Зоболосу зор кыпчак тили кыпчак тили

Ири окумуштуулардын дарегине айтыла турган “Арабызда басып жүргөн энциклопедия” теңөөсүнүн маанисин филология илимдеринин доктору, фундаменталдуу илимий эмгектери менен аалам түркологдорун моюндаткан Александр Николаевич Гаркавецти көргөндө түшүндүм. Александр Николаевич азыр Казакстандын Улуттук илимдер академиясына караштуу Ч.Валиханов атындагы тарых жана этнология институтунда улук илимий кызматкер болуп иштейт. “Кыпчактардын маданий мурасын, фольклорун изилдеп жүрүп, бул калктын ушунчалык таланттуу экендигин, руханий жана маданий баалуулуктарынын орошон зор экендигин билдим. Фольклору кандай бай десеңизчи!” – дейт Александр Гаркавец.

VII кылым мурда кыпчактар нота менен обон салган
Ал 20 жыл бою кыпчактардын фольклорун алыс-жакын чет өлкөлөрдүн китепканаларынан кашыктап жыйнады, аларды которду, ой элегинен өткөрүп, илимий эмгектерди жазды. Кандай эмгекчилдик… Мамлекет тарабынан каржылай жардам албастан, бардыгын өз күчү менен аткарды. Ал 24 китептин жана 150дөн ашуун илимий макалалардын автору. Анын ушундан 500-700 жыл мурда жазылган эзелки кыпчак эстеликтерин сөздүксүз эле которо берерин көрүп, таң калдым. ХII-XIII кылымдардагы кыпчактардын жазма эмгектерин кандай окумуштуу кайсы кылымда, кайсыл жылы изилдеди, не жазып кеткен, анын баарын жатка билет.

Көп кылымдар бою Улуу Жибек жолу соода менен катар калктардын өз ара маданий алакасына зор таасирин тийгизди. Улуу Жибек жолунун Энесайдан Дунайга чейинки бөлүгү кыпчактардын ээлигинде болуп, ал Дешти Кыпчак деп аталды. Ушул аралыктагы эл аралык карым-катнаш тили кыпчак тили эле. Александр Николаевич ага мындай мисал келтирген. XIV кылымдагы италиялык көпөс Крымдагы Федосия шаарында жашаган уулуна арнап түзгөн соода жөнүндөгү окуу китебинде “Улуу Жибек жолу менен кербенге илешүүдөн мурда сакал өстүрүп, чачты кырып алдыр, эки аял, бир эркек кызматчы жалдап, кыпчак тилин үйрөн” деп насаат калтырыптыр.

Александр Николаевичтин көптөгөн изилдөөлөрү ушундан 700 жыл мурда кыпчак тилинде жазылган “Кодекс Куманикус” тарыхый эстелиги менен түздөн-түз байланыштуу. “Куманикус” сөзүн чечмелесек, Европада кыпчактарды “куман” деген. Италиялык атактуу акын Франческо Петрарка 164 беттик “Кодекс Куманикусты” Венеция шаарындагы Улуттук китепканага сый катары тартуулаган. Петрарканын ушундай ийгиликтүү ишинин аркасында сейрек кол жазма бүгүнкү күнгө жетип отурат. Бир кызыгы, аталышына карап көптөгөн изилдөөчүлөр а дегенде “Кодекс Куманикусты” кыпчактардын мыйзамы деп ойлогон экен. Беттерин окуй отуруп, анда мыйзамдын бир да беренеси жогун көрүп таң калышкан. Ошондо, кол жазмада эмне жазылган? Аве Мариянын кыпчак тилинде 75 ыры жана “Эсиме түшсө, Исанын касиеттүү каны” деген ыр нотасы менен берилген.

Бул – кыпчактардын ошол доордо эле нотаны өздөштүргөнүн көрсөтөт. Ушундан 7 кылым мурда биздин ата-бабаларыбыз нота менен обон салган. “Кодекс Куманикусты” түрколог окумуштуулар 1828-жылдан бери изилдеп келе жаткандыгына карабастан аны эч ким орус, казак, деги эле түрк тилдерине которбогон. Александр Гаркавецтин айтымында, “Кодекс Куманикус” боюнча 8 доктордук, 16 кандидаттык диссертация жакталыптыр. “Бирок анын тексти орус тилине эми гана которулуп отурат, башка элде эмес, Казакстанда”, – дейт түрколог аалым. Ошондой эле кол жазмада казак фольклорунун бай кору болуп санала турган табышмактар жазылган. Атап айтканда, “Ак күймөнүн (жабык ат араба, Н.Б. ) оозу иох”, жообу: “жумуртка”. “Сенде, менде иох, Сеңгир (бийик, Н.Б. ) тауда йох, Утлу ташта иох, Кыпчакта иох”, жообу: “куш сүтү”. “Ичер, жер, ийнине кирер”, жообу: бычак. “Көк улагым көгөндө семирер” ж.б. Көрүнүп тургандай, көпчүлүгү казак фольклорундагы табышмактарга абдан окшош. “Бул табышмактардын чоң жыйнагы, бардыгы – 60 табышмак. Аны францискалык монахтар Крымдагы Кафа шаарында жазган. Бул азыркы заманга жазма калыбында жеткен дүйнөдөгү алгачкы түрк тилдүү табышмактар”, – дейт Александр Николаевич.

Орто кылымда бүтүндөй Европа кыпчак тилин үйрөнүшкөн ХI-XVII кылымдарда дүйнөдө үстөмдүк кылган кыпчак тилин европалыктар да үйрөнүүгө мажбур болгондугу тууралуу окумуштуу мындай даректи келтирет. Украинадагы кыпчактар жана Алтын Ордо мамлекетинин ичинде чет өлкөлүк соодагерлер иштерин жүргүзүп, Ватикан өкүлдөрү да дайым келип турушкан. Алар жергиликтүү эл менен сүйлөшүү үчүн кыпчак тилин окуп-үйрөнүшкөн.

Александр Гаркавецтин “Кодекс Куманикус” тууралуу изилдөөлөрдөн башка илимге кошкон дагы бир салымы – анын армян-кыпчак тарыхый эстеликтери жөнүндөгү эмгектери. Жоочулук заманда моңгол чапкынчылыгынан качкан кыпчактар менен армяндар Крымга же азыркы Украина аймагына келишкен. Алар Подолиядагы Каменц шаарында жана Галициянын Львов шаарында турмушун өткөрүп, армян тамгасы менен жазылган кыпчак тилиндеги тарыхый эстеликтерди калтырып кетишкен. Ошол учурдагы армяндар кыпчак тилин өтө жакшы билген. Ошол армяндардын кыпчак тилин жогорку деңгээлде өздөштүрүшүнө “Жибек жолунан” башка эмне себеп болгону белгисиз. Кыпчак тилиндеги ошол тарыхый жана диний мурастар күнү бүгүнкүгө чейин текшерилбеген, изилденбеген, бааланбаган бойдон жатат.

Бул жазма эстеликтер XII-XIII кылымдарга тиешелүү. Александр Николаевичтин айтуусуна караганда, Украинанын Львов жана Каменц – Подольск шаарларында, Польша менен Румыниянын шаарларында 30 миң беттик Армян – кыпчак жыйнагы түзүлгөн. Ал “Төрө битиги” (так аталышы – “Төре бiтiгi”, Н.Б. ) деп аталат. Бул төрөлөр (башка элдерге сиңишип кеткен монголдор, Н.Б. ) менен Чыңгыс хан урпактары жөнүндө китеп эмес. Бул – мыйзам китеби. Сот процесси жөнүндө Жарандык кодекс.

“Төрө-битигин” армян тилинде түзүп, жазып чыккан – Мхитар Гош аттуу окумуштуу. Ал диний мыйзамдар жана жарандык мыйзамдар деген эки бөлүмдөн турат. 1519-жылы армян-кыпчактар “Төрө битигинин” жарандык мыйзамдар бөлүгүн кыпчак тилине которот. “Төрө битигинин” жазылуу тарыхын түрколог аалым мындайча түшүндүрөт. Бул мыйзамды армяндар Польша королу Сигизмундга бекиттирүү үчүн алгач аны латын тилинде жазып тапшырат. Бирок, котормочудан башка эч ким латын тилин билбейт экен, ошондуктан аны кайрадан поляк жана кыпчак тилдерине которуп, экинчи ирет тапшырышат. Дагы бир таң каларлыгы Польша королу түздөн-түз тапшырма бербесе да, алар мыйзамды кыпчак тилине которушкан. Неге деген собол жаралат. Эми ошол соболго жооп берип көрөлү, кыпчак тили ошол доордо эл аралык карым-катнаш тили болгондуктан, армяндар акылдаша келе “Төрө битигинин” бүткүл элге түшүнүктүү тилге кото-рулушун чечкен. “Төрө битигинин” бир-эки беренесин мисалга келтирели. Мыйзамдын 43-49-беренелеринде мөмө дарагын кескен адамга төмөнкүдөй жаза белгиленген, даракты кескен адам туура ошондой мөмө дарагын эгип, ал түшүм бергенче дарактын ээсине чыгымын төлөп турат. Табиятты коргоо маселеси эрте заманда эле ошентип мыйзам менен бекитилген. Ал заманда жылкы малына өзгөчө маани берилгендиктен, мыйзамда жылкыны сатаарда үч күбө болсун жана да атты сатып алгандан кийин бир жума ичинде анын оору экендиги байкалган болсо, ат саткан адамга кайра кайтарылат делинген. “Казакстанда “Жер тууралуу” мыйзамды кабыл алган кезде “Төрө битигинин” айрым беренелери жетекчиликке алынды. “Төрө битиги” бүгүнкү күндөрү казак тилинин сөздүк корунда жок укуктук терминдерди сактап калгандыгы менен баалуу. “Жоголгон укуктук терминдерди “Төрө битиги” аркылуу калыбына келтирүүгө болор эле”, – дейт Александр Гаркавец.

Көөнө жазмалардын кыпчак тилиндеги нускалары ар түрдүү мамлекеттердин китепканаларында сакталган. Атап айтсак – Украинада, Россияда, Арменияда, Италияда, Голландияда, Австрияда, Польшада, Румынияда жана Францияда. Айта кетүүчү нерсе, Армениянын Казакстандагы элчилиги бир катар китепканаларда сакталып турган армян-кыпчак кол жазма тексттеринин микрофильмдерин алууда маанилүү роль аткарды. Эдуард Хуршудян Армениянын Казакстандагы

Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп турган убактысында Италиянын Венеция шаарындагы “Касиеттүү Лазарь” аралында жайгашкан армян католиктеринин конгрегациясынан сейрек документтердин микрофильмдерин изилдөө максаты менен алууга жардамдашты.Ошентип, 20га чукул кол жазмалардын көчүрмөлөрү колго тийди. Натыйжасында Александр Гаркавец менен Эдуард Хуршудян биргелешип “Армян-кыпчак псалтыры” деген илимий эмгекти жазып чыгышты.

Александр Николаевич Украинада жашаган кыпчак тилдүү гректердин да тилин изилдеген. Кыпчак тилдүү гректер өздөрүн урум деп аташат. Украинанын Донецк облусундагы Светлый луч айылында дүйнөгө келген Александр Гаркавец урум балдары менен чогуу чоңойгон. Кыпчак тилине деген кызыгуумду ошол урум балдары ойготкон чыгар деп ойлойт түрколог аалым. Кыпчак тилинин эл аралык карым-катнаш тили болгонун ошентип илимий негизде далилдеген Александр Николаевичтин орошон зор эмгегин баалап, тарыхый табериктерибизди көзүбүздүн карегиндей сактоо бизге парз.

Сандугаш СЕРИККАЛИ,
Эл аралык “Казакстан-Заман” гезитинен которгон Назарбек БАЙЖИГИТОВ
«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 12.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.