Кыргыз жазуучусу Евразиялык жазуучулар союзуна кабыл алынды

Белгилүү кыргыз жазуучусу Турусбек Мадылбай Евразиялык жазуучулар союзуна кабыл алынды. Бул туурасында “Кыргызстандын жаңы адабияты” электрондук китепканасынын башкы редактору Олег Бондаренко билдирди.

Анын айтымында, союзга кирүү чакырыгы түрк жазуучусу жана “Калемлер Кардеши” журналынын редактору Йакуб Делиомероглынан келген. Ата мекендик жазуучунун айтымында, бул чакырууга ал небактан бери түрк авторлору Назым Хикметтин, Самим Кожагездин чыгармаларын которуп жүргөндүгү жардам берген болушу мүмкүн. Ал өзүнүн чыгармаларын да түрк тилине которот.

ЖТ, “Кабар” МА, 05.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.