«Сынган кылычтын» сыры жана сыны

Тарыхый теманын көркөм чагылдырылышы жагынан Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романы карааны калың чыгармалардын арасынан аттын кашкасындай бөлүнүп турат.

«Азаттыктын» «бетме-бет» талкуусу мына ушул чыгарма, кыргыз адабиятында тарыхый теманын өздөштүрүлүшү, өткөнгө кайрылуунун сабактарына арналат. Ал тууралуу студия коноктору адабиятчы Абдыкадыр Садыков, жазуучу Токтобай Мүлкүбатов жана берүүнүн алып баруучусу Бекташ Шамшиев ой бөлүшөт.

– Кыргыздын көрүнүктүү сүрөткери Төлөгөн Касымбековдун быйыл 80 жылдыгы белгиленип жатат. Ошондон анын “Сынган кылыч” романы туурасында кеп кылуунун да оролу келип турат. Бул тарыхый роман чыккандан бери деле көп чыгармалар жаралды, бирок ал багындырылбай калган чокудай болуп дагыле бийиктигин, тереңдигин сактап келатат. Абдыкадыр агай, сиз ушул чыгарманын кандай жаралганы, анын айланасындагы талаш-тартыштарды жакшы билесиз. Кепти ушундан баштасак.

Абдыкадыр Садыков: – “Сынган кылыч” тарыхый романдардын кыргыз адабиятындагы жаңы доору. Андан кийн чыгып жаткан чыгармалардын баарынын өзүнүн максат-милдеттери бар. “Башканы коюп “Манасты” айт”, демекчи, мына А.Стамов “Тейиш кан” романын жазды. Ал “Т.Касымбеков менен мелдештим”, дейт. Т.Касымбеков 4 тарыхый роман жазса А.Стамов 4 бөлүктөн турган роман жазыптыр. Ал жөнүндө сөз өзүнчө болор. Тарыхый романдар көп эле чыкты. Шабдан баатыр, Ормон кан жөнүндө, жана башкалар. Сөзүбүз Т.Касымбеков жөнүндө болгондон кийин мына ушул улуу устат жөнүндө айтайын. Тарыхты курулай окуса да болот. Ал аны көркөм образдарга айлантып жатат. Андагы ар бир образ, Аксыдагы Теңирберди менен Сарыбай же тигил кан ордосунда жүргөн Нүзүп, Алымбек датка. Анан Ыскак деген эмне деген адам. Кокон кандыгына, падышалыкка каршы күрөшкөн баатыр. Т.Касымбеков түзгөн ар бир образ тип болуп турат. Анын мыктылыгы да ушунда. Тарыхый чындыкты көркөм чындыкка айландыра билиш деген оңой-олтоң жумуш эмес.

– Токтобай мырза, “Сынган кылыч” романынын деңгээлине Т.Касымбековдун өзү кийин жете алдыбы? Сиз тарыхый темага кайрылып, тарыхты иликтеп жүрөсүз. Ушундай суроо койсо болобу?

Токтобай Мүлкүбатов: – Биз “Сынган кылычтын” бир эмес, үч вариантын окудук окшойт. Биринчи журналдык вариантында Кокон кандыгын сыпайчылары кыргыздарды кантип кыйнагандыгы, боюнда бар кыргыз келиндин ичин жарып ийсе “ба” деп бакырып баласы түшкөнүн жазганын окуганым бар. Кийин Төкөмүн айтуусунда романдын орусча котормосун жасап жаткан москвалык аял мына ушул эпизодду окуп алып “эмне деген жырткычтык” деп которбой койгон экен. Т.Касымбековдун биринчи китеби кыргыз тарыхына кызыккан окурмандардын үстөлүнөн түшпөгөн китеби болуп калды. Мен аны улам-улам окуй берем. Анын эпизоддорду кура билиш чеберчилигине, тилдик байлыгына суктана берем. Төкөм өзү деле “Сынган кылычтын” деңгээлинде кийинки чыгармаларын жаза албады. Мисалы мен “Келкелди” эки ирет окуп чыктым. Бирок анда мурунку шык, дем жок. Романда сүрөттөлгөн мезгилди жакшы билип калдыкпы же Т.Касымбековдун улуу ырчы Токтогулду Фрунзеге алып барып жолуктуруп койгонубу, бай-манаптарды басынткандай көрсөткөнүбү, иши кылып жакпай калган жерлери көп болду. “Сынган кылычтыкы” башка. Нүзүп бийди Маргалаңга алып барып өлтүрүшкөн жери бар эмеспи. Иш жүзүндө антип намаз окуп жаткан жеринен башын кыя чабууну кызматтан түшкөн Шерали хан буйруган экен. “Сынган кылыч” кыргыз барда окула турган, ар бир киши аспиеттеп текчесине коюп алып окуй турган китеп.

– Абдыкадыр агай, социализм доорунда тарыхый темага кайрылуунун кыйындыгын К.Осмоналиевдин “Көчмөндөр кагылышы” романынан деле байкайбыз го. Романда башында тарыхый каармандардын аты өзгөртүлүп, окуялар кыйла жабылып-жашырылып берилген. Мына эгемендик келгени бул темага эч ким тоскоолдук кылбай, жалаң эле чыгарма эмес, тарыхый изилдөөлөр, ой жоруулар, пикирлер, маалымдамалар көп чыкты. Бирок алардын арасынан “Сынган кылыч” сындуу жалпы элдик сүймөнчүккө арзыган китеп чыкпай жатат. Мунун себеби эмнеге байланыштуу болуп жатат?

Абдыкадыр Садыков: – Чыгарма жазгандын баары эле мыкты эмес. Эми анан советтик доорго көп тийишпей эле коелу. Андан кийин көп эле тарыхый чыгармалар пайда болду. Эми ошолордун ичинен мен көбүн окуп чыктым. Маселен, Т.Сыдыкбековдун “Көк асабасы” кандай талашка түшүп, кыйла жыл чыкпай келгенин жакшы билебиз го. Сынчы Кеңешбек Асаналиев мурда унчукпай койду эле кийин аны Т.Касымбековдун “Кыргын” деген романына салыштырып макала жазып, анан анда Т.Касымбеков тарыхый фактыларга көбүрөөк ооп кетип, көркөмдүк жагын кичине аксатып алган деп атат. Т.Сыдыкбековдун “Көк асаба” романы жөнүндө жазганда көркөм чыгармада ойдон чыгаруу болуш керек, деп белгилейт. Төкөң өтө бир эргүү, шыктануу менен “Сынган кылычты” жазган. Андан кийин “Келкел” кичине саясатташып кеткен. 16-жылдагы көтөрүлүштү баяндаган “Кыргын”. Ошондо көп документтер бар. Алар көркөм образдарды бираз басып койгон. Тарыхый чыгармада көркөм образ болуш керек. Ошондой сындар болду. 4-китебинде Төкөң биринчи китебиндей деңгэлге чыга албай тургандай сезилди мага. Анан андан кийин Төкөңүн катарына чыга алчу чыгармаларды мен көрө албай турам. Мынабу “Кан Тейишти” окуп чыктым. Бул да өзүнчө тема, өзүнчө тарых. Муну да эл окуур.

– Токтобай мырза, кыргыздын өткөнүнө кызыгуу абыдан күчтүү. Баатырларга арналган романдар чыкты. Бул жагынан алганда ушу азыр тарыхый романдардын гүлдөө доору деп айтсак болобу?

Токтобай Мүлкүбатов: – Мен тарыхый темага арналган чыгармалардын көбүн окуп жүрөм. Совет доорунда бул темадан жүрөкзаада болуп аны жакшылап чагылдыра албай келсек, эгемендик келгени аны өз деңгээлинде сүрөттөй албай келатабыз. Тарыхтын те түпкүрүнө сүңгүгөнүбүз менен аны Төкөңдүн деңгээлинде, Төкөңдүн талантындай бере албай жатабыз. Мен да Карахандар дооруна кайрылып, көп нерселерди карап чыктым. 8-9-кылымдан 15-кылымга созулган Карахандар доору өтөле терең экен. “Манаста” Карачоро деген жүрбөйбү. Ал 2-кылымда Карачурин деген падыша болгон экен. Күлчоро – Куличурин Тонукөк менен дос болуп жүргөн баатыр экен. Тонукоктүн кызы Бообек кытайлардын элчиси менен ойноп кетип, кыргыздарды сатыптыр. Аны уккан Тонукөк кан аскадан бой ташташка кайыл болуп кырдын үстүндө турса ошол Күлчоро досу келип сактап калып жатпайбы. Мына ушул маалымат Ашкабаттын илимдер академиясынын архивинде жатат. Мындай маалыматтарды көп келтирсе болот. Ирандын шахы Коркмуз Кытайдын жибеги гректерге өтүп кетпесин деп аракет кылган экен. Карачоро Грузиянын падышасы менен сүйлөшүп Кавказ жолун ачып, жибек жолуна журт-журт кылып, соодагерлерди коштосун үчүн кондурган экен. Кумык деген эл бар. Нака кыргыз тилинде сүйлөйт. Кыргызды даңктаса болот. Кыргыздар азыр кайра жаралуу доорун башынан кечирип жатат. Бул чоң нерсе. Ал мекенчилдикке алып барат.

– Абдыкадыр агай, өткөнгө кызыгуу күч алууда. Мына быйыл Мурас жылы деп жарыяланып, 15 томдук тарыхыбызды жазуу иштери колго алынып жатат. Мунун улуттук өнүгүүгө тийгизчү таасири кандай?

Абдыкадыр Садыков: – Улуттун өнүгүшүнө тийгизчү таасири өтөле чоң. Тарыхтын канча кыйынчылыгынан өтүп, урушуп-талашып, согушуп-урушуп азайган эл мына азыр 3 миллиондон ашуун. Азыркы жаштар тарыхты окушу керек. Тарыхтын өзүн окуйбу же анын көркөм чындыгын окуйбу мунун тарбиялык чоң мааниси бар. Биздин келечегибиз үчүн мааниси чоң. Бирөөлөр тарых боюнча экзамендерди ала коюп өткөн төрөлөр менен баатырлардын эмне кереги бар четке кагышкан. Ошол кан төрөлөр, баатырлар элди сактап келген. Аны жаштар билишсин.

– Токтобай мырза, сиздин пикир.

Токтобай Мүлкүбатов: – Быйылкы жылды мурас жылы деп жарыялаганыбыз менен биздин мурастарыбыз каякта жатканын биле элекпиз. “Манасты” кытайлар улуттук азчылыктын материалдык эмес мурасы деп ЮНЕСКОго жаздырып алышып ушу азыр кичине түшүнбөөчүлүккө чейин барып жатабыз. Биздин мурастарды казактар эң сонун пайдаланып жатышат. Кутлуг менен Тонукөктүн сөздөрү жазылган чоң таштарды Оркун-Энесайдан алып келе алышпай миллион долларга көчүрмөсүн жасатып, Астанадагы Л.Гумилев атындагы университеттин алдына орнотуп салышты.

– Анда эмесе кебибизди жыйынтыктасак. Сиздерге чыгармачылык ийгилик каалайм!

Бекташ Шамшиев, “Азаттык”, 16.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.