ИДЕОЛОГИЯСЫ ЖОК МАМЛЕКЕТ – МАДАНИЯТТУУ КУЛГА АЙЛАНАТ

Манастын 7 осуяты элге сиңдиби же коомчулукту өнүгүүгө карата жетелей алдыбы? Мына ушул суроолорго жооп табуу үчүн ой жүгүртүп, гезит аркылуу окурмандарга оюмду ортого салып, алардын да пикирин билгим келди. Себеби, мамлекеттик идеология коомдун өнүгүүсүнө түбөлүкккө керек. Ошондуктан, ал актуалдуу бойдон калууда. Мамлекеттик идеология деп аталган Манастын 7 осуяты жөнүндө коомчулукта ар кандай сын пикирлерди угуп жүрөбүз. Ал идеологияны кээ бирөөлөр элге сиңди деп айтса, кээ бири Манастан 7 осуят эмес, 70 осуятты таап, идеологияга айландырууга болот деген ой пикирлерди да угуп жүрөбүз. Мейли, жетиби же жетимиш осуят дейбизби маселе анын санында эмес, ал идеология жаңы коомго шайкеш келип, өнүгүүгө өбөлгө болуусундагы сапатында жатат. Негизинен алып караганда Манастын 7 осуятында көрсөтүлгөн багыттар бардык эле мамлекеттердин идеологиясында бар. Ага далил катары мисал келтирсек, жогорку окуу жайларда колдонулган Теория Государство Право деген китепте ал осуят ачык айкын жазылып турат. Ал китепте Манастын 7 осуяты дебестен, мамлекеттин ички жана тышкы функциясы деп айтылган. Менин оюмча өткөн эски доордогу коомго азыркы илим-билимди таңуулаган туура эмес.

Осуят дегендин мааниси эмне?

Осуят деген араб тилинен кирген сөз. Анын мааниси керез дегенди билдирет.Анда Манас бабабыз элибизге осуятта көрсөтүлгөн керезин айтып калтырганбы деген суроо туулбайт койбойт. Түшүнгөн адамга мындай таңуулоо уят нерсе. Мисалы, Манас осуятынын биринде “Арыбас мээнет, алдыңкы өнөр билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу” деп жазылган. Бул насаат сөзгө ой жүгүртүп көрбөйлүбү? Эгерде, Манас бабабыздын доорунан бери кыргыз элибиз билим илимге умтулганда, эчак эле мамлекетибиз гүлдөп өнүгүп, биздин космонавттар айга учмак. Андыктан, руханий тарбиялык идеологияда турмуштагы чындыкты чагылдырган табигый идеология болууга тийиш. Тарых далилдеп көрсөткөндөй, коомго терс таасирин тийгизүүчү буржуазиялык, тоталитардык, (диктатордук) коммунисттик, фашисттик ж.б.у.с идеологиялардын кыйрагандагы баарыбызга маалым. Чыныгы адамдык баалуулуктарды сактаган, бурмаланбаган идеология гана коомчулукта туруктуу сакталып калды. Ошондуктан, коомдун өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизүүчү эле эмес, жаңы коомго каршы келген бийликтин күчү менен мажбурланган саясий экономикалык (Элдик бийликке каршы мыйзам, чет мамлекеттердин кызыкчылыгын көздөгөн келишимдер), социалдык (элдин жашоо шартына туура келбеген салыктар), тарбиялык (улуттук баалуулуктарга терс таасирин тийгизген) багыттардагы идеологиялар да түбөлүктүү болбойт.

Мамлекеттик идеология деп аталган 7 осуятты окуу жайларда окуучулар менен мугалимдер жаттап алган болсо эле, аны сиңди деп да айтууга болбойт. Ал идеологияны качан элге сиңди деп айтууга болот? Аны жарандар осуятта көрсөтүлгөн сөздөргө маани берип, тарбия- таалим, илим- билим аркылуу дилге сиңип, андагы багыттарды иш жүзүнө ашуусуна адам өз алдынча аракет кылганда гана аны элге сиңди деп айтууга болот. Тилекке каршы, биздин бийлик жетекчилерибиз, эгемендүү мамлекет болгондон бери, мамлекет тарабынан атайын программа кабыл алынып, коомчулукка талкууга коюлган өзөктүү коомубуздун өнүгүүсүнө жараша идеология иштелип чыгылган жок. Мамлекетибиздин өзөктүү идеологиясынын жоктугунун натыйжасында, чет өлкөлөр биздин кен байлык менен геошартыбыга кызыгып, өздөрүнүн саясий, экономикалык гана эмес, элибиздин салтына, адеп-ахлагына, улуттун өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизүүчү идеологиясын таңуулап келүүдө. Алардын көрсөтмөлөрү менен биздин бийлик жетекчилер ар кандай саясий, экономикалык реформаларды жүргүзүп, анын натыйжасында союз учурунда элибизге калган айыл чарба менен өндүрүштүк базаларыбыздын дээрлик көпчүлүгү талкаланып жок болду. Карапайым элге болсо 6 сотыхтан баштап, алды 3 гектар үлүшкө ээ болушкан болсо, чет элдик капиталистер мамлекеттин экономикасынын негизги өзөгүн түзгөн кен байлыктарды (алтын, күмүш, уран, нефть, газ ж.б.у.с) баалуу үлүштөргө ээ болуп, кыргыздын барына сүйүнүп, силер түптүү, байыркы элсиңер, уруу сүрүштүрүү силерде сакталып калган деп, кен байлыктардын пайдасын тымызын көрүүдө. Эгерде Манас осуяты элибизге сиңген болсо, анда көрсөтүлгөн улуттук ар намыс, ариет кайда калды? Мындай теңсиздик келишимдер кыргыз элинин аброюна шек келтирип, мамлекеттин өнүгүүсүнө да терс таасирин тийгизүүдө. Ушундай абалды байкап туруп, кыргыз эли келечекте маданияттуу кулга айланып калабы деген ой да оюңа келбей койбойт. Мен бир нерсеге жакшы түшүнө албаймын. Мисалы, Президент, депутат, өкмөт башчылары жаңы кызматка киришип жатып, элдин алдында эгемендүүлүктү сактап, элибиздин жыргалчылыгы үчүн күрөшөмүн деп ант беришет. Эми ойлоп көргүлө, негизги экономикабыздын өзөгүн түзгөн кен байлыктардын дээрлик көпчүлүк пайдасын чет элдик капиталисттер көрүшсө, стратегиялык обьектилер аларга сатылса, мындай абалда биздин эгемендүүлүгүбүз өзүнөн өзү жоюлуп жатпайбы? Эгемендүүлүктү бийлик кызматкерлери кандайча түшүнүшөт? Эгемендүүлүк бул – элдин негизги байлыгын сатып, эгемендүүлүктү жоюу эмес, эгемендүүлүк бул – кыргыз элинин кылымдар бою эңсеп, тилеп, умтулуп, керек учурунда кан төгүп душмандар менен күрөшүп жүрүп, жеткен сатылбас байлыгы жана сыймыгы. Ошондуктан, баш мыйзамыбыз КРнын Конститутциясынын биринчи беренесинин үчүнчү катарында Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийликтин жалгыз булагы деп жазылган. Демек, Кыргызстандагы кен байлыктардын ээси да эл. Жалпы элдик мүлктү (стратегиялык обьектилерди) элден уруксатсыз бул баш мыйзамга түздөн-түз каршы келет. Ошондой эле учурда коомчулукта тескери пикирди жараткан Конституциянын 52-беренесине кошумча киргизиле турган өзгөрүүлөр боюнча жогоруда аталган беренеде көрсөтүлгөн жалпы элдин укугуна түздөн-түз каршы келгендиктен, аны өзгөртүп, же макулдук берүүгө Конституциялык Соттун да укугу жок экендигин баш мыйзам айгинелеп турат. Коомубузда болсо, тарбиялык идеологиянын жетишсиздигинен ошол чет өлкөлөрдүн терс багыттардагы кино тасмалардын таасиринде ар кандай кылмыштар көбөйүп, кала берсе окуу жайларда да рекет, өзүн-өзү өлтүрүү ж.б.у.с кылмыштар көнүмүш түргө айланды.

Биздин окумуштуулар эми тарбиялык жана өнүгүүгө багытталган идеологияны көчмөн элибиздин цивилизациясынан издеп табышмакчы. Кээ бир коомдук ишмерлер болсо, кыргызды уруу урууга бөлүп, уруу аркылуу ынтымакка жетебиз деп, өнүгүүнүн ордуна элдин психологиясын таш дооруна буруп, кыргыздын канында арийлердин каны бар деп сыймыктанууда. Менин ал окумуштууларга айтайын дегеним, кыргыздын 15 томдук тарыхын 15 жылда жазып бүтүргөн чакта да, ал өнүгүүнүн өзөктүү идеологиясы боло албайт. Көчмөн элибиздин цивилизациясындагы баалуулуктар идеологиянын тарбиялык багыттагы бир бутагы гана боло алат. Ошондой эле “Манас” эпосу да кыргыз элинин руханий байлыгы, сыймыгы катары өзүнчө идеология болууга тийиш. Кыргыздын канында арийдинби же башканыкыбы, кыргыз эли коомго жараша өнүгүүгө изденип аракет кылбаса, кыргыз элинин баалуулуктары бир тыйынга арзыбай калат. Аталган кемчилдиктерден өкмөт жетекчилери да жыйынтык чыгарып, чет элдик компаниялардын келишимдерин ревизия кылып, кыргыз элинин пайдасына мүмкүнчүлүк болушунча кайрадан карап чыгуулары зарыл. Бул жалпы элдин талабы.

Менин түшүнүгүм боюнча биздин мамлекеттин идеологиясынын түзүлүшүнө каршы кандайдыр бир топ күч бар. Андай болбосо, идеология эчак эле иштелип чыгыш керек болчу. Себеби, идеология дегенде улуттун кызыкчылыгы менен элдин укугу алдына коюлат, ошол себептен идеологияны көмүскөгө коюп, аны издемиш болгон окумуштуулар менен коомдук ишмерлер болсо, бекер убакытты кетирип, элди алаксытып жатышат. Алар Кыргыздын тарыхын тактап, мактап, идеологияны таап жазышканча Кыргызстандын стратегиялык обьектилери (негизги байлыкты түзгөн) чет элдик капиталистерге сатылып, Кыргыз эли экономикалык жана материалдык жактан аларга көз каранды болуп, эл эгемендүүлүктүн күчүн жоготкондон кийин, бизге кыргыздын 15 томдук тарыхы менен таңууланган Манастын 7 осуятынын кимге кереги бар? Эгерде Кыргыз эли, эгемендүүлүктүн баркына жетпей, жогоруда көрсөтүлгөн абалга кабылса, анда ата-бабаларыбыздын арбагы да нараазы болуп, ошол окумуштуулар издеген көчмөн элибиздин абалына түшүп, биздин келечек муундар азыркы бийликке эле эмес, жалпы Кыргыз элине наалат айтат десем жаңылышпаймын. Бул көйгөйлүү маселер боюнча эмгеги элге сиңген акын, жазуучулар, маданият кызматкерлери, көрүнүктүү илимпоз-интеллигенттерибиз эмне үчүн калыс сөзүн калкына айтышпайт? Алардын элине кызмат кылуу милдети ээлеген кызматы менен же өздөрүнүн Өкмөттөн алган сыйлыктары менен эле чектелгенби? Адам бир нерсени билип туруп, аны өз элинин пайдасына айтпаса күнөө эмеспи? Алар чын эле Кыргыз элинин келечегин кең болуусун каалашса, оппозицияны душман катары көрбөй ойлорун ортого салышса жалпы Кыргыз элинин пайдасы болмок.

Ошондуктан, менин сунушум убакытты текке кетирбей, жаңы коомго жараша улуттук баалуулуктарды сактаган, өнүгүүгө багытталган, бардык тармактарды камтыган идеологияны тез аранын ичинде иштеп чыгуу бул мезгилдин түбөлүктүү талабы. Жогоруда аталган коомубуздагы кемчилдиктерден жыйынтык чыгарсак, биздин бийликтеги интеллигенттер, эгемендүүлүк, улуттук нарк, улуттук кызыкчылык, баш мыйзамда көрсөтүлгөн эгемендүүлүктүн жана бийликтин ээси эл экендигине маани бербегендиктери өзү эле мамлекеттин өзөктүү идеологиясынын жоктугун далилдеп турат. Мамлекеттин өзөктүү идеологияга көңүл бурбагандыгы бул Кыргыз элинин келечегине көңүл бурбагандыгына барабар. Ошондуктан эң биринчи кезекте көчмөн элдин цивилизациясын издөө эмес, өзөктүү идеологияны издеп чыгыш керек. Мында баса белгилей кетчү нерсе, коомчулукта ар кандай саясий башкаруу реформалар бийлик алмашкан сайын коомдун талабына ылайык өзгөрүп турат. Бирок, руханий тарбиялык идеология өзөктүү түзүлгөн болсо, өнүгүүгө өбөлгө, элибизге дем берип, эл менен кошо түбөлүккө кала берет. Андыктан, Президентибиз Курманбек Салиевич да идеологияга кечиктирилгис чара колдонуусу зарыл. Демек, жогоруда келтирилген мисалдардан жыйынтык чыгарсак, жаңы коомго жараша өнүгүү багаттарындагы бардык тармактарды камтыган идеологиясы жок мамлекет тилин, улутун, динин, эгемендүүлүүгүн жоготуп, маданиятуу кулга айланып калышы да талашсыз.

Абдинаби Назарбаев, юрист, акын, Кадамжай шаарчасы
“Назар” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 15.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.