Чокморовдун чоюндай арманы

Кыргыз искусствосуна, киносунун кереметине үлкөн салымын кошкон улуу киноактер, сүрөтчү Сүймөнкул ЧОКМОРОВдун көзү тирүү болгондо өткөн жылы 9-ноябрда жетимишке чыкмак. Бирок, өлкө үчүн опол тоодой эмгек өтөгөн таланттуу актердун юбилейине, атүгүл эскерүү кечесине өкмөт татыктуу көңүл бурбады. Убагында Сүймөнкул инисине арнап китеп жазып, аты унутулуп калбасын деп борборубуздагы “Россия” кинотеатрынын жанынан бөлүнүп берилген жерге айкелин тургузалы деп улам бир чоңдун эшигин жыртып, жандалбастап чуркап жүргөн агасы Намырбек ЧОКМОРОВ да өткөн жылдын 3-ноябрында 86 жашында көз жумду. Намырбек ага басма сөзгө Сүймөнкул жөнүндө кандай гана эскерүүлөрдү айтып, жазып кеткен эле. “Агымдын” бүгүнкү мейманы катары Чокморовдорду эскерүү ниетинде Намырбек аганын байбичеси КАРАЧАЧ эжени кепке тарттык.

“Намырбек үч эле күн катуу ооруган”
– Намырбек экөөбүз 44 жыл чогуу жашадык. Мен ага 27 жашымда турмушка чыккан элем. Экөөбүздүн экинчи турмушубуз болчу. Ал убакта Намырбек күзөт бөлүмүндө начальник болуп иштеп жүргөн. Биринчи турмушунан ажырашып, балдары чоңоюп келаткан кези экен. Балдары Алмаз ондо, Венера он бирде, андан улуусу 14 жашта эле. Аларды өз балдарымдай көрүп тарбияладым. Атасы да балдарын абдан жакшы көрчү. Намырбек 86 жашында көз жумду. Төшөккө үч күн эле жатты. Бирок, ага чейин ооруп жүргөн.

Көз жумарынан үч-төрт күн мурда Сүймөнкул тууралуу сүйлөп бер деп телевидениеден журналисттер келишиптир. Алар бизге күн мурунтан айтышкан эмес. Журналисттерге Намырбек сүйлөп бергиси келбеди. “Үйгө киргизбей эле койчу” дегенинен, “атайын Сүймөнкулду эскерели деп келишсе болбойт го” деп көндүрүп, журналисттерге жолуктурдум. “Он беш жылдан бери турбаган Сүймөнкулдун айкелин азыр тургузушмак беле” деп нааразы болду. Журналисттердин суроолоруна жооп берип атып, биртоп толкунданып, кызарып атканын байкадым. Ч.Айтматовдун, Т.Усубалиевдин дагы биртоп белгилүү кишилердин юбилейи өттү деп айтып отурду. Эми аларга көңүл бөлгөн өкмөт, Сүймөнкулга деле көңүл бөлсө болмок деп айкели тууралуу дагы айтып өттү. Искусство эч качан өлбөйт, Сүймөнкулдун айкели быйыл коюлбаса эмдиги жылы же кийинчерээк коюлар деди акырында. Чынында борбордогу “Россия” кинотеатрынын жанынан атайын Сүймөнкулдун айкелине деп бөлүнгөн жер он беш жылдан бери бош турат. Журналисттер кеткенден кийин аябай толкулданганга микроинсульт болду окшойт, башка эле сөздөрдү сүйлөп, Сүймөнкул жөнүндө эмне айтканын эстеген жок. Бирок, катуу капаланды. Өңү кызарып, бети-башы кандайдыр бир башкача болуп калды.

Өз элинде баркы жокпу?
– Намырбек да, Сүймөнкул да искусствого берилген адамдар эле. Эч убакта дүнүйөгө, байлык-бийликке умтулган эмес. Биздин Чүйдүн эли момун, жулунбаган эл экен. Сүймөнкулдан кийин эле көз жумган Рыспай Абдыкадыровдун Ошто комуз кармаган айкелин орнотуп, атын филармонияга бергенин көрүп ыраазы болдум. Мен Ош элинин намыскөйлүгүнө баа бердим. Эмне үчүн искусство деп күйүп, ден соолугунан ажырап, акыры өмүрү менен кош айтышкан Сүймөнкулду мамлекеттик деңгээлде эскербей, айкели эмдигиче тура элек? Намырбек ушуга да көп нааразы болчу. Бир жолу Сүймөнкул чет мамлекетке барып келип, “ой, жеңе, биздин Кыргызстанга эле кадырыбыз жок экен. Чет мамлекетте Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү илинип турганын көрүп, аябай баркыбыз көтөрүлбөдүбү” деп айтып калды. Чынында Сүймөнкул айткандай, биз өз баркыбызды билбейт экенбиз.

Сүймөнкулдун сүрөттөрү неге көрсөтүлбөйт?
– Мен келген 1965-жылы Сүймөнкул аялы Салима менен жашачу. Эки жылдан кийин “Караш-караш” тасмасы тартылган. Ошондо Сүймөнкул Ленинграддан окууну бүтүп келип, иштеп аткан кези эле. Салиманын атасы дунган, энеси украин кызы болчу. Сүймөнкул киного тартылганда аялы эч каршылык кылган эмес. Тескерисинче, ага бардык шарттарды түзүп, алдыга сүрөп турчу. Ошол учурда Сүймөнкул балалуу боло албай жүргөн. Салиманы улам бир доктурга көргөзүп, барбаган жери деле калган эмес. “Караш-караш” тасмасы тартылып атканда кудай буюруп уулу Бактыгул төрөлдү. Аны доктурдан өзүбүз чыгарып келип, тоюн берген элек. Ал кезде кайнилеримдин баары жаш бала-чакалуу болчу. Намырбек экөөбүз баарына ата ордуна ата, эне ордуна эне болуп жүрдүк. Салима чынында кыргыздын каада-салттарын жакшы билчү эмес. Кыргыздын тамак-аштарын, каада-салтын үйрөтүп энесиндей карап турчумун. Ал кезде Ч.Айтматов, Т.Океев сыяктуу улуу адамдар Бактыгулдун бешик, сүннөт тоюна Чоң-Таштагы үйгө келишкен. Анда айылдагы үйдө кайним келинчеги менен турчу. Ошол убакта Чоң-Ташка Сүймөнкулга өнөркана салганбыз. Кийинчерээк айылдагы ал кайним да, келиним да көз жумду. Ал үйдө эч ким жашабайт. Сүймөнкулга салынган өнөркана да жабык турат. Ал жердеги сүрөттөрдүн баарын Сүймөнкул көз жумгандан кийин Салима музейине алып кеткен. Учурда Сүймөнкулдун сүрөттөрү уулу Бактыгулда. Анын сүрөттөрү музейге коюлуп, элге көрсөтүлүп турса болмок деп Намырбек биртоп кейип жүрдү.

Намырбек көз жумганда Сүймөнкулду эскерүү өттү
Сүймөнкулдун жетимиш жылдык тоюн беребиз деп туулуп-өскөн айылындагылар даярданып атканда Намырбек катуу ооруп калды. Тойго кошумчабызды берели деп Намырбектин балдары менен Бактыгул жылкы даярдап койгонбуз. 3-ноябрда Намырбек көз жумду, Сүймөнкулдун туулган күнү 9-ноябрь эле. Биз кара жамынып отуруп тойго аралаша алган жокпуз. Уулу Бактыгул “Россия” кинотеатрына атасынын 70 жылдык юбилейин уюштуруп, эскерүү кечесин өткөрүп, кинолорун көргөзсө, туулуп-өскөн айылына райондун жетекчилери, айыл өкмөтү уюштуруп беришти. Эскерүүгө чакырылгандардын баары эле келишти дешти. Төлөмүш Океевдин кызы менен Бактыгул экөөлөп уюштурушуптур.

Сүймөнкулдун небересин көрбөй калган арманы
– Эмнегедир Бактыгул эки иниси Эргул, Азамат менен катышпайт. Аны Намырбек деле айтып калчу. Сүймөнкул көз жумардын алдында уулдары менен тааныштырган экен. Өлөр алдында Сүймөнкул чуркап жүрүп эки баласына бир бөлмөлүү квартира да алып берген эле. Башкалар бир топчу таап алса деле сүйүнүшөт. Сүймөнкулдун кийинки эки баласы төрөлгөнүнө аябай сүйүнөм. Андан тукум калды. Бактыгул азыр жаш, көп нерсени түшүнбөйт. Сүймөнкулдун эки уулу тууралуу Намырбек деле “мен элден жашырсам да Кудайдан жашыралбайм, жашым келип калды” деп эскерип жазганы бар. Намырбектин дагы бир арманы – Сүймөнкулдун небересин көрбөй кетти. Бактыгулдун азыр чоңоюп калган баласы чет мамлекетте окуп атат. Бир эле шаарда жашап атып, Бактыгул уулун Намырбекке бир да жолу көргөзүп койбоду. Жок дегенде бир жолу көрүп калса болмок. Ошого да көп капа болчу.

Чоң атасынын жанында Эргул болду
– Намырбек катуу ооруп төшөктө жатканда Эргул келип калыптыр. 3-ноябрь болчу. Доктурлар Намырбекти текшерип көрүп эле, анын оорусу катуу, даярданып, айылга алып кеткениңер оң го деди. Намырбектин сүйлөгөнү, аң-сезими ордунда эле. Бирок, доктурлар “азыр кулактарынын учтарынан да көз жумары билинип калды, даярдана бергиле” деп болбой коюшту. Бул киши чымырлыгынан гана турат дешти. Ага чейин үн чыгарып, туура эмес сүйлөгөнүн уккан жокмун. “Тез жардам” келип кеткенден кийин Намырбекке “айылдагы үйгө баралы” десем, “эмнеге бармак элем, барбайм, үйдө эле болом” деп болбойт. Доктурлар баргыла деп айтты деп айталбай, “айылда таза аба, өзүм да жүрөгүм оорулуу болсо, сен да ооруп атсаң…” десем, “мен сени багам, сени мен багасың” деп кол шилтеп койду. Эргул Намырбектин тырышып аткан колу-башын кармап, маңдайында ыйлап отурду. Ошол Эргул уулумдун колунан кетти Намырбек. Балдарынын баары айылдагы үйдө эле. Намырбектин сөөгү туулуп-өскөн айылына, туугандарынын жанына коюлду. Ал учурунда көп жерде иштеген эле, бардыгы колдон келген жардамын берип кетишти. Аларга ыраазыбыз.

Намырбек көз жумганда анын балдары, Эргул чуркап жүрүштү. Ал эми Азамат Москвада болчу. Бактыгул ошол кезде Сүймөнкулдун жетимиш жылдыгын өткөрөбүз деп чуркап жүргөн.

5 миң сомдуктагы элес
Кыргыздын 5000 сомдук купюрасына Сүймөнкулдун элеси түшүрүлгөндө Намырбек абдан сүйүнүп, муну музейге бериш керек деген эле. Кыргыз улуттук банкынан купюранын үлгүсүн айнекке салып атайын Намырбекке тапшырып кетишкен. Намырбекте Сүймөнкул тууралуу баардык маалымат бар эле, аларды архивге өткөрүп берген. Жашоосундагы бардык орчундуу окуяларды жазып, белгилеп турчу. Сүймөнкул бир жакка барарда дайыма Намырбек менен кеңешип, маалыматтарды көп алчу. Мындан бир нече жыл мурун, өткөн кылымда Сүймөнкул жөнүндө жазган гезит-журналдардын баары сакталып турат. Сүймөнкулдун жетимиш жылдыгы мамлекеттик деңгээлде өткөн жок. Он беш жылдан бери Намырбек чуркап да, жазып да жүрдү, бирок, Сүймөнкулдун айкелин тургуздура албай койду. Быйыл Султан Раев Сүймөнкулдун айкелине акча бөлүнөт деп айткан. Учурунда марафон да өткөрүлүп, каражат чогулган.

Намырбек Сүймөнкулдун айкелин күтүп жүрүп арманда кетти. Өкмөткө канча жолу кайрылды эле. Баары эле кайрылган кезде буйрук чыгарып, сөзсүз быйыл коюлат дешет да, ошол боюнча унутулуп калат. Абышкамдын эң акыркы айткан сөзүндөй, “искусство өлбөйт, Сүймөнкулдун да айкели бир мезгилде тургузулар…”

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, 38-67-13, nazik @vb.kg, “Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 15.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.