2010-жылдагы айрым тарыхый даталар

Туулгандар:
1860-1942-ж.ж. Абдыракманов Байымбет (Тоголок Молдо), кыргыздын атактуу жазма акыны, 150 жыл.
Ырчылар поэзиясынын классиги.

1895-1953-ж.ж. Байбатыров Адамкалый, белгилүү кыргыз өнөрпозу, 115 жыл.
Кыргыздын тунгуч куурчак оюнчусу, темир комузчу, имитатор (тууроочу), Кырг ССР нин эмгек сиңирген артисти, тунгуч темир комузчулар ансамблин түзгөн.

1900-1949-ж.ж. Огомбаев Атай, белгилүү кыргыз ырчысы жана комузчусу, күүчү жана обончу, 110 жыл.
Кырг ССРнин эл артисти. Эмгек Кызыл Туу, Ардак Белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган.

1900-1937-ж.ж. Карачев Сыдык, кыргыз жазуучусу, журналист, 110 жыл.
Кыргыз профессионал адабиятын баштагандардан, кыргыздын тугуч котормочуларынын бири.

5.01.1905-ж. Карасаев Кусейин, тилчи, УИАнын академиги, улуттук тунгуч лексикограф жана лексиколог. 105 жыл.
Филология илимдеринин кандидаты, профессор. Кыргызстанда сөздүк түзүү ишине негиз салгандардын бири.

1905-1974-ж.ж. Токобаев Молдогазы, акын, драматург жана коомдук ишмер. 105 жыл.
Кыргыз адабиятына негиз салгандардан. Кыргыз драматургиясын баштагандардын бири. Ленин ордени, эки Ардак Белгиси ордендери менен сыйланган.

16.05. 1910-ж.- Бөкөнбаев Жоомарт, акын жана драматург, 100 жыл.
Ардак Белгиси ордени 1944-ж. менен сыйланган.

1910-1943-ж.ж. Турусбеков Жусуп, белгилүү кыргыз акыны жана драматургу. 100 жыл.

1910-1978-ж.ж. Борончиев Ысмайыл, төкмө, Кыргыз ССРнин эл артисти, 100 жыл.
Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган

12.01.1910-ж.- Михалев Андрей Николаевич, график, Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү, 100 жыл.
1939-жылдан баштап 1981-ж чейин Кыргызстанда жашап, чыгармачылыгын республика менен байланыштырган.

1910-1975-ж.ж. Бектенов Касымаалы, жазуучу, прозачы жана драматург, 100 жыл.
Ардак Белгиси ордени менен сыйланган.

1915-1950-ж.ж. Осмонов Алыкул, акын, драматург, котормочу, 95 жыл.
Кыргыз котормо өнөрүн жаңы бийиктикке көтөргөндөрдүн бири.

1915-1976-ж.ж. Өмүрканова Мыскал, ырчы, Кыргыз ССРнин эл артисти, 95 жыл.
Кыргыз мамлекеттик. филармониясында хордо, кийин оркестрде солист, жеке ырчы катары иштеген.

3.09.1915-ж. – 1994-ж. Шералиев Жумамүдүн, обончу-композитор, 95 жыл.
Кыргыз ССРинин эл артисти.

14.02.1915-ж. – 1994-ж. Ильина Лидия Александровна, Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү, 95 жыл.

15.09.1920-ж. – 1980-ж. Түгөлов Нурдин Сооронбаевич, балетмейстер, Кыргыз ССРинин эл артисти, 90 жыл.
“Чолпон” балет-фильминин сценарийин жазган.

8.03.1920-ж. – 1989-ж. Махмутова Мариям, опера ырчысы, Кыргыз ССРнин эл артисти, 90 жыл.
Кыргыз опера жана балет театрынын солисти.

1920-1964-ж.ж. Аманбаев Акмат, композитор, Кырг ССРнин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, 90 жыл.
Ардак Белгиси ордени жана медаль менен сыйланган.

5.05.1920-ж. – 1978-ж. Абдраев Мукаш, композитор, профессор, Кырг ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, коомдук ишмер. 90 жыл.
Кырг ССР эл артисти. Кырг ССРинин Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыгынын лауреаты, Эмгек Кызыл-Туу жана Ардак Белгиси ордендери менен сыйланган.

10-ноябрь 1925-ж., Салиев Азиз Абдыкасымович, философ, адабий сынчы, публицист, коомдук ишмер. 85 жыл.
Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат, эки жолу Ардак Белгиси ордени менен сыйланган.

15-май 1925-ж. Жусуев Сооронбай, КРнын Баатыры, эл акыны. 85 жыл.
Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын, А.Фадеев атындагы Бүткүл союздук адабий сыйлыктын ээси, чебер котормочу катары да белгилүү, бир нече медалдар менен сыйланган.

20.09.1925-ж. – 1983-ж. Кудайбергенов Сарыбай, кыргыз тилчиси, филология илимдеринин доктору, 85 жыл.
Орто мектептер жана жогорку окуу жайлар үчүн кыргыз тили боюнча окуукуралдарды түзгөн.

15-апрель 1930-ж. Дулатова Гүлшара Иманалиевна, Кырг ССРинин эл артисти. 80 жыл.

11-май 1930-ж. Мырзабаев Артык, опера ырчысы, СССРдин эл артисти, 80 жыл.
Бүткүл союздук фестивалда I-даражадагы дипломго татыктуу болгон.

4-сентябрь1935-ж. Садыков Тургунбай, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү, Кыргыз ССРнин искусствосуна эмгек сиңирген ишмери, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты. 75 жыл.

11.09.1935-ж. – 2001-ж. Океев Төлөмүш, кинорежиссер, Кыргыз ССРинин эл артисти, 75 жыл.
ССРдин эл артисти.

13-март 1935-ж. Байжиев Мар, кыргыз эл жазуучусу, драматург, прозачы. 75 жыл.

23.03.1940-ж. – 1997-ж. Миңжылкиев Болот Абдуллаевич, опера ырчысы, СССРдин эл артисти, Кыргыз опера жана балет театрынын солисти. 70 жыл
1976-жылы Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгы ыйгарылган. Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

27-март 1950-ж. Ажыбекова Гүлсара, Кыргыз республикасынын эл артисти. 60 жыл

940 -1020-ж.ж. Абу-ль-Касим Фирдоуси, акын, перс жана тажик адабиятынын классиги. 1070 жыл
Анын белгилүү чыгармасы “Шахнаме” деген көркөм энциклопедиясы.

980-1037-ж.ж. Ибн Сина (Абу Али Хусейин ибн Абдаллах, Авиценна), Орто Азия элдеринин атактуу илимпозу, философ, дарыгер, акын. 1030 жыл.

Даталар, окуялар:

23-март1925-ж. “Слово Кыргызстана” гезитине 85 жыл. (1925-ж. – “Батрацкая правда”, 85 жыл. 1926-ж. – “Крестьянский путь”, 1927-жылдан – “Советская Киргизия” деп аталчу ).

1935-ж. Ч.Айтматов атындагы орус драма театрына 75 жыл. Башында Н.К. Крупская атындагы Фрунзе орус драма театры деп аталчу. Труппанын негизин Луначарский атындагы Москва мамлекеттик театр өнөр институтунун бүтүрүүчүлөрү түзгөн.

1-январь 1935-ж. Гапар Айтиев атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук сүрөт искусство музейине 75 жыл.

1955-ж. Көгүлтүр экранга Кыргызстандын эң биринчи “Салтанат” аттуу көркөм фильми чыккан. Ал фильм “Мосфильм” киностудиясы менен чогуу чыгарылган, кинорежиссеру Пронин В., башкы ролду Бакен Кыдыкеева ойнойт.

25-31-август 1995-ж. “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракеси белгиленген күндөр. 15 жыл.

4-октябрь 2000-ж. Ош шаарында шаардын 3000 жылдык мааракеси башталган. Ош шаарынын макамы жөнүндө президенттин токтому чыккан.

“Тарыхый мурас” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 15.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.