Жаңы сөздүк

Кыргыз тилине казык,
Кыргыз элине азык болсун!
Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү толукталып, жаңыртылып чыгарылганы жакшы болду. Антпесе, анын ордун боштук ээлеп, бабалар калтырган сөздөрдү урпактарга жеткирчү жолдорду отоо чөп басып, нукура кыргыз сөздөрүн жакшы түшүнбөгөн жаштар көбөйүп, аларды жазуу да, сүйлөө да азайып бараткандай эле…

Салмагы 3 кг. 900 гр. жана 1640 беттен турган кыргыз тилинин жаңы түшүндүрмө сөздүгү жарыкка чыкты. 1969-жылы басылган алгачкы сөздүктө 24 миңдей сөз камтылган болсо, ал эми сыясы кургай элек эмгекте 50 миңден ашык сөздөрдүн маанилери чечмеленип берилген. Мындан улам, 30-40 жылдан бери турмушубуздагы ар кандай өзгөрүү, жаңыланууларга жараша улуттук лексикабызга улам жаңы сөздөрдүн кошулуп жатканы байкалат.

Сөздүктөгү артыкчылыктардын бири катары – мурда атеисттик көз караштардан улам унутулуп, кирбей калган диний түшүнүктөр менен улуттук психологияны, менталитетти көрсөткөн элдик үрп-адат, каада-салт, ырым-жырым ж.б. байланыштуу сөздөрдүн алфавиттик тартип боюнча жайгаштырылганын айтсак болот. Андан сырткары, бул сөздүктөн советтик доордо колдонууга тыюу салынып, архаизм, историмзге айланып кеткен сөздөрдүн да кеңири түшүндүрмөлөрү бар.

– Илимий-техникалык прогресстин ар тараптуу багытта дүркүрөп өсүшү, чет өлкөлөр менен саясый, социалдык, экономикалык, маданий жана илимий байланыштардын тереңдеши менен биз, турмушубузда интернационалдык терминдерди, түшүнүктөрдү кадимки өз сөзүбүздөй эле пайдаланып калдык. Мисалы, мындан 20 жыл мурун компьютер, интернет, чөнтөк телефон дегенди билчү эмеспиз. Ал эми азыркы мезгилде бул сөздөр биздин күнүмдүк турмушубуздагы өтө көп колдонгон сөздөрүбүзгө айланды. Ошондуктан, башка тилдерден кирген ушул сыяктуу терминдердин түшүндүрмөлөрүн атайын иллюстративдик мисалдары менен китепке киргиздик,- дейт КРнын УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, профессор Абдылдажан Акматалиев. Анын айтымында, жаңы сөздүк “Манас” эпосунун академиялык басылмаларынан (С.Орозбаков, С.Каралаев), “Эл адабияты” сериясынын 30 томдугунан, “Залкар акындар” сериясынан (Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч, Жеңижок, Молдо Нияз ж.б.) ошондой эле, акын-жазуучулардын 70-жылдардан кийинки чыгарган эмгектериндеги мисалдар менен толукталган.

Бул эмгектин бет ачары жакында эле Кыргыз улуттук илимдер академиясында өткөрүлүп, ага кыргыздын тили, дили үчүн күйгөн сыймыктуу инсандарыбыздын баары келип катышышты. Алакан жайып ак баталарын берген ак сакалдар: “Бул китепти Гиннестин китебине киргизсе болот”, – деген ойлорун билдиришти.

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 05.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.