“Үркөр” жылдызын же “тоголду” жакшы билүү керек

Өткөн атабабаларыбыз миңдеген жылдар бою күндүртүндүр көчмөн турмуштун кучагында болгондуктан, кыргыздар эң алгачкы мезгилден бери эле бардыгын үркөр топ жылдызын байкоолордон баштаган. Маселен, дүйнө элдеринин ичинен биринчи болуп кыргыздар гана асмандагы айларга өз өзүнчө ат койгон, ошол аталган айлардын атын үркөр топ жылдызына карап баа беришкендиктен, ал айларга “тогол” атты кошуп аташкан. Эми “тогол” деген сөздү чечмелесек, асмандагы айлар кайсы күнү жана качан барып үркөр топ жылдызына тогошуп, жакындашып каларын түшүндүрө турган эле нерсе. Маселен, ар жыл сайын март айынын көпчүлүк күндөрүндө асманда болуучу айдын аталышы сөзсүз түрдө “чын куран 5 тогол” аттуу ай экенин баарыбыз жакшы билебиз. Демек, чын куран аттуу ай жаңыргандан кийин 5 күн өткөндө гана ошол жаңырган ай үркөр топ жылдызына жакын барып, тогошуп калат.

Ар жыл сайын июнь айынын көпчүлүк күндөрүндө асманда болуучу айдын аталышы “Теке 23 тогол” болот. Демек, теке аттуу ай жаңыргандан кийин 23 күн өткөндө гана теке аттуу ай үркөр топ жылдызына жакын барып тогошуп калат. Демек, “тогол” деген сөздү чечмелегенде, жыл бою жаңырган асмандагы айлардын бардыгы үркөр топ жылдызына жакын барып тогошуусу жана жакындашуусу “тогол” деген түшүнүктү берет. Ошентип кыргыз элинде кылымдардан бери калыптанып калган асмандагы айлардын аталышы “тогол” аты менен кошо аталып калган. Демек, байыркы атабабаларыбыз баарыдан мурда үркөр топ жылдызынын көзгө көрүнгөн кээ бир белгилерине өзгөчө маани берип келишкен.

Жазында айдапсебүү мезгилинде “үркөр батты, кош жатты” деген накыл сөздөр бекеринен айтылбаса керек. Маселен, ар жыл сайын жазында “кулжа 1 тогол” аттуу ай асманда жаңырган күн үркөр топ жылдызы батып келет. Демек, ар жыл сайын “кулжа 1 тогол” аттуу ай жаңырганга чейин ак эгиндерди же, тактап айтканда, кылкандуу дан эгиндерин сээп бүтүп коюш керек экенин бабаларыбыз эң жакшы билишкен. Билбестиктин кесепетинен үркөр баткандан кийин деле кылкандуу дан эгиндери себилип калса, ал эгиндерден ойдогудай мол түшүм алуу деген кем болуп калган, тактап айтканда, 1999жылы Ысык-Көл облусу баш болгон кээ бир бийик тоолуу райондор үркөр батып кеткенден кийин деле кылкандуу дан эгиндерин себе беришкен. Ал кылкандуу дан эгиндери күзүндө кечеңдеп, бышпай туруп калат. Жыйынтыгында, ошол жылы күзүндө кылкандуу дан эгиндери кар алдында калган.

Эми үркөр топ жылдызынын өсүмдүктөр дүйнөсүнө, жанжаныбарлар дүйнөсүнө жана адам баласына тийгизген таасирлерине токтололу. Ар жыл сайын “кулжа 1 тогол” аттуу ай жаңырганда үркөр топ жылдызы батып кетти дебедик беле. Үркөр баткандан кийин 40 күн өткөндө үркөр чыгыштан кайра чыга баштайт.

Үркөр батканда түнкүсүн бийик тоолуу аймактардагы дарыдармекке керектелүүчү чөптөр дүркүрөп өсө баштайт. Кулунун ээрчиткен бээлер түнкүсүн оттошот эмеспи. Ал эми күндүзү адырдагы керилген жерлерде болушуп, кымыз үчүн сүт саалат.

Ден соолук үчүн өзгөчө баалуу кымыз кайсыл мезгилде болот деген олуттуу суроо жаралбай койбойт. Так ошол ден соолук үчүн өзгөчө баалуу кымыз үркөр баткандан кийин же “кулжа 1 тогол” аттуу ай жаңыргандан кийин 40 күн ичинде жасалган кымыз ден соолук үчүн өзгөчө баалуу кымыз болуп эсептелет, тактап айтканда, бул 40 күн ичиндеги кымызды кыргыз эли эзелтен бери эле ууз кымыз деп атап келишкен. Даңктуу тамырчылар, элдик табыптар ден соолугу начар адамдарды көпчүлүк учурда ушул 40 күн ичиндеги ууз кымыз менен эле дарылап коюшкан. Алар үркөр чыккандан кийин жасалган кымыздарды жөнөкөй кымыздар деп эсептешкен. Ар жыл сайын “кулжа 1 тогол” аттуу ай май айынын күндөрүндө асманда болот эмеспи.

Бүткүл дүйнөдө эки эле түрдөгү календарь бар. Башка түрдөгү календарлар жок. Ал календардын бири – Күн жылынын календары же Григориан календары болсо, экинчиси, Ай жылынын календары же Чыгыш элдеринин календары деп аталат. Так ушул календарлар экөө тең бир баштан орун алып, биринбири толуктап, эришаркак көрүнүштө болгону менен даңктуу. Өзгөчө айта турган нерсе, бул календарь да жыл бою жаңырган асмандагы бардык айлардын аты “тогол” аты менен кошо аталып турганы эң негизги максатты көргөзүп турат. Демек, бул календарда жыл бою жаңырган асмандагы бардык айлардын үркөр топ жылдызына качан барып жана кайсыл күнү тогошуп, жакындашып калары жөнүндө маалымат өзгөчө так көргөзүлүп турат. Анын үстүнө айыл өкмөттөрү, айылдагы дыйкан чарбалар бул календардын пайдалуу жактарын өзгөчө баалап жатышат. Себеби, түшүмүн тамырынан берүүчү үрөндөрдү: жержаңгак, сабиз, кызылча, пияз, картошка жана башкаларды качан гана асмандагы айдын он беши болуп, толук толуп, андан ары кичирейе баштаган күндөн тартып себиш керек экенин азыркы дыйкандар эң жакшы билип калышты. Алар “айга карап, айдап сеп” деген өткөн атабабаларыбыздын накыл сөздөрүн унуткан жок. Ал эми түшүмүн тамырынан эмес, жогорку сабагынан берүүчү үрөндөрдү маселен, коон, дарбыз, ашкабак, помидор, бадыраң жана башкаларды асмандагы ай жаңыдан жаңыргандан баштап себе бериш керек экенин айыл чарба кызматкерлерине маалым.

2003жылдан бери бүткүл кыргыз элине кеңири мааниси болгон кыргыз элинин улуттук календары деп аталган Ай, Күн календары деги бүгүнкү күндө кыргыз элине кандай пайда алып келип жатат? Деги бул календардын көзгө көрүнөрлүк пайдалуу жактары барбы деген олуттуу суроолор жаралбай койбойт. Кыскартып айтканда, бул календардын пайдалуу жактары толуп жатат. Маселен, кыргыз өлкөсү бийик тоолуу мамлекет болгондуктан климаты да континенталдуу жана өзгөрүлмөлүү.

Асмандагы айдын “ай арасы” жана “тогол” аттуу ай мезгилдериндеги Ала-Тоо аймагында сөзсүз түрдө абаырайында өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Демек, Ала-Тоо аймагында кайсы айдын кайсы күндөрүндө абаырайында өзгөрүүлөр боло тургандыгы жөнүндөгү маалыматтар бул календарда кашкайып көрүнүп турса, бул календарь кимге да болсо кереги тийип калат. Маселен, айдоочулар болобу, ашуу ашып, көчүпконуп бара жаткан малчылар болобу, бул календарь жөнүндө кабардар болушса, алар абаырайынын өзгөрүшү жөнүндөгү кабарды күн мурунтан билип калышат.

Торон Жумаев, Жалал-Абад облусу, Кара-Көл шаары
“Тарыхый мурас” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 15.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.