Бишкекте “Акындар акты сүйлөсүн” аттуу элдик фолклордук музыка кечеси өтөт

13-14-февраль күндөрү Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда “Акындар акты сүйлөсүн” аттуу элдик фолклордук музыка кечеси өтөт.

Анда өз чеберчилигин – Кыргызстандын эл артисти З.Үсөнбаев, Т.Актанов, манасчы Т.Бахчиев, Д.Сыдыков, белгилүү комузчулар, КРнын эл артисти С.Токтакунова, Н.Абдыракманов, Н.Уралиев тартуулашат.

Кечеге “Камбаркан” фолклордук-этнографиялык ансамбли да катышат. Мындан тышкары коноктор мамлекеттик К.Орозов атындагы элдик аспаптар оркестринин аткаруусунда улуу кыргыз композиторлорунун эмгектерин уга алышат.

Ал эми 12-февраль күнү филармониянын чоң залында “Эл шайырлары” фолклордук топтун чоң концерти болот. Анда дастан, манас, айтыш жана элдик улуттук ырлар тартууланат.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 10.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.