Султан РАЕВ, Маданият агенттигинин жетекчиси: “Кытайлар жан-дүйнөңөрдөгү “Манаска” кол салып,алып кеттиби?”

Кытай мамлекети тарабынан “Манастын” ЮНЕСКОнун тизмесине катталышы коомчулукта ар түрдүү көз карашты жараткан дүрбөлөңдү пайда кылды. Ачуу сындар айтылды. “Манасты” коргоо жана даңазалоо үчүн “Манас Эл” кыймылы түзүлүп, иш алып бара баштады. Мына ушул багытта иш алып барууга түздөн-түз тиешеси бар, руханий дөөлөттөрүбүздү, маданий асыл баалуулуктарыбызды кадырлап-барктоочу, даңазалоочу тармакты тейлеген, Мамлекеттик маданият агенттигинин жетекчиси Султан Раев менен бүгүнкү күндүн чуулгандуу окуясынын тегерегинде сөз кылдык.

Кытай мамлекети тарабынан “Манастын” ЮНЕСКОнун тизмесине катталышы, коомчулукта ар түрдүү көз карашты жараткан дүрбөлөңдү пайда кылды. Ушул багытка кеңири токтолуп кетсеңиз?
– Бул маселеге түшүндүрмө берип кетүүгө туура келип турат. ЮНЕСКОнун 2003-жылы эл аралык конвенциясы кабыл алынган. Ошол эр аралык конвенциясынын негизги критерийи – жоголуп бараткан материалдык, руханий мурастарды сактап калуу. Мурас чыгармалар дөөлөтү – элдики. Маселен, Кыргыз Республикасынын “Манас” эпосу деп эмес, кыргыз элинин “Манас” эпосу деп айтабыз. Ошондуктан, Кытай тарабынан репрезентивдүү тизмеге кирген “Манас” эпосу, Кытайдын Кызыл-Суу автономиялуу областындагы “Манас” жөнүндө сөз болуп жатат. Ошол жердеги 170 миң кыргыздар, “биз жашап жаткан чөлкөмдө “Манас” өнөрчүлүгүбүз жоголуп бара жатат, ушуну репрезентивдүү тизмеге киргизип бергиле” – деп кайрылып суранышкан. Коомдук уюмдардын, чыгармачыл уюмдардын, элдердин кайрылууга акысы бар. Элге туура түшүндүрүп коюш керек. Кеп ошол Кызыл-Суу автономиялуу областындагы “Манас” өнөрчүлүгү жөнүндө болуп жатат. Ал жерде “Манас” Кытай Республикасынын руханий дөөлөтү деп жазылып турган жок. Андай таптакыр сөз жок. Ошол жерде жашаган бүтүндөй кыргыз элинин “Манас” өнөрчүлүгү тууралуу сөз жүрүп жатат. Ошон үчүн репрезентивдүү тизмеге жоголуп бараткан же жоголуу коркунучунда турган руханий мурастар кирет. Мындай жагдайга Кытайдагы кыргыздардагы “Манас” айтуучулук өнөрү тушугуп жаткандыктан, ЮНЕСКОнун тизмесине кабыл алынган. ЮНЕСКОнун репрезентивдүү тизмесинин негизги критерийи ошондой. Бул тизменин ачылганына эки эле жыл болду. Эч ким билбейт. Болгону 42 мамлекет конвенцияга кол койгон.

Ошондой болсо да, мындай көрүнүштү Кытайда жашаган боордошторубузга жамынган кытайлардын кыйды саясаты катары бааласа болобу?
– Буга чейин Кыргызстан тарап 2001-жылы “Манас” эпосун киргизели деп берген. Бирок, ЮНЕСКО кабыл алган эмес. Себеби, Кыргызстан – “Манастын” мекени, автору. Кыргызстандын аймагында “Манас” эпосунун жоголуп кетишине эч негиз жок деп баш тарткан. Бирок, бизге “силердеги төкмөлүк айтыш өнөрү, дастан өнөрү, манасчылык өнөр жоголуп баратыптыр, ушул өнөрлөрдү киргизгиле, биз буларды аткаруу өнөрүнүн шедеври катары каттайлы” – деп, суранышкан. Анан 2003-жылы булар тизмеге кирген. 2004-жылы ЮНЕСКОнун башкы директору Коитиро Мацура Бишкекке келип, манасчылык, төкмөлүк, дастанчылык дүйнөлүк шедеврлердин тизмесине киргендигин айтып, сертификатын берген. Ошол шедевр деген тизме 2006-жылы токтогон. Анткени, бул мамлекеттики эмне үчүн шедевр болуп, биздики мамлекеттик шедевр болбойт, эмне себептен бир мамлекеттен, бир мамлекетти кемсинтесиңер деген нааразычылыктар пайда болгон. Ошондон улам, мындай тизме жоюлуп, 2006-жылы материалдык эмес мурастардын эл аралык конвенциясы кабыл алынган. Ошол конвенцияда жоголуп бараткан мурастарды каттаган тизме түзүлгөн. Мына ошондой тизмеге Кытайдагы Кызыл-Суу автономиялуу областындагы кыргыздардын манасчылык өнөрү кирген. Өзүңөр жакшы билесиңер, бир жарым миллиард кытайдын арасында манасчылык эмес, кыргыздардын өздөрү жок болуп кетүү коркунучунда. Ошондуктан, алар манасчылык өнөрүбүз жок болуп баратат деп дүйнөлүк колдоого муктаж болуп, тизмеге киргизишкен. “Манасты” сактап калсак, бир жарым миллиард кытайдын арасында жок болуп кетпей, дилибизди сактап калабыз деген аракетти көрүп жатышат. Анын эмнеси жаман. Ошол себептен, кыргыздардын эпосун тартып алды, каттатып алды дебеш керек.

Коомчулукта “Манастын” Кытай мамлекетинин атынан катталышынын өзү, руханий байлыгыбызды тартып алгандык деген сөздөр болуп жатпайбы?
– 1995-жылы Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) дүйнөүн 120 мамлекети “Манас” эпосу – кыргыз элинин руханий дөөлөтү экенин бир добуштан колдоп, резолюция кабыл алышкан. Ошонун ичинде Кытай мамлекети да бар. Ал эми финндердин “Каллевелласын”, гректердин “Илиада”, “Одиссеясын”, индиялыктардын “Махабкаратасын” ж.б. элдик чыгармаларын да БУУ дүйнөлүк шедевр катары тааныган эмес. БУУ бир чечим кабыл алгандан кийин, ал түбөлүктүү чечим. Акыр заман келгенге чейин, “Манас” – кыргыздардын эпосу деп тура берет. Ошондуктан, бул жерде “Манасты” тартып алды дебей, туура түшүнүп айтыш керек. Айрымдар “репрезентивдүү тизмеге кайрадан киргизели” – деп айтып жатпайбы. Анда эмне, биз “Манасыбыз” жок болуп бара жатат деп тааныйбызбы? Уят эмеспи. Эмне үчүн бизден кыйын индиялыктар, финндер, гректер эпосторун ал тизмеге кийирбейт. Себеби, алар билет, эпосунун жоголуп кетпешин. Бизде деле ошондой. “Манас” университети, “Манас” ордени, Манас району, айылы бар. Бир кездерде “Манастын” жети осуяты менен байланышкан идеология иштеп чыкканбыз. “Манасты” изилдеген окумуштууларыбыз бар. Мындан ары да, “Манас” боюнча иш-чараны жайылтып, өркүндөтө беришибиз керек. Анан эле, “Манасты” алып кетти, тартып кетти” – деген сөздөр абсолютно туура эмес. “Манасты” бербейбиз, эч кимге тарттырбайбыз, мындан ары да көкөлөтүп көтөрөбүз дегендер, “Манаска” күйгөндөр. Анан эле түшүнүп-түшүнбөй эле, коомчулукка туура эмес маалымат тарата берүүгө болбойт да. Эмне, Кытайлар филармониянын астындагы “Манасты” алып кеттиби? Текчеңдеги “Манасты”, болбосо, жан-дүйнөңөрдөгү “Манаска” кол салып алып кеттиби? Ким көрдү, каякка алып кеткенин? Караңгы элдин башын айлантып, саясатташтыра берүүгө болбойт.

Албетте, мунун баары “жел болбосо, чөптүн башы кайдан кыймылдасын” дегенден улам чыгууда. Бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлде “Манасты” даңазалоого, жайылтууга карата кандай иш-чара көрүлүп жатат?
– Мектепке чейинки өспүрүмдөргө жана 1-3-класстын окуучуларына багыштап, 15 сериядан турган “Манас” боюнча беш-он мүнөттөн кылып анимациялык фильм (мультфильм) тарталы деп жатабыз. 820 миң сомдой каражат кетет экен. Бүгүнкү күндө сценарийи менен алектенүүдөбүз. Жаш балдар бардык нерсени бат кабыл алышат. Экинчиси, мамлекеттик “Манастын” кыргызча, орусча, англисче сайтын ачууга кам көрүүдөбүз. Буга дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан кире беришет. Үчүнчүсү, Бишкекте эл аралык, бүткүл дүйнөлүк эпостор фестивалын өткөзөлү деп жатабыз. Бул жерде эң негизги тема “Манас” тууралуу болот. Америкадан, Кытайдан, Австралиядан, Европа өлкөлөрүнөн келгендердин баарысы “Манас” жөнүндө сүйлөшөт. Алар “Манасты” чоң масштабдуу деңгээлде карап, катуу изилдешүүдө. Өткөндө америкалык окумуштуу “Манасты” “Библия” менен параллель коюп изилдеп келгенде, оозубуз ачылып калды. Биз болсо, Кыргызстандан чыкпай эле изилдеп жатпайбызбы? Нооруздан баштап борбордук аянтка алтынчы күн сайын, эки сааттан “Манас” уктуруу кылып, “Манас” айттырабыз. Дагы бир маселе, мурун кыргыздардын кыйындары, каймактары Ат-Башыдагы Чеч-Дөбөгө чогулуп, , эң талылуу маселелерди талкуулап, ынтымакка келели, бул маселе туура, мунусу жарабайт деп жыйын куруп турушкан. Ушул жерде чечилген маселелерди аткарбагандарды Чеч-Дөбөнүн тузу урат дешкен. Мына ошол байыркы көөнө салтты жандандыруу багытында, июль айында Чеч-Дөбөдө “Бакай кеңешин” өткөргөнү турабыз. Буга саясатчылардан, депутаттардан, коомдук ишмерлерден, маданият тармагындагы инсандардан, аймактардан болуп кырк адам катышат. Ошондо, “Манас”, маданият, ыйман, руханий дөөлөт жөнүндө сөз болот.

“Манастын” томдуктарын кайрадан басып чыгаруу маселесин карап жатасыздарбы?
– Публикация жагы да каралат. Академия менен иштешип жатабыз, “Манасты” китеп кылып басып чыгаруу боюнча. Буга чейин 1995-жылы чыккан. Эл адабиятынын сериясынын 26 томдугу жарык көргөн. Бирок, эч ким албай, текчелерде турбайбы. Өзүбүздөн да кетип жатат.

Элдин акчасы жоктугунан алалбай жаткандыр. Башкасын жөн эле коёлу, “Манастын” томдуктарын кайрадан басмадан чыгаруу жагын мамлекет колго алып, бекер таратуу жагы каралса кандай болот?
– Эмне үчүн “Манастын” баркын түшүрүп, бекер таратышыбыз керек. Тескерисинче, чын дилибизден “Манастын” кереметин сезип-туюп, барктап сатып алышыбыз зарыл. Бекер таратып берген оокаттын баркы болбойт. Окулбастан, китеп текчеде чаң басып турат. Азыр интеллегенциядан, жаштардан, ал түгүл саясатчылардан сурамжылоо жүргүзсөң, 80 пайызы “Манастын” сюжетин, маңызын, каармандарын билбейт. Анан калп эле “Манас” деп эле кыйкыра беришет. Кыйкырган менен иш бүтпөйт да.

Сиз Америкага барганда Голливуддагы кино компаниялары менен кенже эпосторду тартуу жагында сөз болгонун айтыңыз эле. Ушул жаатта кандай иштер жүрүүдө?
Кенже эпос эле эмес, “Манаска” деле кызыгып жатышат. Ошондо барганда “21-кылым Fox” кино компаниясынын Панич Санфорд деген жетекчисинин алдында, “Манас” эпосунун англисче китеби турганын көрүп таң калгам. Булар “Манасты” кино кылып тартканга аябай кызыгышууда.

Маектешкен Алмаз Темирбек уулу, “Форум” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 02.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.