Кыргызстан “Алтын витязь” эл аралык кинофорумга жолдомо алды

“Алтын витязь” эл аралык кинофорумга Кыргызстандык режиссер Айдос Токтобаевдин “Цивилизацияга саякат” жана Алидан Насыровдун “Жайыт” аттуу тасмасы катышууга жолдомо алды. Кинофорум 18-февралда Москвада өтөт. Аны Россия Федерациясынын жаратылыш ресурстары жана экология министрлиги кинематографисттер союзу менен бирдикте уюштурууда.

Форумда ааламдагы экологиялык өзгөрүүлөр, андагы көйгөйлөр талкууланат. Анда бардыгы болуп экология маселесин көтөргөн Россия, Азербайжан, Беларусия, Болгария,  Грузия, Украина жана Кыргызстандан 56 даректүү  кинотасма көрсөтүлөт.

М.Момуналиева, «Кабар» МА, 01.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.