Жазуучу Узакбай Абдукаимовдун 100 жылдыгы белгиленет

12-февралда Улуттук университетте жазуучу Узакбай Абдукаимовдун 100 жылдыгына арналган илимий жыйын болот. Жыйында өзгөчө жазуучунун “Майдан” романы тууралу сөз жүрүп, дүйнөлүк опералык котормосунан ариялар аткарылат .

Узакбай Абдукаимовдун 100 жылдыгына арналган илимий жыйын Улуттук университетте аталган окуу жайдын филология факультетинин уюштуруусунда өтүп жатат. Жыйында сынчы Кадыркул Даутов Узакбай Абдукаимовдун жалпы чыгармачылыгы боюнча, түрколог Сулайман Каипов Абдукаимовдун кол жазмаларынын изилдениши тууралу жана адабиятчы Лайли Үкүбаева “Майдан” романы жөнүндө сөз сүйлөшөт.

Ал эми эл акындары Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев жана Караколдон Эргешбай Узакбаевдер Узакбай Абдукаимовду эскерип сүйлөшөт.

Докладдардан кийин Узакбай Абдукаимовдун чыгармачылыгына арналган маданий бөлүм да уюштурулуп жатканын маалымдады “Азаттыкка” иш чараны уюштуруу тобунун жетекчиси, сынчы-адабиятчы Садык Тиллебаев:

Узакбай Абдукаимов дүйнөлүк адабияттын мыкты өкүлдөрүнүн чыгармаларын которгон. Мына ушундай котормолорунун бири азербайжан композитору Музеил Газибековдун “Аршим Малалан” деген опералык либреттосу. Кыргыз опера жана балет театрынан Сапар Исмаилов баш болгон опералык артисттер либреттодон арияларды аткарышат. Анан Узакбай Абдукаимовдун атактуу “Эмгек маршы” деген, “Мекеним мейкин, күндүн нуру төгүлгөн” деген ыры бар эмеспи, бир кезде легендарлуу Парламент ушул ырды Кыргызстандын гимни кылабыз деп да чыгышпады беле… Мына ушул ырды студенттер хор менен аткарышат.

Кыргыз адабиятында согуш темасына жазуучулар Насирдин Байтемиров, Касымаалы Баялинов, Чыңгыз Айтматовдор кайрылганы белгилүү. Бирок алардын чыгармаларынан айырмаланып Узакбай Абдукаимовдун “Майдан” романы өзү согушка катышкандыктан, майданда жазылган күндөлүктүн негизинде жаралган.

Филология илимдеринин доктору профессор Лайли Үкүбаеванын айтымында Узакбай Абдукаимовдун “Майдан” романы Кыргыз адабиятчылары тарабынан терең изилдене элек:

– Узакбай Абдукаимовдун “Майданы” адабиятыбыздагы өзгөчө чыгарма. Себеби Кыргыз адабиятында Абдукаимовго чейин да, андан кийин да мындай – согуш панорамасын, майдандын жүрүшүн, ошол эле учурда ооруктагы турмушту бирдей сүрөттөп жазган чыгарма болгон жок. Мында адамдардын согуштун экстремалдык кырдаалдарындагы психологиялык ал-абалы, сезим-туйгулары окурманга абдан таасир эткидей жазылган. Негизи роман деңгээлинде изилдене элек.

Адабиятчы Садык Тиллебаевдин “Узакбай Абдукаимов жана “Майдан” талкуусу” аттуу сын китеби жакында экинчи жолу басылып чыкты. Садык Тиллебаевдин аталган эмгеги үч бөлүмдөн туруп, биринчи бөлүмүндө Абдукаимовдун ырлары жана орусча күндөлүгү жөнүндө, экинчи бөлүмүндө башка авторлордун сын макалалары тууралу, ал эми үчүнчү бөлүмүндө “Майдан” романы боюнча сөз жүрөт: Кечеде бул китеп окурмандарга таркатыларын да кабарлады “Азаттыкка” Садык Тиллебаев:

“Майдан” жөнүндө сөз, ал тууралуу талкуу, романдын жаңычылдыгы жөнүндө кеп – Кыргыз адабиятынын жаңы бийиктигин аныктаган сөз болгон. Ошол талкуулар менен менин ушул китебимен таанышууга болот. Китеп көлөмдүү, 206 беттен турат.

Фатима Абдалова, “Азаттык”, 03.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.