ЖУСУП АБДРАХМАНОВ

usup11901-жылы 28-декабрда Ак-Суу районундагы Чиркей айылында туулган.
Орус-тузем мектебинин 3-классын Сазановка (Ананьево) айылынан бүтүргөн.
Бул мектепте К.Тыныстанов, А.Жээнбаев, Т.Забировдор окушкан.

1914-жылы Караколдогу баштапкы окуу жайда окуп, 1916-жылы Үркүндүн айынан окубай калган. Үркүндө 7 бир тууганы, ата-энеси каза болот.

1917-жылы Кытайдан келип, ар кимге жалданып иштеген.

1919-жылы Кызыл Гвардиянын катарына өтөт.

1919-жылы декабрь айында оорусуна байланыштуу аскер кызматынан бошоп калат.

1919-жылы Түркстан комсомолунун Президиумунун мүчөсү.

1920-жылы РКСМдин III съездинин делегаты.

1920-жылы Пишпек уездик комитетининуюштуруу бөлүм башчысы.

1924-жылы 24-мартта Түркстан ЦИКтин жооптуу секретары.

1924-жылы ноябрь Облпартбюронун экинчи секретары.

1925-жылы Москвада (ЦК РКП) инструктор.

1927-жылы облисполкомдун орун басары.

1927-1933-жылдары облсовнарком, председатель.

1933-жылы сентябрда ЦК РКП (б) бюросунда иштен бошотулат.

1933-жылы октябрда партиянын катарынан чыгарылат.

1934-жылы 4-апрелде камакка алынат.

Коюлган күнөө: Совет өкмөтүнө чыккынчылык менен бөлүп-жаруу иштерин уюштурган. “Социал-Туран” партиясына катышкан. Совет өкмөтүн кулатуу жана Кыргызстанды союздан бөлүп чыгып, улутчул-буржуазиялык бийликти орнотуу менен Англия мамлекетине жармакташууну көздөгөн.

1956-жылы СССРдин Жогорку Сотунун согуш коллегиясынын чечими менен акталган.

1938-жылы 5-ноябрда атылган.

XX кылымдын башында кыргыз калкынын бакты-таалайына жарк этип жанып, тоталитардык режимдин кандуу капшабынан күлгүн жаш курагында кырчындай өмүрү жазыксыз кыйылган Жусуп Абдрахмановдун ысымы көп жылдар бою айтылбай да, жазылбай да келген. Элибизди эгемендикке жеткирген азыркы эркин заманда биз Жусуп Адрахмановдой эрте өчкөн “көмүскө” жылдыздарыбызды кайрадан жандырууга мүмкүндүк алдык.

1996-жылы баш калаабызда кыргыз мамлекетин негиздөөчүлөр үчүн аллеясы ачылып, эң биринчилерден болуп Жусуп Абдрахмановдун эстелик айкели тургузулган. Баш калаабыз Бишкектин Совет көчөсүнө анын ысымы ыйгарылып, өнүп-өскөн кичи мекени Караколдо да айкели орнотулду. Бүгүнкү биздин мамлекетибиздин эгемендик алышы Жусуп Абдрахмановдой инсандардын эрдиги менен эмгегинин үзүрү эмеспи. Өткөн кылымдын башында коом өзгөрүп, улут тагдыры чечилип жаткан орчундуу кезеңде Жусуп Абдрахманов башка замандаштары сыяктуу эле Кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөөдө кылымга тете кызмат кылган. Жусуп Абдрахманов революциячыл процесске 17 жашар боз улан чагынан аралашкан. Кийинчерек, теги ак сөөк тукумунан болсо да, революцияга бүткүл дити менен акыр-аягына чейин чексиз берилгенин жазып кеткен. Совет бийлигинин курамындагы кичинекей Кыргызстан, азып-тозгон кыргыз журту өзүнчө эл катары сакталып, эртеңине ээ болуусуна зор мүмкүндүк аларын эң сонун түшүнгөн. Жусуп Абдрахманов элибиз эзелтен эңсеген эркиндикке жетүү үчүн небак колдон учкан мамлекеттүүлүктү кайрадан калыбына келтирүү зарылдыгын көрө билип, кыска өмүрү ушул асыл үмүт тилекти жүзөгө ашырууга арналган. Ушундай улуу максатка баш байлаган көкжалдыгы, заманынан озгон орус-батышчыл билимдүүлүгү, инсандык жана терең интеллектуалдык негизге таянган иш билги жетекчилик сапаттары, улуттук адис кадрлар аябай тартыш тарыхый-турмуштук кырдаал аны бүткүл Түркстан аймагынын атактуу лидерине айлантты.

XX кылымдын 20-жылдарынын башында Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы Арабаев жана башкалар менен бирдикте Жусуп Абдрахманов Түркстан Республикасынын курамында Тоолуу кара Кыргыз автоном областын куруу идеясын көтөрүп чыккан. Бул идеяны көтөрүүдө алар төмөнкү үч нерсени эске алышкан: Биринчиден, Түркстан аймагынын ар кайсы тоо этектеринде көчмөн жашоо кечирген кыргыз урууларынын башын бириктирүү керек болгон. Экинчиден, эрки чектелүү болсо да, өзүнчө область катары баш кошкон элибиз үчүн муну менен социалдык-экономикалык жана рухий- маданий жактан өз алдынча өнүгүүгө, жергиликтүү кыргыз кадрларын өстүрүүгө өбөлгө түзүлмөк. Үчүнчүдөн, ошо кезде Орто Азияны улуттук-аймактык принципте жиктөө маселеси жаңыдан козголуп жаткан. Мындай коомдук жагдай-шартта Тоолук Кыргыз автоном областы болочоктогу улуттук-мамлекеттик түзүлүшүбүзгө омоктуу негиз болмок. Бирок, Жусуп Абдрахманов менен Абдыкерим Сыдыков башында турган кыргыз саясатчыларынын бул демилгеси биздин калкыбыздын өзүнчө журт сыпатында өсүп-өркүндөшүн анча каалабаган Түркстан Республикасынын айрым жетекчилери менен кай бир жергиликтүү бийлик төбөлдөрү тарабынан каршылыкка учураган. Калкыбыздын өзүнчө кереге калап, түндүк көтөрөйүн деген асыл тилеги, аны жүзөгө ашырмакчы болгон Жусуп Абдрахмановдой азаматтарыбыздын аракети канчалык азап-тозок, кандай гана драмалуу окуялар менен коштолгон. Алсак, 1922-жылдын 4-июнунда чакырылган Тоолуу Кыргыз областынын уюштуруу съездинде жер-жерге, уруу-урууга бөлүнүп, араздашкан делегаттардын арасында мушташ чыгып, натыйжада Сталиндин түздөн-түз көрсөтмөсү аркылуу съезд таркатылган. Сталиндин буйругу менен таратылган съездден кийин Тоолуу Кыргыз областын түзүү аракетине буржуазиячыл улутчулдуктун көрүнүшү, ага демилгечи болушкан Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы Арабаев жана Жусуп Абдрахмановдорго буржуазиячыл улутчулдар деген жалган жалаа тагылган. Бирок, ушундай өтө опурталдуу саясий айып тагылганына карабай, эли-журтунун тагдыры үчүн кара башын канжыгага байлап, беттеген максатынан кайткан эмес. 1924-жылдын январында Түркстан автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы Советтеринин XII съездинин бүт кыргыз делегаттарын уюштуруп, алар Москвага атайын кат менен кайрылышкан. Катта партиялык жана мамлекеттик бийликтин борбордук аппаратына Түркстанда өзбектер, тажиктер, кайсак-кыргыздар менен жанаша өмүр сүргөн дагы бир улут -кара кыргыздар бар экендиги белгисиз бойдон калып жаткандыгын кабарлашкан. Мындай акыбалды тилиндеги, жашоо мүнөзүндөгү, чарба жүргүзүүдөгү окшоштуктарына карап, европалыктар кайсак-кыргыздар менен кара-кыргыздарды бир улут катары кабылдап жүргөнү менен байланыштырышкан. Түркстандык айрым жетекчилердин кара-кыргыздар менен кайсак-кыргыздарды бириктирип, бир улутка айландыруу аракети катуу сынга алынган. Каттын авторлору, биринчиден, кыргыздардын ушундай “белгисиз” абалына байланыштуу алар жашаган көпчүлүк аймактар социалдык-экономикалык жана саясий иш-чаралардан сыртта калганына басым жасашкан. Анткени, область түгүл, уездик башкаруу аппараттарын кураганда да улуттук фактор эске алынган эмес. Экинчиден, кара-кыргыз маданиятын көтөрүү милдети партия тарабынан да, Совет бийлиги тарабынан да талаптагыдай жолго коюлбай жатканына тынчсызданышкан, Үчүнчүдөн, караламан кара-кыргыз эмгекчи өкүлдөрүн партиялык-мамлекеттик кызматка тартуу иши өтө солгун болуп жатканына жогорку партиялык жана мамлекеттик органдардын көңүлүн бурууга далалат жасашкан. Кыргыз элинин өз алдынча өнүгүшүнө шарт түзүү максатында алар коммунисттик партиядан кара кыргыздарды башка улуттар – өзбектер, түркмөндөр, тажиктер, кайсак кыргыздар менен бир катарда өзүнчө улут катары таанууну талап кылышкан. Кара кыргыз эмгекчилеринин өкүлдөрүн партиялык жана мамлекеттик бийлик органдарына кеңири тартуу маселесин коюшкан. Кара кыргыз калкынын арасында алардын өз эне тилинде маданий-агартуу иштерин жүргүзүү үчүн, окуу куралдарын чыгарууга мамлекеттик каражат бөлүүнү өтүнүшкөн. Кыргыз автоном областын куруу үчүн болгон кызуу күрөштүн экинчи этабында жергиликтүү советтик партиялык жетекчилердин ортосунда Кара Кыргыз автоном областы кайсы республиканын карамагында болушу керек деген маселеде курч карама-каршылык келип чыккан. Худайкулов баш болгон бир тарабы жаңы областтын казак калкынын курамында курулушун жактаган. Бул кыргыз журтчулугун акырындап жүрүп олтуруп, өз алдынча элдигин жоготуусуна кириптер кыла турган өтө тобокел жол экенин Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы Арабаев жана Жусуп Абдрахманов дароо баамдашкан. Андыктан, алар областыбыздын РСФСРдин карамагында болушу үчүн кара жанын карч уруп кармашышкан. Ошентип, Жусуп Абдрахманов баштаган топ жеңишке жетишип, 1924-жылдын 14-октябрында Советтердин бүткүл Россиялык борбордук аткаруу комитети РСФСРдин курамында Кара Кыргыз автоном областын түзүү жөнүндө тарыхый токтом кабыл алган. Жусуп Абдрахмановдун жана анын жаншерик пикирлештеринин кыргыз элибиз кылымдар бою эңсеп келген өз өлкөсүнө ээ болуу максатын жүзөгө ашыруу үчүн жүргүзгөн баатырдык күрөшү ушундайча байсалдуу аяктаган.

Бүгүнкү эгемендигибиздин пайдубалы дал ошол күнү түптөлүп, Жусуп Абдрахмановдун жаштык жалынын берип, жан сабаган аракетинин алгачкы акыбети кайткан. Жогорудагыдай айыгышкан тирешүүлөрдүн айынан 1925-жылдын март айында болуп өткөн биринчи областтык партиялык конференцияда Жусуп Абдрахманов обкомдун курамына да, өз билим, тажрыйбасына ылайык башка бийлик кызматына да шайланбай калган. Ал бүткүл Россиялык коммунисттик большевиктер партиясынын Орто Азия бюросунун демилгеси менен Ташкенте чакырылып, уюштуруу бөлүмүнүн орун басар жетекчиси, ал эми 1925-жылдын августунан 1926-жылдын апрелине чейин Москвада РКП(б) Борбордук Комитетинде инструктор болуп иштеген. Бул зор өлкөнүн башкаруучу партиясынын борбордук аппаратында кыргыз элинин өкүлү кызмат өтөгөн эң биринчи саамалык болгон. Партиялык жана Советтик бийликтин ушундай эң бийик баскычтарында эмгектенген убактарында Жусуп Абдрахманов жаңыдан жаралган Кыргыз автономиясын андан ары бекемдеш үчүн белсене киришкен. Натыйжада, 1925-жылдын май айынын акырында РСФСР Борбордук Аткаруу Комитетинин токтому менен Кара Кыргыз автоном областы Кыргыз автоном областы болуп аты өзгөртүлгөн. 1925-жылдын 25-27-ноябрында Кыргыз автоном областынын аткаруу комитетинин III сессиясы Кыргыз автоном областын автономиялуу республика кылып кайта түзүүнү жарыялаган. 1927-жылдын 7-мартында Кыргыз АССР Советинин биринчи уюштуруу съезди ачылган. Съезд Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлгөндүгү тууралуу Декларация кабыл алып, Борбордук Аткаруу Комитетин шайлаган. 1927-жылдын 12-мартында Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин биринчи сессиясында анын алгачкы төрагалыгына Абдыкадыр Орозбеков шайланып, Республиканын Эл Комиссарлар Советинин төрагасы болуп Жусуп Абдрахманов бекитилген. Ошону менен 26 жаштагы Жусуп Абдрахмановго жаңы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түп негизин иш жүзүндө түптөө боюнча тарыхый зор жоопкерчилик жүктөлгөн. Мына ушул аскар тоодой милдетти аркалап, биринчи Кыргыз Өкмөтүн жетектеп турган чагында өз алдынча ой жүгүртө билген билимдүү көсөм катары Жусуп Абдрахманов жаңыдан уюшулган улуттук мамлекеттик түзүмдөрдүн автономиялык укуктары чындыгында бир кыйла чектелгендигине, элеттик четжакалардын социалдык-экономикалык кызыкчылыктары менен тарыхый-маданий нарк-нускалары көп учурда этибарга алынбай, улут саясатында утилитаризм арааны үстөмдүк кыла баштаганына көзү жетип, ынана берген. Ушундан улам ал элинин ар-намысын жана улуттук-мамлекеттик укук-таламдарын тайманбай талашып келген демейдеги атуулдук күрөшүн кайрадан жаңы күч-кайрат менен улантууга мажбур болгон. 1920-жылдардын акырында, 30-жылдардын башталышында Кыргыз Автономиялуу Республикасы конституциялык-укуктук жагынан РСФСРга, экономикасынын мүнөзү жана географиялык жайгашуу жагдайы боюнча Орто Азия бийликтерине, ал эми саясий жактан жалпы Союзга көз каранды болгон үч кабат баш ийүүдө калган. Мындай абал жергиликтүү партиялык-советтик органдардын ишин, республиканын чарбалыкжана маданий өсүп-өнүгүшүн кыйындатып, практикада улут саясатынын бурмаланышына алып келген. Буга байланыштуу Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин төрагасы Жусуп Абдрахманов эки ирээт Сталиндин өзүнө кат менен кайрылып, көрсөтүлгөн кыйчалыш кырдаалдан чыгуунун бир аргасы Кыргыз АССРин Союздук республикага айландыруу экенин далилдеген. Кыргызстандын тышкы саясий мааниси жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү менен бирге калкынын 70 пайызы кыргыздардан турарын, 800 чакырымдан ашык аралыкта республика Батыш Кытай менен чектешерин баса белгилеген. Көрүнүп тургандай, Жусуп Абдрахмановдун баталгага баш байлап, улуттун тагдыры үчүн жеке турмушун тобокелге салып, тоталитардык системанын терс жактарын сындап, Сталиндин өзүнө тайманбай кат жазуусу чексиз эрдикти талап кылган. Жалпы жагдайы Кыргызстандан эч айырмасыз коңшу Тажикстан менен Түркмөнстан союздук республика статусун жыйырманчы жылдардын кап ортосунда эле алганына карабастан, Жусуп Абдрахмановдун 1928-жылы Сталинге жазган катындагы бул демилге кийин анын ашынган улутчулдугу катары бааланган. Акыры , 37 жашка жетпеген кырчын талдай курагында жылдыздай жанган жазыксыз жаш өмүрү өчүп, репрессия курмандыгы болгон. Азыр эрксизден эмне үчүн тоталитардык бийлик алды менен ушул Жусуп Абдрахмановдой көйкашка, көсөм адамдардын көзүн тазалаган деген суроо туулат. Демек, элди улуттук ар-намысы менен улуттук кадыр-касиетинен ажыратыш үчүн аны дээрин суутуп, рух-маданиятын жана акыл-парасатын жоюу керек болгон. Ошон үчүн ар бир элде өз улутунун интеллектуалдык рухий нарк-нускасынын даңкын чыгарып, калкынын мактанычына жана сыймыгына айланган философтор, адабиятчылар, ойчулдар, көсөмдөр эң биринчи жок кылынган. Кыска, бирок өрнөктүү өмүр кечирген, кыраакы жетекчи Жусуп Абдрахманов элибиздин эсинде эң ириде кыргыз мамлекетин түптөп, үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнап, бардык ишке жоопкерчилик менен мамиле жасаган инсан катары сакталып калмакчы. Жусуп Абдрахмановдун жана анын үзөңгүлөш таламдаштарынын кысталышта кыл чайнап, жан аябай кармашкан каармандыгы, келечекти көрө билген саясый кыраакылыгы менен бүгүн кылым кезген кыргыз журту өзүнүн мамлекеттик эгемендигине жана улуттук эркиндигине ээ болду.

* * *
1991-жылы Фрунзедеги “Кыргызстан” басмасынан жарык көргөн Ю.Абдрахмановдун “1916 год. Дневники Письма к Сталину” деген китебинен алынып которулган айрым маалыматтарды сунуш кылабыз.

Москва, 18 08-28-ж.
“Тагдырдын ” эрки менен кең, эң зор тарыхый доордун күбөсү болуп калдым. Ошондуктан, ар күн сайын көргөндөрдү, башыман өткөргөндөрдү, сезгендеримди тизмелөө тарыхка жетерлик кызык. Муну күндөлүктүн көмөгү менен жасаса болот жана аны жасаганга аракеттенем…

ххх
19.08.28-ж. Бир аз башыман өткөндөрдөн:
Ташкенттен Москвага жөнөдүм. Темир жол бутагы жөнүндөгү маселе боюнча баратам. Маселенин оң чечилерине ишенимим жок, бирок, акыркы чечимге: ооба же жок дегенге жетишүү үчүн баратам. Ушундайы жакшы. М.Н узатты. Вокзалда поездди күтүп, бир жарым сааттан ашык, аны менен сүйлөшүп отурдум. Ал менин өмүрүмдөгү чындап сүйгөн жападан жалгыз адам, аны менен бекем достошком…

ххх
23. 08. Москвага төрт жарым саат кечигип келдим. Бул Советтер Союзунда гана боло турган иш. Ал биздин темир жол транспортунун абалын мүнөздөйт.

ххх
21.09. Күн чоң жагымсыздыкты алып келди. Токмокко кетчү темир жол башкы сандан чыгарылып, башкалардын катарына кошулуп калыптыр. Башкача айтканда, ал эртең курулуш кезегинен алынып салынышы мүмкүн. Ким күнөлүү чама-чарк жетпейт?..

ххх
13.10. Шубриков менен эл комиссарларынын аппарат абалдары менен ишкерлерди башкарган кыргыз жетекчилери жөнүндө узакка сүйлөштүм. Уюштуруучулук жыйынтыктар керек. Бекерпоздор менен алыска узай албайсың…

ххх
23.10. Токбаевди кечээ жакында эле ОКнын катчылыгына сунуштаганымда Шубриков мүнөздөгөн: “Карьера үчүн бир сааттын ичинде жүз ирет ынанымын өзгөрткөн адам ОКнын катчылыгына жарабайт” . Бул мүнөздөмөдө чындыктын белгилүү үлүшү бар…

ххх
5.11. Биздин иштөө жөнүбүз эч нерсеге жарабайт. Отурумдарыбыз үзүлбөйт, иш болсо жок. Канча комиссияга катышарымды эсептеп көрдүм. Сегиз экен, анын ар бирине сөзсүз катышышым керек…

ххх
10.11.30. Чөнтөк дептерден

Бир ирет күндөлүк жүргүзүүнү колго алып, кийин таштап койдум. Күндөлүк жазуумдун себепчиси жеке өмүрүмдүн бир үзүмүн сактоо каалоосу болчу…

ххх
12.11.30. Эртең менен. Кубанычтуу сезимдер. Баялы менен сүйлөштүм. Жайнактын кечээки жоругуна күлдүк. Анын өзүнүн башынан бийик секирүү катары “Мен” дегени бар экени көрсөтөт.

ххх
29.11.30. ” Хан-Тенгри ” кинокартинасын көрдүм. Бир тууган жана тааныш жерлер. Кайра кайталангыс балалыгым калган жер. 1916-жылы Кытайга качкан жерлер. “Түз-Ашуунун” этегине, Эңилчек дайрасынын башталышында мен инимди түбөлүккө калтырган жер, ошол эле жерде атам ооруй баштаган.

ххх
31.12.30. 30-жылдын акыркы күнү. Бул жылды социалисттик курулуш майданындагы ири ийгиликтерге карабастан өлкөнүн чарбалык турмушундагы өзгөчө сабырсыздык шартында узатып отурабыз.

ххх
13. 1.1.с.3. Ош. Жашырынып Жалал-Абад базарында, бир нече чайканаларда, Кара-Сууда да болдум. Базар темасын кеп кылгандардын бири да аларга ийиндеш отуруп, сөздөрүн угуп отурганыма шектенишкен жок. Кызыл аскердин баш кийими менен чолок тон эң сонун билинбес кийим-кече болуп берди…

ххх
15.09.31. Сузак кыштагы. Бул жерге кечки саат сегизде он эки адамдан турган отряд менен келдим. Бул эрктүү отряд төрт украин жана сегиз кыргыздан турат. Сапарга чыгыш керек эле, бирок Жалал-Абаддагы МСБнын өкүлү отрядсыз кое бербеймин деп көшөрүп отуруп алды. ” Сиз үчүн атылып кетким келбейт”,- бул анын сөзү болчу…

ххх
2.10.31. Ош. Түштүктү Фрунзеге караганда Ташкент көбүрөөк жетекчилигине алат. ОКнын жана өкмөттүн директиваларын түштүк райондору Ташкентке караганда 5-7 күн кеч алышат. Кээде Фрунзе, Ташкенттин жазгандарын сөзмө-сөз көчүрүп алышат, райондогулар-Сиздер эмнеге акча коротосуңар деп сурашат.

ххх
22.06.31 Днепропетровеск. 20-сында М. менен эс алууга жөнөдүм. Кечээ Харьков трактор заводунун курулушун, бүгүн болсо Днепросшосд көрүп чыктым. Социалисттик курулуштун гиганттары өсүп чыгууда.

ххх
27.10.31. Одесса. Жети күн ичинде көптү көрүп, көптү билдим . Бул күндөрдүн сабагына баа жетпейт. Революциянын жоокери катары чыңалып, адам катары өзүмдү түшүндүм. Мен киммин? Социалисттик курулуштун өжөр жана көгөргөн кара жумушчусу жана жеке бактысын издеген мазасыз, бактысыз кыялкечи…

Жеке өзүнө . Жашыруун. Көптөн көп Урматтуу Сталин өзүмдүн катым менен партия үчүн жана бүтүндөй Советтер Союзу үчүн сиздин ушунчалык баалуу жана кымбат убактыңызды алдым деп эсептеймин. Мен ушуга чейин сизге кат жазууга батынган эмесмин, анда Кара Кыргызстандагы партиялык жана советтик жумуштардын абалын баяндамакчы болгом… Облустук партконференция Кара Кыргызстандагы ушул саптарды жазганды жана бир катар жооптуу кызматерлерди иштен бошотту. Бирок, маселе Ж. Сталин, мында дале эмес. Маселе Ж. Каменскийдин жетекчилиги астында РКП нын ОКнын жаңы курамы, кызматкерлердин тандоого, Облустук курулушка келгенинде кандайча отурат. Маселен түшүнүктүү болушу үчүн бир нече жолдор келтиремин. Жолдош Саадаев – РКПнын ОКнын катчысы, мурда партиялык жумушта түздөн-түз иштебеген, чала сабат. Башка мүчөлөрү жөнүндө, жогоруда көрсөтүлгөндөй, ошолордун өзүн кайталоого болот. Эгер биз Советтик чарбалык жана маданий мекемелерди ала турган болсок, ошонун өзүн байкоого болот. Мен, жолдош Сталин, дагы бир канча адамдардын аты-жөнүн атай алмакмын, буга анын кереги жок, маселе жеке курам жөнүндө эмес, түпкүлүктүү калктык ишке жарамсыз адамдарына жасаган РКП нын Обкомунун ээлеген багытында болуп жатат. Уюмдардын турмушундагы дагы бир кемчилик, уюмдун негизги массасына түшүнүксүз болгон партиялык иш кагаздардын орус тилинде жүргүзүлүшү. Эгер катыман каталарды тапкан болсоңуз сиз алар үчүн мени кечирип коюңуз. Мен нерселерди баалоодо ката кетирбей турган анчалык ири саясатчы эмесмин.

“Тарыхый мурас” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 15.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.