“Манас” эми жазуу түрүндө келди

Айкөл Манас” дастаны кылымдар бою жомок катары айтылып келе жаткан улуу “Манас” эпосун түрдүү имиштерден тазалап, андагы окуялардын реалдуулугун тактап, кээ бир өнүгүү себептерин түшүндүрүп, Манас атабыз тарыхый инсан экендигин далилдөөгө киришүүнүн илимий булагы болуп, азыркы учурда тарыхый дастан катары өз ордун ала турган абалга жетип калды.

Анткени “Айкөл Манас” дастанын изилдөөчүлөр, окумуштуу тарыхчылар, андагы окуяларды башка тарыхый булактарга салыштырып, изилдеп өз ойлорун, сын-пикирлерин айта башташты.

Бул чоң ишке киришүүнүн башаты болуп Курманбек Жумалиевдин 2005-жылы жарык көргөн “Жайсаң дастанын изилдөөгө киришүү” аттуу илимий-изилдөө иши, ошол эле жылы басмадан жарык көргөн “Эстутум, Кыргыз көчмөн цивилизациясы, Манас дүйнөтааным” жана кийинки жылдары жарык көргөн “Кыргыз жолу. Айкөлдүк. Салттуулук. Сулуулук” (2006-ж.), “Кыргызчылык” (2009-ж.) аттуу Асан Жакшылыковдун жана ошондой эле кыргыз тарыхын изилдөөчүлөрдүн бири профессор Өскөн Осмоновдун эмгектерин айтсак болот.

Асан Жакшылыков өзүнүн эмгектеринде “Айкөл Манас” дастанындагы окуяларды тарыхый изилдөөлөргө салыштырып, Чыгыштагы көчмөн элдердин отурукташкан элдерден болгон артыкчылыктарын талдап, ушул көчмөн цивилизациясы гана кыргыз элин сактап калганын далилдейт. Ошондой эле дастанда айтылгандай, кыргыз эли өзүн сактап калыш үчүн 7 жолу атын өзгөртүп – Күн, Усун, Сак, Бурут, Ууз, Кырк ууз, Кыргыз деп аталып, өзүн нечендеген тукум курут кылчу доорлордон аман алып калып, жер эненин ыйык чөлкөмүндө алмустактан бери жашап келе жатканын далилдеген.

Чынында эле ушул кезге чейин Асан Жакшылыковдой болуп Жайсаң атанын “Айкөл Манасын” тарыхый булактарга салыштырып, терең талдоого алып, өз пикирин билдирип, жыйынтык чыгарган эч ким боло элек эле.

Жогоруда айтылган изилдөөлөр чоң иштин башаты, алдыда дагы көптөгөн илимий изилдөөлөр күтүп жатат, анын ичинен эң башкысы Бүбү Мариам эжебиздин медитацияга чыкканын, медитация убагында абалын, деги эле пендечилигибиз, материалдык көз карашыбыз көп болуп ишене албай жаткан өзгөчө феноменин изилдөөгө киришүү керек эле. Мына ушул айтылган ойлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн жана “Айкөл Манас” дастанын дүйнөдөгү башка элдердин тилине которуу, кыргыз элинин руханий мурастарын сактоо максатында 2004-жылы “Кылым көчү” коомдук бирикмеси түзүлгөн.

“Кылым көчү” коомунун иш аракеттеринин негизинде “Айкөл Манас” дастанынын биринчи бөлүгүн казак тилине ыраматылык Майра Керим кызы которуп кетти. Майранын акыркы күндөрүндө Бүбү Мариам эженин Жайсаң атага жолугуу медитациясында төмөнкүдөй ыр саптар жана эженин сөздөрү бар:
“…Жашоого аз-көп дебей жалгандагы
жылдыздай жарык чачып калган жакшы.

Асманга из таштаган Ак Жылдыздай
Айтылсын атың элде унутулбай

Көрсө ошол күндөрдө эле “Өлбөстүктүн үрөнү” акын Майранын жан-досу, үйшөңдөрдүн Жайсаңынын Улуу Рухунун жанында чабыттап жүргөн белем (Айкөл Манас, 10-том).

Ал эми орус тилине биздин замандашыбыз, билими боюнча техник-метеоролог, адабият чөйрөсүнө мурун аралашпаган, кыргыз тилин билбеген орус кызы Татьяна Аладина (Татына) которуп бүттү. Буюрса, жакынкы аралыкта басмадан казак, орус тилдеринде чыгарууга аракет жүрүп жатат.

Биздин окурманыбыз Нурипа “Айкөл Манас” дастанын окуп чыгып, англис тилине которууну өзүнө алган. Жайсаң атабыздын “Айкөл Манас” дастанын дүйнө элдеринин тилдерине которууга окурмандарыбыз өздөрү келип жардам берүүгө даярдыктарын билдирип жатышат.

Ал гана эмес, Америкадагы Калифорния университетинин Антропология жана этнография кафедрасынын башчысы, профессор Апела биздин кыргыз кыздарынын ыйык “Айгине” коомуна чыгып, алар аркылуу Бүбү Мариам эжебизге жолугуп, кыргыз эли “Айкөл Манас” дастаны аркылуу дүйнө элине түп-тамырлуу, байыркы эл экенин далилдөөсүнө өзү тараптан болгон күчүн жумшоого аракет кыларын белгиледи.

Аягында “Айкөл Манас” дастанында айтылгандай, кыргыз элин аруулугу жана ыйыктыгы сактап, тарыхтын кыйынчылыктарына карабай Эгемендүү мамлекет болуп, куту кайрылып, кел-кели келип, улам күчкө толуп баратканын айта кеткенибиз абзел.

Биздин “Кылым көчү” коомдук бирикмесинин максаты – ошол келген кутту өнүктүрүп, келечек муундарга сактап берүүдө.

Ошондуктан аруулугубузду, ыйыктыгыбызды сактап, кыргыз элинин калың катмарына жеткирип, кыйынчылыктарга карабай, биримдиктүү болуп, мамлекетибиздин тезирээк телчигүүсүнө, тоолорубуздай бекем, бийик, таза болушуна бардыгыбыз өз салымыбызды кошолу. “Айкөл Манас” дастанында эң жакшы айтылган ушул асыл ойлорду элдин калың катмарына жеткирүүгө, аруулукка өнүм берүүгө түрткү бололу.

Акылбек ТҮМӨНБАЕВ, “Кылым көчү” коомдук бирикмесинин төрагасы,
«Кыргыз туусу («Кыргыз гезиттер айылы»), 19.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.