Кыргызстандын кинематографисттери Локарнодогу кинофестивалда эмгектерин көрсөтүшөт

Кыргызстандын кинематографисттери Швейцариянын  Локарно шаарында боло турган 63-эл аралык кино фестивалда эмгектерин көрсөтүшөт. Борборазиялык  режиссерлорду кинофестивалга катышууга аталган иш-чаранын форум программасынын директору Мартина Малакрида чакырган.

Кино экперт Гүлбара Төлөмүшева билдиргендей, кинофестиваль  2010-жылдын 4 -14- августунда  Локарнодо өтмөкчү. Бул форумдун “Ачык эшиктер” программасы Борбор Азияга арналат. Фестивалга катышуу үчүн заявкалар ушул жылдын февраль айынын соңуна чейин Локарнодогу Эл аралык фестивалдын офисине жөнөтүлүшү керек. Жеңүүчү 50 миң доллар каржылык колдоо алмакчы.

Эске салсак, буга чейин  Локарнодо кыргыз киносу сунуштаган ”Кызыл алма”, “Селкинчек”, “Бешкемпир” жана башка тасмалар  көрсөтүлгөн. Бул тууралуу  АКИpress булагы кабарлады.

«Zpress.kg» МА, 25.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.