Түштүк Кореяда 10 кыргыз фильми көрсөтүлөт

Кыргыздын он мыкты фильми Корея республикасынын кинотеатрларында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик маданият агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Агентиктин башчысы Султан Раев КРнын Кореядагы элчиси  Туйгунбай Абдраимовдон Түштүк Кореянын кинотеатрларында  кыргыздын он мыкты тасмасын көрсөтүү тууралуу келишимге жетишилгендиги тууралуу кат алган.

Султан Раевдин айтымында, учурда атайын комиссияга көрсөтүү үчүн тасмалар тандалып жатат.

“Zpress.kg, 22.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.