калышты. Аларды карасам калың тактайлардан экен. Аларды көрүп көзүм түшүп, комуз чапсамбы, деп ойлоп койдум. Геологдордун бири жарым метр кесип алып кармашкан суурларынын, кашкулактардын терилерин туздап кургатат.

Экинчи бирөөсү Баткендин, Лейлектин Булактын, Кырктын тоолорундагы Караколдун башындагы чочколорго аңчылык кылышат. Мен эмне кылам. Күн жааганда иштебейбиз. Үйдө отурасың. Телевизор, клуб, дүкөн жок. Экспедицияга чыкканда орустун батасы, кыргыздын бычагы менен чыгасың. Көпкө ойлондум. Эмне болсо да комуз чаап көрөйүн деп, комуз чаба баштадым. Ошентип биринчи жолу 1960-жылы Баткенде экспедицияда жүрүп алгачкы комузумду чаптым.

Геологдордун тамагы үчүн эки-үч күндө кой союлат. Ошол союлган койдун ичегисин алып, сууга бир сутка чылап аябай таза жууп, анан чийден сыдыргы жасап сыдырып,эки чатырдын ортосуна эки башын эки аттын такасына байлап, салмоор салып кургатып, чапкан комузума тагып черттим. Кесибим геолог болгондуктан комузчулук өнөрдүн аркасынан сая түшпөгөндөн кийин бала кезимде чертип жүргөн обон күүлөрдөн черттим. Баткенге жакын Исфарада жашаган кыргыз жигит биздин аттарды багат. Ал достошолу, дос болуп жүрөлү деп, мага жоокердик курун белекке берди. Мен биринчи чапкан комузумду ага белекке бердим.

KomuzdarКомуз чапкан залкар усталар менен жолугушканга такыр убактым да, чамам да болгон жок. Себеби күндүр, түндүр-тоолордон кен издеп, окумуштуу болом деп макала, китеп жазып, үй тиричилик, бала- бакырам менен алектенип убакытым болгон жок. Бир жолу төңкөрүлүштөн кийин мамлекеттик катчы болгон Дастан Сарыгуловго жолуктум. Ырас, Дастанды ага чейин эле билчүмүн. Сарыгуловго барсам кабинетинде комузу бар экен. Дастан сенин комуз черткениңди, комуз чапканыңды билем бир күү чертип берчи – деп комузун сунду. Болуптур деп, обончу Адамкалый Темировдун “Ак маңдай” аттуу обонун черттим. Ошондо Дастан:

– Бул обон күү кимдики, билбейт экем – деди.
– Бул обончу ырчы Абдыкалый Темировдун “Ак маңдай” деген обону. Сөзү мындайча: “ Ак маңдай келин сага, Арнаймын ушул ырымды”,-  деп эки сабын ырдап бердим.
Дастан “жакшы экен” деди да:
– Чапкан комуздарыңдын капкактарын кайсыл жыгач менен каптайсың,- деп сурады.
– Чапкан комуздарымды Тянь-Шандын карагайлары менен капкактайм.
– Жок Жети-Өгүздө мармара деген карагай өсөт экен. Аны менен капкактаган комуз шаңкылдап үндүү келет,- деди Дастан.
– Мармара деген сөздү, карагайды биринчи жолу угуп атам, – дедим мен.

Кийин Сарыгулов айткан мармара карагайын таптым. Онунчу чапкан комузумду мармара менен капкактадым.
Мына бул комузум Тянь-Шандын карагайы менен капкакталган. Ал эми бул болсо Жети- Өгүздүн мармара аттуу карагайы менен капталган. Акыркы кезде мармара менен капкакталган комузумду чертип жүрөм. Ар бир чапкан комузундун өзүнчө касиети болот экен. Мен чапкан комуздарымды дүкөнгө сатыкка койбойм. Менин эң негизги максатым – неберелерим бар. Алардын үйлөрүндө мен чапкан белекке берген комуздар илинип турса  деп эңсейм”.

Кубат мырза чет өлкөгө сапарга чыкканда, ар кандай жыйындарга, илимий конференцияларга барганда комузуңду ала барасыңбы?

– Совет доорунда жашыруун сырларды билет деп, капиталисттик мамлекеттерге командировкага жиберүүчү эмес, тек гана социалисттик өлкөлөргө барчубуз. Германияда эки жолу, Чехославакияда, Монголияда, Польшада болдум. 1989-жылы кайра куруу мезгилинде Сирияга, Түркияга командировкага барып калдым. Комузумду ала бардым. Мен ал жактан концерт берип акча табайын дегендей залкар комузчу эмесмин да.

– Чет өлкөдө жүргөнүңдө бейтааныш угучуларга кимдердин обон күүлөрүн чертип жүрөсүң?

Токтогулдун, Жумамүдүн Шералиевдин, Барпынын обондорун чертип жүрөм.

– Чет өлкөлүктөр черткен обон-күүлөрүңдү кандай кабыл алышты?

– Сирияда, Аляскада, Түркияда Стамбулда мейманканада жатканда адаттагыдай эле эртели кеч комузумду чертип, эрмектеп жүрдүм. Бейтааныш угуучулар келип, комузду таңдана кармалап көрүшүп,  үйрөнүүгө болобу деп сурашканда: биринчиден, черте турган обонуңдун обонун жакшы билишиң керек. Экинчиден, комузду акылың менен башкара билишиң зарыл. Комузда гитарадай, мандалиндей моюнунда ладдар жок десем, алар черттирип көрүп таң калышты.

Эми өзүмдүн башымдан өткөргөн бир окуяны айта кетейин. 1989-жыл. Командировкага Монголияга барып калдым. Мейманканада жатсам эки жаш монгол жигиттери келип калышты. Бирөөсү Америкада Жапонияда окуптур, орусча суудай сүйлөйт. Ал: “азыркы күндө кыргыз тилин үйрөнүп атам, кечинде сизге келип, бир эки саат көчөгө басып кыргызча сүйлөшкөнгө мүмкүнбү”, – деди. Мен макул дедим. Убакытты болжоштук. Эртеси эки монгол жигит болжошкон саатта келишти. Алар менен үч күн кыргызча сүйлөшүп жүрдүм. Ал жигиттер кыргыздын тилине гана эмес, кыргыздын музыкасына, обон күүлөрүнө да аябай кызыгышты. Обон күүлөрдөн чертип бердим, эки жигит кыргыздын музыкасын эле эмес, тарыхына да кызыгышты. Биздин элде намысы болсо тилин, өнөрүн баалап, барктап, укумдан-тукумга атадан-балага, чөбөрөдөн-кыбырага калтырып, өнүктүрүрө бериш керек.

– Кубат мырза комуз чабуу, обон-күүлөрдү чертүү менен бирге ырдай да коесуңбу?

Бала кезде курдаштар менен болгон отуруштарда, улан- кыздардын тойлорунда студенттик кезде ырдай да койчу элем. Эми жаш келип, үнүм болбосо да бала чакты. Жаш кезди эстеп бир- эки сап ырдап берейин.

Аскасы асман тиреген,
Ашуусу бийик бел болсоң,
Ашууну ашып айдаңдай,
Ак карлуу белде мен болсом,
Адамдын көөнүн сергиткен.
Атырдай соккон жел болсоң,
А-а-а- атырдай соккон жел болсоң – деп, экспедицияда жүргөндө да тоолордун башына чыгып алып, заңкылдап ырдап, черимди жазчумун.

– Кубат Осмонбетов ырдоо, комуз чабуу, обон күүлөрдү чертүү, илимди ийнелеп кудук казгандай иликтөө менен бирге “Булгаба булактын көзүн , барктай бил бабалардын сөзүн ” деп, өз заманында “заманчыл” акындар делип басылып келген улуу акындар Молдо Кылыч менен Жеңижоктун өмүрү менен чыгармачылыктарына арнаган “Молдо кылыч менен Жеңижоктун казалдарынын сыры”, “Тайлак баатыр жана анын мезгили” аттуу китептерди жазып окурмандарды кубантты.

Балбай Алагушов, “Азаттык”, 10.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.