Руханий-тарыхый, адабий-маданий “Нур эл” гезитинин биринчи саны жарыкка чыкты

27-январда руханий-тарыхый, адабий-маданий “Нур эл” гезитинин биринчи саны жарыкка чыкты. “Кыргызды өзүнө өзүн таанытуу, тарыхын билдирүү, каада-салтын жандандыруу, Манастын кудуретин касиетин жалпы элге жеткирүүгө аракет жасоо, тилин урматтап сыйлоого үндөө, улуттун мыкты адамдарын даңктоо аркылуу жаштардын улуттук мекенчилдик сезимдерин ойготуу бул гезиттин башкы максаты”, – дейт анын авторлору.

Гезит бетинен Айкөл Манас, кыргыздын тукуму тарыхы тууралуу маалыматтарды ала аласыздар. Мындан тышкары жаштар бул басылмадан ыймандуулук, ааламдын түзүлүшү илимий материалдар менен тааныша алышат.

Эң кызыктуусу кыргыздын улуттук каада-салты менен үрп-адатынын эрежелери жазылган. Азыркы жаштар арасында улуттук үрп-адат унутта калып, билбей турган мезгилде эң керектүү рубрика. Мындан тышкары редакция Манас, кыргыздын каада-салттары, кыргыздардын тарыхы тууралуу жаңы ачылыштар (фактылар менен) тууралуу жазылган материалдарга сынак жарыялайт. Анын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар каралган. Анын жыйынтыгы үстүбүздөгү жылдын июнь айында белгилүү болот.Гезит жумасына бир жолу чыгып турат.

М.Момуналиева, «Кабар» МА, 27.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.