“Турар” басылмасы жана “Жаңы Ала-Тоо” эл аралык көркөм-адабий журналы адабий чыгармаларга сынак жарыялады

40292620-A00A-4FFF-9F20-809F236B8278_mw800_mh600“Турар” басылмасы жана “Жаңы Ала-Тоо” эл аралык көркөм-адабий журналы адабий чыгармаларга сынак жарыялады.Сынактын максаты кыргыз улуттук адабиятын колдоо.

“Кыргызстандын жаңы адабияты” порталындагы маалыматта айтылгандай, сынактын шарты боюнча ага катыша турган чыгармалар мурда эч жерде жарыяланбаган болушу керек.

Сынак  “Жылдын мыкты жазуучусу” (проза), “Жылдын мыкты акыны” (поэзия), “Жылдын мыкты котормочусу” (котормо) жана “Жылдын мыкты изилдөөчүсү” (илимий макалалар боюнча)  төрт номинация тандалып алынат. Жеңишке жетишкендердин чыгармалары  басмадан чыгарылып, калем акы алышат. Ал эми экинчи байге 10 миң сом, үчүнчү – 5 миң сом көлөмүндө каралууда. Мындан тышкары 2 миң өлчөмүндө дагы бир кызыктыруучу сыйлык каралган.

Ага катышууну каалагандар үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин өз чыгармаларын “Жаңы Ала-Тоо” журналынын редакциясына жөнөтүүсү керек.

“Zpress.kg МА, 14.01.2010-ж.

“Турар” басылмасынын жана “Жаңы Ала-Тоо” журналынын редакциясынын дареги:
720054, Бишкек, Жибек Жолу пр., 466
Тел. +996 (312) 65-88-05, 65-88-04, 65-42-37
Электрондук почта: turar@infotel.kg

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.