СССРдин эл артисти, кинорежиссер Болот Шамшиев 69 жашка чыкты

images_45Бүгүн белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев 69 жашка толду.

Ал 1941-жылдын 12-январында Фрунзеде туулган. 1962-жылы Лариса Шепитьконун Чыңгыз Айтматовдун “Бото көз булак” повести боюнча “Аптап” фильмине тартылган. 1965-жылы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун режиссердук факультетин А.Згуридинин өнөрканасында аяктаган. “Манасчы”, “Чабан”, “Караш ашуусундагы атышуу”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Сүйүү жаңырыгы”, “Ак кеме”, “Адамдардын арасында”, “Эрте жаздагы каркыралар”, “Бөрү зындан”, “Снайперлер”, “Фудзиямага чыгуу” фильмдерин тарткан.

Болот Шамшиев Кыргызстандын жана СССРдин эл артисти, СССР мамлекеттик сыйлыгынын, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты. 1990-1994-жылдарда КР Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. 1998-1999-жылдарда Мамлекеттик туризм жана спорт агенттигинин директору, андан кийин 2002-жылга чейин  Кыргызстандын Бириккен араб эмираттарындагы башкы консулу болуп иштеген. Азыркы убакта “Жаңгак токоюунун арбактары” фильмин тартып жатат.

ЖТ, «Кабар» МА, 12.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.