Кыргызстан жазуучуларынын курултайы 20-февралда болот

Биз мурун маалымдагандай, Кыргызстандын улуттук жазуучулар уюмунун бир топ өкүлү өткөн жылдын соңунда Маданият жана маалымат боюнча мамлекеттик агенттигинде чогулуп, элдештирүүчү комиссия жана уюштуруучу комитет түзгөн эле. Элдештирүүчү комиссиянын курамындагы 30 киши өз арасынан болочок курултайга даярдык көрүү үчүн 14 кишини уюштуруу комитетине шайлаган. Жакында ошол Элдештирүүчү комиссиянын жана Уюштуруучу комитеттин мүчөлөрү вице-премьер-министр Тажикан Калимбетова жана Президенттин катчылыгынын жетекчиси Оксана Малеванаяга кат менен кайрылып, 2010-жылдын 30-январында Т. Калимбетованын кабыл алуусунда болду. Сүйлөшүүгө КР Маданият жана маалымат боюнча мамлекеттик агенттигинин мүдүрү С. Раев дагы катышты. Ошол жерде жазуучулардын көптөн бери созулуп келаткан чыр-чатагына чекит коё турган жалгыз ийкемдүү жол – курултай өткөрүү экендиги бийлик өкүлдөрү тарабынан баса белгиленди, ошондуктан жазуучулар аны тезирээк өткөрүшү керектиги айтылды.

Ушундай кырдаалдардан жана зарылдыктардан улам Кыргызстан улуттук жазуучулар уюмунун курултайын 20-февраль күнү саат 10до Бишкек шаарындагы Мамлекеттик тарых музейинин имаратында өткөрүүсү белгиленди.

Курултайдын иш тартибин бекитүү боюнча жыйын 6-февралда саат 10до Мамлекеттик тарых музейинде өтөт.

Турусбек Мадылбай, “Жаңы кыргыз адабияты”, 04.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.