Кыргызстандагы кыргыз улутчулдугунун абалы

Кыргыз улутчулдугунун тарыхый жана саясий негиздемеси

Улутчулдук – дүйнө жүзүндөгү негизги саясий платформалардын бири жана алардын эң туруктуусу. Ал табигый нерселерге негизделген. Анткени улут – дин, тап, үй-бүлө сыяктуу эле адамзат коомунун эң байыркы жана туруктуу уюмдашуу формаларынын бири. Улуттук баалуулуктар адамзаттын руханий казынасынын негизин түзөт.

Улут жана анын мамлекеттеги орду. “Улут” деген түшүнүк бүгүнкү күндө эки башка мааниде кабылданып жүрөт. Биринчиси этноско тиешелүү. Экинчиси субэтностук мааниде, мисалы “Америка улуту” деген сыяктуу түшүнүк. Бирок ал деле биринчи иретте мамлекеттин пайдубалын түзгөн улуттун кызыкчылыгына карата негизделет. Этностун улутчулдугу анын саясий абалына жараша болот. Эгерде ал мамлекеттин негизин түзсө, адатта анын маданияты, тили ж. б. үстөмдүк абалда болот жана ал мамлекет унитардуу формага ээ болот. Бирок мамлекеттин негизин түзүп, ошол эле учурда тилин, маданиятын унутуп калган улуттар да бар. Мисалы, Ирландияда ирланд тилин билгендер 20% гана түзөт экен. Улутчулдукту ошондой эле оң жана терс багыттагы деп шарттуу түрдө бөлгөндөр да бар. Башка улуттагыларга үстөмдүк кылууга умтулуп, зомбулук көрсөтүүнү башкы идеологияга айландыруу терс багыттагы улутчулдук катары сыпатталат да, анын эң кескин түрү болуп фашизм эсептелет. Анын скинхеддер, неофашисттер сыяктуу формалары азыр да жашап жатат. Ал эми оң багыттагы улутчулдук улуттун укуктарын саясий күрөштүн мыйзамдуу жолдору менен коргоого, анын маданиятын жана тилин жайылтууга багытталат да, башка улуттагылардын укугуна терс таасир тийгизбейт. Жалпы жонунан унитардуу мамлекеттерде мамлекеттин түпнегизи болгон, андагы көпчүлүктү түзгөн эл өз маданиятын, тилин жана баалуулуктарын өзү жашаган өлкөдө башкы орунга коюуга аракет кылышы саясий чөйрөдө табигый аракет катары кабыл алынат жана “көпчүлүктүн бийлиги” катары таанылган демократиянын принциптерине да туура келет. Азыр көптөгөн талдоочулар “Мамлекет – тарых жолунда улутту (элди) калыптандыруу куралы” деген жыйынтыкка келишкен. Федеративдик же конфедеративдик түзүлүшкө ээ болгон мамлекеттер тууралуу кеп башка, бирок анда да мамлекеттик түзүлүш анда жашаган улуттардын катышына жараша калыптанат.

Кыргыз улутчулдугу Кыргызстанга эмне үчүн керек? Кыргызстанда кыргыздар – тарыхый жактан өлкөнүн негизин түзгөн жана басымдуу көпчүлүккө ээ болгон калк. Биздин өлкө кыргыз элинин атын алып жүрөт жана унитардуу мамлекет болуп эсептелет. Ушул негиздерден улам, баштапкы идея боюнча Кыргызстанда кыргыз тили бирден-бир мамлекеттик тил, кыргыз маданияты негизги маданият, кыргыз эли өз мамлекетинин ээси болуп, өлкөдөгү башка улуттарга ата ордуна боло турган жоопкерчиликти ала билүүгө тийиш эле. Тилекке каршы, Кыргызстанда тескерисинче кыргыз улутунун саясий, руханий, экономикалык кызыкчылыктары эң арткы орунга жылып, азыркы дүйнөлөшүү заманында биздин өлкө ислам дүйнөсүнүн, жаңы орус империясынын, Батыштын, Кытайдын жана коңшулаш мамлекеттердин таасири астында калды. Түндүк аймактарда орус тили, түштүктө өзбек телеканалдары үстөмдүк кылып, исламдын күч алышы менен араб шовинизмине жол ачылып, шаар элинде батыш маданияты негизги орунду ээлеп, экономикада Кытай товарлары өздүк өндүрүштүн баш көтөрүшүнө шарт түзбөй турган кези. Кыргыздардын башка өлкөлөрдүн жарандыгын улам көбүрөөк алып жатканы, кыргыз кыздарынын чет элдиктерге, башка улуттардын өкүлдөрүнө улам көбүрөөк турмушка чыгып жатканы кыргыз улуту да, Кыргызстан мамлекети да алар үчүн башкы орунда болбой, баркын-баасын жоготуп бараткандыгын эң даана көрсөтүп турат. Мындай таасир күндөн күнгө күч алып, кыргызстандыктардын да, алардын негизин түзгөн кыргыз элинин да аң-сезимин, келечегин көкбөрү тартып кетчүдөй абалга жетти.

Кыргыз улутчулдугунун азыркы абалы
Мындай тышкы таасирлерге кыргыз улутчулдугу каршы туруп, өлкөнүн өзгөчөлүгүн, ар-намысын, келечегин сактап кала турган бирден-бир күч болушу керек эле. Бирок азырынча кыргыз улутчулдугу түйүлдүк абалда турат. Практикалык жактан кыргыз улутчулдук идеясын маданият тармагында жайылтып, кыргыздын жок болуп кеткен баалуулуктарын кайрадан жандандырган бир тууган Шерниязовдорду, кыргыз саясий системасынын түпкү негизин улуттук идея менен негиздеп чыккан Чоюн Өмүралиевди, кыргыз өнүмүн өлкө ичинде жайылтууну алгачкылардан болуп баштаган Табылды Эгембердиевди жана башка адамдарды эске албаганда, кыргыз улутчул идеясына практикалык салым кошкондор жокко эсе. Кыргыз улутчулдугунун орчундуу кемчиликтери же “балалык оорулары” бул кыймыл менен олуттуу саясий күч катары эсептешкенге мүмкүнчүлүк бербейт. Ал кемчиликтер кайсылар?

1. Жомокто баатыр, жоодо жок. Биринчиден, кыргыз улутчулдарынын бир тобунда ашкере мифологизация, болгондо да стратегиялык жана практикалык жактан эч кандай пайда алып келбей турган, илимий чөйрөдө айныксыз таанылбаган, ошондуктан жалпы эле кыргыз улутчул кыймылын уятка калтыра турган мифологизация күчтүү. Албетте, мифологизация кыргыздарга эле эмес, дүйнөнүн көп элдерине таандык көрүнүш. Айталык, жапондор өздөрүн Күндүн пиринен тараганбыз деп эсептейт. Бирок мисалы, кыргыздын тегин эчак сөөгү сөпөт, устуканы упат болгон арийлерге же сыйкырдуу нурга барып такагандан эч нерсе чыкпайт. Андан азыркыдай чегарабыз чегинип, калкыбыз каңгып, калыстык качып, мамлекеттин мүлкү көз көрүүнө таланып, тилибизге тибиртке чыгып аткан жаткан кейиштүү абалы жакшы жагына өзгөрүп кетпейт.

Ал эми өздөрүн кыргыз улутчул кыймылына кошкондордун бир топтору өткөнгө ашкере маани бергени менен, улуттун астында турган азыркы конкреттүү, бирок абдан актуалдуу практикалык проблемаларды чечкенге жүүнү бош, чечмек тургай, аларды ойлонуудан качкан учурлары жетишерлик. Аларга байланышкан күнүмдүк, келечектүү жана стратегиялык маселелер, айрыкча геосаясат менен ички саясатка, экономикага таандык маселелер тыкыр изилдөөнү, туруктуу позицияны, ошого жараша күн сайын жасала турган конкреттүү аракеттерди жана саясий эркти талап кылат. Кыргыздын интеллигенция, айрыкча чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн арасында көп учурда бул тууралуу ойлонгусу, позициясын айткысы келбеген, коркок, куру кыял менен жашаган адамдар арбын. Ал эми улутчулдук – бул ата-бабалардын жетишкендиктерине сыймыктануу эле эмес, бул жарандык активдүүлүктү, мамлекеттин маанилүү маселелерине, анын ичинде башкаруу системасына, менчиктин түрлөрүнө, өлкөнүн байлыгына, коррупция жана кылмыштуулук сыңары терс көрүнүштөргө, тышкы саясатка ж. б. карата жарандык бекем позицияны, ал тургай ошол позиция үчүн башын саюуга даяр турган саясий эркти жана жоопкерчиликти талап кылган платформа.

2. Жай кийгенин кыш кийген жарды кайдан байысын. Экинчиден, кыргыз улутчулдарынын арасында улутка тиешелүү кайсы баалуулуктар эскиргендиги, улут азыркы оомал-төкмөл дүйнөгө өзү менен кошо кандай баалуулуктарды ала кириши керектиги тууралуу илимий жактан иштелип чыккан, кыргыз элинин баарын ээрчитип кете ала турган позиция жокко эсе. Улут кайсы кемчиликтеринен арылышы керек, өзүнүн тагдыры жана ар-намысы үчүн күрөштө кандай жаңы сапаттарга ээ болушу керек, кандай салттардан кескин баш тартып, эмнелерди кайра башынан үйрөнүшү керек? Өлкөдөгү башка улуттарды өз тилине, маданиятына, бооруна тартып, бирдиктүү эл кылып алыш үчүн эмне кылыш керек? Аларды кой, өзүбүздөгү уруучулдукту, жердешчиликти кантип жеңебиз? Кыргыздын менталитетине, тарыхый басып өткөн жолуна жана тажрыйбасына  ылайык башкаруу системасы, улут саясаты, тышкы саясаты, экономикалык саясаты кандай болууга тийиш? Мына ушулардын баары тең кыргыз улутчулдарынын кыйласын азырынча жетиштүү ойлонткону сезиле элек, бирок чындап келсе терең ойлонто турган маселе.

Кыргыз улутчул кыймылынын авангарды
Кыргыз улутчул кыймылынын негизги таянычы жана келечеги кыргыз жаштарынын колунда. Ушу тапта студенттик жана андан улуураак курактагы жаштар арасында, чет өлкөдө окуп-иштеп жаткандардын ичинде активдүү, практикалык маселелерди ойлонгон, туруктуу жарандык позициясы бар, көптү билүүгө умтулган кыргыздын улан-кыздары пайда болду. Көз тийбесин деп, убагы келгиче аттарын атабай кое туралы. Азырынча алар салыштырмалуу аз, бирок туура багыт берип, туура жол көрсөтсө, улуу муундагылардын айрым “ит ооруларынан” оолак сактап, бапестеп өстүрсө, жакшы саамалыктарына жардам берсе булардын канат-бутагы жайылып чыга турган жолдор көп. Эгемендик алган 15 жыл ичинде адашкан муундун арасында аң-сезими бузулбай сакталып калган ушул адамдык ресурсту коргоп калсак, жакынкы жылдары кыргыздын улуттук кызыкчылыгы тургай, Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыгын коргой ала турган жарандар өсүп чыгаар күн алыс эмес. Анда эмесе, ошолордун келечеги кең, түбөлүгү түз болушун тилейли.

Жыргалбек Касаболотов

Соц тармактар:

3 thoughts on “Кыргызстандагы кыргыз улутчулдугунун абалы

  • 17.04.2010 at 19:35
    Permalink

    Макала абдан жакты. Мен өзүм кээ бир (акысыз) программаларды акырындап кыргыз тилине которуп жүрөм, бирок, өзүмө окшогон кыргыз тилин өркүндөтүү максатын көздөгөн кыргыз жигиттерин, кыздарын көрө элекмин. Дизель форумунда элди үгүттөгөнгө аракет кылсам, бир-эки адам эле көңүл бурса, башкалары “маңкурттанышат”…

    Сиздер менен жолугуп, улутубуз,келечегибиз, колубуздан келчү аракеттерибиз жөнүндө жолугуп, сүйлөшүп турсак жакшы болмок деп ойлогом…

    Баса, көп эле кыргыздар, уиндоусто кыргыз тилинде текст терүү ыкмасы бар экенин билишпейт экен. Андыктан, ошол ыкманы сүрөттөп, дизель форумуна илип койгом. Балким кереги тийип калаар, шилтемеси мына: http://diesel.elcat.kg/index.php?showtopic=3730430&st=0
    Блогуңар, анда жасалган эмгегиңер үчүн алкышын айткан Мурат.

    Reply
    • 12.05.2010 at 09:37
      Permalink

      Рахмат пикириңирге.
      Мен да сизге окшош бир-эки баланы билем. Ар-бири өз алдынча күйүп-бышып жүрөт. Баарыңардын аракетиңерди бириктирсе жакшы болот эле. Эми Дизельге негизинен орус тилдүүлөр кирет да. Ошондуктан тилектештерди аз таба алдыңар. Жолуксак болот. Менин телефонум (Марат) 0770 45-10-83. Ал эми макаланын автору Жыргал Касаболотовдуку 0772 28-60-52.
      Шилтемеңер үчүн чоң рахмат. Колдонобуз.
      Марат Токоев

      Reply
  • 25.05.2010 at 08:53
    Permalink

    Урматтуу мырзалар! Кыргыз улутчулдугу жөнүндө биринчи жолу бул сыяктуу сайт, блог, макала көрүп жатам. Мен дагы айтыла кеткен “күйүп-бышып” жүргөндөрдүн арасындамын. Мурат мырзанын айткандарына кошулуп мен дагы сиздер менен жолугуп, улутубуз,келечегибиз, колубуздан келчү аракеттерибиз жөнүндө ой пикир жүргүзүп, улутчулдук кыймылын өнүктүрүүгө салым кошсок деген ойдомун. Марат мырза жана Жыргал мырзанын берилген телефондорун уруксатынар менен жазып алдым. Кыргызстанга келеер келбес, байланышканга аракет кылам. Жасаган эмгегинер үчүн чон рахмат. Терең урматтоо менен Кантемир.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.