Айкөл Атанын батасы

Карегим, өтмөктүү доор азыр дагы
калайык-калкты сындап турган чагы.

Жалпы журт ата-баба салган нуктан
жаңылбай көч улашын тилеп турам.

Керт баштын камын эмес, ар бирөөңөр
калайман калкка мүлдө кам көрсөңөр.

Оңолсо пейил-көйү жалпы журттун,
ободон Теңир төгөт элге кутун.

Ал эми жаш-карысын кадырлабай
атадан калган салтын аруу тутпай,

намысты айырбаштап алтын-зерге,
назарды ачка буруп, обор кетсе,

Калааба-касирети өтмөк доордун
каптаарын, калкым, эске түйүп койгун!

Орошон журт тагдыры… учурунда
ордолуу Таласымды калчады да,

арадан канча кылым өткөн менен
атагы өчпөй келет ордо деген

бутубуз баскан жерди бизден кийин
баспады кимдер гана! Тагдыр чийин

Ууздун урпагына буйруп койгон,
урпагы ээлеп келет ошол бойдон.

Улуу Күч ушул доордо кутун төксө,
Урпагым, улуулугуң билет дүйнө!

Ордолуу жер соорусу Талас анда,
Орошон журт ордосу болот даана.

Ал мезгил алыс эмес – кут консо элге,
Ак тилек ашчу учур ирмем эле!

Бул сөзүм, урпактарым, келер чагың,
Бурулуп Теңир көөнү назар салсын.

(“Айкөл Манас”, 9-том, 323-б)
“Көк асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 19.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.