Москвада Кыргызстандын адабият жана фольклордук үлгүлөрүн камтыган жыйнак жарык көрдү

Жаңы жылдын алдында Москвада Кыргызстандын адабият жана  классикалык фольклордук үлгүлөрү камтылган “Түбөлүктүн үнү” деп аталган жыйнак жарык көрдү.

Кыргызстандын илимдер академиясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйнакка «Манас», «Семетей», “Сейтек” эпосторунун үзүндүлөрү, элдик жомоктор, эмгек, салт жана турмуштук ырлар, Токтогул Сатылганов, Тоголока Молдо, Калык Акиев жана башкалардын акындардын чыгармалары кирген.

Аталган китеп КМШыга мүчө мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык эл аралык фонду тарабынан чыгарылып, “КМШнын классикалык адабияты” китептер сериясына тиешелүү.

«Zpress.kg» МА, 12.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.