“Бир айлык маянам бир кап унга жетчү”

Кыргыздын чет жактарга кетип жаткан көптөгөн адистеринин катарында театр адистери да бар. Кыргыз театрынын эртеңи кандай болот? Казакстанда иштеп жаткан актер жана режиссер Батырбек Шамбетов менен “Сахна” тобунун актеру Илгиз Жунусов “Азаттыкка” кыргыз театрынын келечеги тууралуу ой бөлүшүштү.

Батырбек Шамбетов – жогорку театралдык билими бар кыргызстандык актер жана режиссер. Ал 10 жылга чукул убакыттан бери Казакстандын Петропавловск шаарындагы Сабит Муканов атындагы облустук театрда өз кесиби менен эмгектенип жатат. Жаш актердун чет өлкөгө кетишине жашоо шарттын жоктугу, айлык маянанын аздыгы себеп болгон:

Мен окууну жаңы бүтүп, мындан 10 жылдай илгери Касымалы Жантөшев атындагы Каракол облустук театрында иштедим. Айлыгым 400 сом эле. Бир кап унга гана жетчү. Үй-жай да жок. Келинчегим экөөбүз театрдын режиссерлор бөлмөсүндө бир жыл жашадык. Анан Казакстандан чакыруу болуп, кете бердим.

Илгиз Жунусов – белгилүү театр режиссеру, Нурлан Асанбеков жетектеген “Сахна” фольклордук тобун негиздөөчүлөрдүн бири.

Нурлан Жунусовдун айтымында, “Сахна” фольклордук тобунун түзүлүшүнүн башкы максаты –“Эпосторго жан салуу” долбоору аркылуу жаш муундар көп билбей бараткан кыргыз эпосторун музыкалаштырып, жаңы формада алып чыгуу болду. Бирок аталган долбоордун ишке ашышына Американын көркөм өнөр адистери колдоо көрсөтүп жатат:

– Вирлана Ткач Кыргызстанга келип, биздин оюндар менен таанышып, чогуу иштеше баштадык. Ал бизди Америкага да чакырып, ал жакта америкалык көрөрмандарга кыргыздын “Ак Мактым”, “Аксаткын менен Кулмурза” жана “Жаңыл мырза” кенже эпосторун тааныштырып кайттык.

Алдыда кыргыз эпосторун сахнага алып чыгууну “Сахна” тобу уланта бермекчи:

“Эпосторго жан салуу” долбоору менен “Манас” баш болгон кыргыз эпосторун сахнага алып чыгууну уланта беребиз. Кыргызда кырктан ашык кенже эпостор бар да.

Сабит Муканов атындагы Петропавловск облустук театрында эмгектенип жаткан кыргызстандык актер жана режиссер Батырбек Шамбетов кыргыз театралдык чыгармаларын казак көрөрмандарына тааныштырууну максат кылууда:

Өзүм иштеп жаткан театрда кыргыз композитору Насыр Давлесовдун “Аста секин колукту” чыгармасын мюзикл кылып казак көрөрмандарына казак тилинде даярдап жатам.

Кыргыз мамлекеттик Токтоболот Абдымомунов атындагы драма театры, мисалы, соңку бир жыл ичинде Кыргыз эл артисти Замир Сооронбаевдин айтымында, оңгулуктуу бир оюн койгон жок. Эл артистинин пикиринде, Кыргыз театр өнөрүнө мамлекет тарабынан кам көрүлбөсө, анын эртеңи коркунучта:

Кыргыз театры бүгүнкү күндө чын эле коркунучта. Анын эртеңине мамлекеттик камкордук болбой калды. Таланттарыбыз чет жактарга кетүүдө. Жаштар кантип кетпей койо алат, же айлык маяна дурус болбосо, же үй-жайы болбосо…

Фатима Абдалова, «Азаттык», 26.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.