Адамзат 65 миң жылдык тарыхы бар тилден кол жууду

Байыркы “бо” тилинде сүйлөгөндөр эми жок калды, дейт http://news.mail.

Акыркы изилдөөлөргө ишенсек, адамзат колдонуп келген тилдер, сейрек кездешкен жаныбарларга салыштырмалуу дүйнө бетинен батырак жоголууда. Эми бул цивилизациянын алгачкы жоготуусу.

Андаман аралдарында 85 жаштагы Боа Ср дүйнө менен коштошту. Аны менен “бо” тили да жоголду. Анткени Боа Ср учурда “бо” тилинде сүйлөгөн жападан жалгыз адам эле.

Окумуштуулардын айтымында, Андаман аралдарында жашаган элдердин биринин тили болуп эсептелген “бо” тилинин жашы 65 миң жылга жакын болчу. Ал биздин заманга чейин жашап келген эң байыры тидердин бири болчу.

Survival International сайтында “бо” тилинде аткарылган кыска ырды угуп, бул кандай тил болгондугу тууралуу бир аз түшүнүк алса болот.

Кызыктуу сандар:

–         Лигвисттердин эсебинде, учурда дүйнө жүзүндө 6809 тил бар. Бирок алардын 90%ынын ар биринде 100 миңге жетпеген адам сүйлөйт. Ал эми 46 тилде бирден гана адам сүйлөп, 50дөй адам сүйлөгөн тилдердин саны 357ни түзөт.

–         Миллиондон ашык адам сүйлөгөн тилдердин саны 200-250нү чамалайт. Эң кеңири тараган тилдердин катарына кытай, англис жана испан тилдери кирет.

–         Акыркы 500 жыл аралыгында дүйнө жүзүндө бизге белгилүү болгон тилдердин 4,5 % жоголгон, ошол эле учурда куштардын жана сүт эмүүчүлөрдүн арасындагы мындай жоготуулар 1,3% жана 1,9% гана түзөт. 1600-жылдан бери Түндүк Американын эли колдонуп келген 176 тилдин 52си толугу менен кайтарымсыз жоголгон. Австралиялык аборигендердин 235 тилинен 31и да жок болгон.

–         Кээ бир жоголуп бара жаткан тилдер адамзат үчүн эң маанилүү болуп эсептелет. Мисалы, Йели Дние тилинде (бул тилде Папуа Жаңы Гвинеа архипелагына караштуу Россел аралында жашаган эл сүйлөйт) түстөрдү сыпаттап классификациялоодо башка эч бир тилде кезикпеген үндөр жана сөздөр колдонулат.

Макала толугу менен бул жерде http://news.mail.ru/society/3345007/

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.